Условия использования сервиса «Самокаты Яндекс Go» / «Самокаты Яндекс Go» кызматын колдонуу шарттары

Условия использования сервиса «Самокаты Яндекс Go» «Самокаты Яндекс Go» кызматын колдонуу шарттары
Согласно настоящим условиям OcOO «Яндекс Деливери КейДжи» (далее — «Яндекс») предлагает любому дееспособному физическому лицу, достигшему 18-летнего возраста (далее — «Пользователь») воспользоваться сервисом «Самокаты Яндекс Go»(далее — «Сервис»), а также акцептовать настоящую оферту и заключить таким образом с Яндексом Соглашение, которое регламентирует правоотношения, связанные с использованием Сервиса (далее по тексту «Соглашение», или «Условия», или «Оферта») на нижеуказанных условиях. Бул шарттарга ылайык «Яндекс Деливери КейДжи» ЖЧК (мындан ары — «Яндекс») 18 жашка толгон (мындан ары «Колдонуучу») укуктук жөндөмдүү ар кандай адамга «Самокаты Яндекс Go» кызматын (мындан ары «Кызмат») колдонууну, ошондой эле бул офертаны акцептөөнү жана ошентип, Яндекс менен төмөндөгү шарттарда Кызматты колдонууга байланыштуу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Макулдашууну (мындан ары текстте «Макулдашуу», же «Шарттар» же «Оферта») түзүүнү сунуштайт.
Сервис предоставляет Пользователю функциональную возможность осуществлять поездки на СИМ Партнеров Яндекса. Правоотношения, регулирующие поездку на СИМ, возникают непосредственно между Пользователем и Партнером Яндекса, за исключением тех правоотношений, которые относятся к Яндексу согласно настоящим Условиям. Кызмат Колдонуучуга Яндекс Өнөктөштөрүнүн ЖМКда (жеке мобилдүүлүк каражаты) жүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. ЖМКда жүрүүнү жөнгө салуучу укуктук мамилелер Колдонуучу менен Яндекс Өнөктөшүнүн ортосунда, ушул Шарттарга ылайык Яндекске тиешелүү болгон укуктук мамилелерден тышкары, түз пайда болот.
ПОЖАЛУЙСТА, ВНИМАТЕЛЬНО ПРОЧИТАЙТЕ НАСТОЯЩИЕ УСЛОВИЯ ДО ПОЛУЧЕНИЯ ДОСТУПА К АРЕНДЕ СИМ. СУРАНЫЧ, ЖМКны ИЖАРАГА АЛУУДАН МУРУН БУЛ ШАРТТАРДЫ КЫЛДАТ ОКУП ЧЫГЫҢЫЗ.
ПОЛЬЗОВАТЕЛЬ (В ЧАСТНОСТИ, ВЫ) ПРИЗНАЕТЕ И ПОНИМАЕТЕ, ЧТО ИСПОЛЬЗОВАНИЕ СИМ ТРЕБУЕТ ОТ ПОЛЬЗОВАТЕЛЯ (В ЧАСТНОСТИ, ВАС) ОПРЕДЕЛЕННЫХ НАВЫКОВ И СОБЛЮДЕНИЯ УСЛОВИЙ, КОТОРЫЕ БУДУТ СПОСОБСТВОВАТЬ БЕЗОПАСНОМУ ДЛЯ ПОЛЬЗОВАТЕЛЯ (В ЧАСТНОСТИ, ДЛЯ ВАС) И ОКРУЖАЮЩИХ УПРАВЛЕНИЮ СИМ. КОЛДОНУУЧУ (АТАП АЙТКАНДА, СИЗ) ЖМКны КОЛДОНУУ КОЛДОНУУЧУДАН (АТАП АЙТКАНДА, СИЗДЕН) БЕЛГИЛҮҮ БИР КӨНДҮМДӨРДҮ ЖАНА ЖМКны КОЛДОНУУЧУ (АТАП АЙТКАНДА, СИЗ) ЖАНА АЙЛАНАДАГЫЛАР ҮЧҮН КООПСУЗ АЙДООГО ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ ШАРТТАРДЫ САКТООНУ ТАЛАП КЫЛААРЫН МОЮНГА АЛАТ ЖАНА ТҮШҮНӨТ.
ПОЛЬЗОВАТЕЛЬ (В ЧАСТНОСТИ, ВЫ) ПОНИМАЕТ РИСК НАСТУПЛЕНИЯ НЕБЛАГОПРИЯТНЫХ ПОСЛЕДСТВИЙ ДЛЯ СЕБЯ ИЛИ ОКРУЖАЮЩИХ ВСЛЕДСТВИЕ НЕСОБЛЮДЕНИЯ УСЛОВИЙ ИСПОЛЬЗОВАНИЯ СИМ, ОБЕСПЕЧИВАЮЩИХ БЕЗОПАСНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СИМ. КОЛДОНУУЧУ (АТАП АЙТКАНДА, СИЗ) ЖМКны КООПСУЗ АЙДООНУ КАМСЫЗ КЫЛГАН ЖМКны КОЛДОНУУ ШАРТТАРЫН САКТАБОО НАТЫЙЖАСЫНДА ӨЗҮ ЖЕ БАШКАЛАР ҮЧҮН ЖАГЫМСЫЗ КЕСЕПЕТТЕРГЕ АЛЫП КЕЛҮҮ КОРКУНУЧУН ТҮШҮНӨТ.
Аренда СИМ, а также использование функциональных возможностей Сервиса означает согласие Пользователя (в частности, Ваше согласие) с настоящими Условиями, а также с условиями иных регулирующих документов в полном объеме, без всяких оговорок и исключений. Если Пользователь (в частности, Вы) не соглашаетесь с настоящими Условиями полностью или в какой-либо части, то Пользователь (в частности, Вы) не может получить доступ к Аренде и каким бы то ни было образом использовать СИМ. ЖМКны ижарага алуу, ошондой эле Кызматтын функционалдык мүмкүндүктөрүн колдонуу Колдонуучунун (атап айтканда, сиздин) ушул Шарттарга, ошондой эле башка жөнгө салуучу документтердин шарттарына толук көлөмдө, эч кандай эскертмелерсиз же өзгөчөлүктөрсүз макулдугун (макулдугуңузду) билдирет. Эгерде Колдонуучу (атап айтканда, сиз) ушул Шарттарга толугу менен же жарым-жартылай макул болбосо(ңуз), анда Колдонуучу (атап айтканда, сиз) Ижарага мүмкүнчүлүк ала албайт же ЖМКны кандайдыр бир жол менен колдоно албайт.

Предоставление Сервиса регулируется настоящими Условиями, а также:

Кызматты көрсөтүү ушул Шарттар, ошондой эле:

Сервис также может предоставлять Пользователю функциональную возможность воспользоваться Сервисами Партнеров Яндекса, осуществляющих, в том числе, самостоятельную деятельность по предоставлению сервиса. В случае использования соответствующего Сервиса Партнера Яндекса, Пользователь должен согласиться с условиями использования Сервисов Партнеров, которые будут доступны к ознакомлению и принятию посредством функционала Сервиса. Кызмат ошондой эле Колдонуучуга Кызмат көрсөтүү боюнча өз алдынча иш-аракеттерди жүргүзө турган Яндекс Өнөктөштөрүнүн Кызматтарын пайдалануунун функционалдык мүмкүндүктөрүн бере алат. Яндекс Өнөктөшүнүн тиешелүү Кызматын колдонгон учурда, Колдонуучу Кызматтын функционалын аркылуу таанышуу жана кабыл алуу үчүн жеткиликтүү боло турган Өнөктөш Кызматтарын колдонуу шарттарына макул болушу керек.
Соглашение заключается на условиях присоединения к настоящим Условиям согласно статье 387 Гражданского кодекса Кыргызской Республики. Соглашение не является публичным договором по смыслу ст. 386 Гражданского кодекса Кыргызской Республики. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 387-беренесине ылайык ушул Шарттарга кошулуу шарттарында түзүлөт. Макулдашуу Кыргыз Республикасы Граждандык кодексинин 386 бер. маанисинде ачык макулдашуу болуп саналбайт.
Некоторые условия настоящего Соглашения могут применяться исключительно к конкретному городу или месту, в котором доступна Аренда или в котором предоставляются функциональные возможности Сервиса. В этом случае текст Соглашения может прямо содержать информацию о принадлежности условия Соглашения исключительно к конкретному городу или месту. Таким образом, Яндекс прямо отказывается от гарантий любого рода, которые условиями Соглашения не распространяются на конкретный город или место, в котором доступна Аренда или функциональные возможности Сервиса. Бул Макулдашуунун айрым шарттары Ижарага алуу жеткиликтүү болгон же Кызматтын функционалдык мүмкүндүктөрү берилген конкреттүү шаарга же жерге гана колдонулушу мүмкүн. Бул учурда, Макулдашуунун тексти түздөн-түз Макулдашуу шарттарынын белгилүү бир шаарга же жерге гана тиешелүүлүгү жөнүндө маалыматты камтышы мүмкүн. Ошентип, Яндекс Макулдашуунун шарттарына ылайык, Ижарага алуу же Кызматтын функционалдык мүмкүндүктөрү жеткиликтүү болгон белгилүү бир шаарга же жерге колдонулбаган ар кандай кепилдиктерден ачык түрдө баш тартат.
Яндекс оставляет за собой право вносить изменения в наименования кнопок в Приложения, упомянутых в настоящих Условиях, сохраняя при этом их функциональность. Яндекс ушул Шарттарда айтып өтүлгөн Колдонмолордогу баскычтардын атына өзгөртүүлөрдү, алардын функционалдуулугун сактап калып киргизүү укугун өзүнө калтырат.
1. Термины 1. Терминдер
1.1. Акцепт — согласие Пользователя с настоящими Условиями, предоставленное в порядке, предусмотренном Условием. 1.1. Акцепт — Колдонуучунун Шартта каралган тартипте берген ушул Шарттарга макулдугу.
1.2. Аренда — временная и краткосрочная передача Пользователю прав использования и владения СИМ в соответствии с его целевым назначением с момента начала Аренды до момента ее завершения по правилам, определенным настоящими Условиями. 1.2. Ижара — бул Ижарага алуу башталган учурдан тартып ал ушул Шарттарда белгиленген эрежелерге ылайык аяктаганга чейин анын максатына ылайык ЖМКны пайдалануу жана ээлик кылуу укугун Колдонуучуга убактылуу жана кыска мөөнөттүү өткөрүп берүү.
1.3. Арендный платеж — вознаграждение Партнера за предоставление Пользователю СИМ в Аренду. 1.3. Ижара төлөмү — бул Колдонуучуга ЖМК Ижарага бергендиги үчүн Өнөктөштүн сыйакысы.
1.4. Бронирование — закрепление выбранного Пользователем СИМ за данным Пользователем на период Бронирования, осуществляемое при наличии доступных СИМ после нажатия кнопки «ЗАБРОНИРОВАТЬ». 1.4. Брондоо — эгерде жеткиликтүү ЖМК бар болсо, «БРОНДОО» баскычын баскандан кийин Колдонуучу тандаган ЖМКны ушул Колдонуучуга Брондоо мезгилине арнап коюу.
1.5. ДТП — событие, возникшее в процессе движения СИМ и с его участием, при котором погибли или ранены люди, повреждены транспортные средства, сооружения, грузы либо причинен иной материальный ущерб. 1.5. ЖТК (жол транспорт кырсыгы) — ЖМК кыймылы учурунда жана анын катышуусу менен болгон, адамдар каза болгон же жаракат алган, транспорт каражаттары, имараттар, жүктөр бузулган же башка материалдык зыян келтирилген окуя.
1.6. Старт — платеж в фиксированной сумме, используемый для расчета Платы за Сервис, который начисляется после нажатия кнопки «ЗАБРОНИРОВАТЬ» или кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ» (в случае отсутствия Бронирования). 1.6. Старт — Кызмат Акысын эсептөө үчүн колдонула турган белгиленген суммадагы төлөм, ал «БРОНДОО» баскычын же «САПАРДЫ БАШТОО» (Брондоо жок болсо) баскычын баскандан кийин кошуп эсептелет.
1.7. Лицензионный платеж — вознаграждение Яндекса за предоставление Пользователю права использования Приложения в рамках предоставления Сервиса. 1.7. Лицензиялык төлөм — Кызмат көрсөтүү чегинде Колдонуучуга Колдонмону колдонуу укугун бергендиги үчүн Яндекстин сый акысы.
1.8. Лицензионное соглашение — лицензионное соглашение на использование программы Яндекс Go для мобильных устройств,размещенное в сети Интернет по адресу: https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement. 1.8. Лицензиялык макулдашуу — мобилдик түзмөктөр үчүн Яндекс Go программасын колдонууга лицензиялык макулдашуу, Интернетте: https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement дареги боюнча жайгаштырылган.
1.9. Приложение — модуль приложения Yandex Go для мобильных устройств, функционал которого позволяет Пользователям воспользоваться Сервисом, предоставляемое на основании Лицензионного соглашения. 1.9. Колдонмо — Yandex Go колдонмосунун мобилдик түзмөктөр үчүн модулу, анын функционалы Колдонуучуларга Лицензиялык макулдашуунун негизинде бериле турган Кызматты пайдаланууга мүмкүндүк берет.
1.10. Парковка — велопарковка или иная парковка, обозначенная в Приложении как зона для осуществления парковки СИМ, где Пользователь может завершить Аренду. 1.10. Токтотуу жайы — Колдонмодо ЖМК токтотуу жайы катары белгиленген, Колдонуучу анда Ижараны бүтүрө ала турган велосипед токтотуу же башка токтотуу жайы.

1.11. Партнеры — юридические лица или индивидуальные предприниматели, предоставляющие услуги Аренды СИМ на определенной территории, отдельно именуемые «Партнер».

Список Партнеров:

1.11.1. ОсОО «Промо Экспресс» (Регистрационный номер 161251-3301-ООО, Код ОКПО 29754754, ИНН 00509201610131, Адрес нахождения: г. Бишкек, Первомайский район, ул. Горького 27/1, офис 702).

1.11. Өнөктөштөр — белгилүү бир аймакта ЖМКларды ижарага берүү кызматтарын көрсөткөн өзүнчө «Өнөктөш» деп аталуучу юридикалык жактар же жеке ишкерлер.

Өнөктөштөрдүн тизмеси:

1.11.1. «Промо Экспресс» ЖЧК (Каттоо номери 161251-3301-ООО, ОКПО коду 29754754, СДН 00509201610131, Жайгашкан дареги: Бишкек шаары, Первомайский району, Горький көчөсү 27/1, 702-кеңсе).

1.12. Платное ожидание — период времени, отсчитываемый после окончания 10 минут после нажатия кнопки «ЗАБРОНИРОВАТЬ» до момента нажатия кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ» и/или после нажатия кнопки «РЕЖИМ ОЖИДАНИЯ» до момента нажатия кнопки «ПРОДОЛЖИТЬ ПОЕЗДКУ». 1.12. Акы төлөнүүчү күтүү — «БРОНДОО» баскычын баскандан кийин «САПАРДЫ БАШТОО» баскычын басууга чейин жана/же «КҮТҮҮ РЕЖИМИ» баскычын баскандан кийин «САПАРДЫ УЛАНТУУ» баскычын басууга чейинки 10 мүнөт аяктагандан кийин эсептеле турган убакыт аралыгы.
1.13. ПДД — Правила дорожного движения Кыргызской Республики, утвержденные Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 августа 1999 года № 421 «Об утверждении Правил дорожного движения и Основных положений по допуску транспортных средств к эксплуатации и обязанностей должностных лиц по обеспечению безопасности дорожного движения», в редакции, актуальной на момент Аренды. 1.13. ЖКЭ — Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 «Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелери, ижара учурунда актуалдуу редакциясы.
1.14. Плата за Сервис — Арендные платежи и Лицензионные платежи, подлежащие уплате Пользователем Исполнителям в соответствии с настоящими Условиями. 1.14. Кызмат акысы — ушул Шарттарга ылайык Колдонуучу тарабынан Аткаруучуларга төлөнүүчү Ижара төлөмдөрү жана Лицензиялык төлөмдөр.

1.15. Привязанная карта — одна или несколько банковских карт Пользователя, необходимых для осуществления оплат безналичным способом, данные которых доступны в Приложении в соответствии с Лицензионным соглашением, а также в учетной записи Пользователя в соответствии с Пользовательским соглашением сервисов Яндекса, размещенными в сети Интернет адресу: https://yandex.com/legal/rules, и условиями использования привязанных карт, изложенных в настоящих Условиях. Под Привязанной банковской картой также понимается любая банковская карта, привязанная к учетной записи Пользователя в сервисах Яндекса (в том числе привязанная при оформлении подписки на сервисах Яндекса либо до оформления подписки, либо после ее оформления). Для использования Сервиса Пользователь указывает следующие данные: имя владельца банковской карты, номер банковской карты, срок действия, защитный код. Если данные банковской карты верны, действительны и использование данной карты в рамках Сервиса технически возможно, указанная банковская карта приобретает статус Привязанной и может быть использована для осуществления платежей в соответствии с настоящими Условиями.

При привязке и использовании Привязанной карты Пользователь подтверждает и гарантирует указание им достоверной и полной информации о действительной банковской карте, выданной на его имя; соблюдение им правил международных платежных систем и требований банка-эмитента, выпустившего Привязанную карту, в том числе в отношении порядка проведения безналичных расчетов.

1.15. Байланган карта — маалыматтары Лицензиялык макулдашууга ылайык Колдонмодо жана Интернетте: https://yandex.com/legal/rules дареги боюнча жайгаштырылган Яндекс Кызматтарынин Колдонуучулук Макулдашуусуна жана ушул Шарттарда баяндалган байланган карталарды колдонуу шарттарына ылайык Колдонуучунун каттоо эсебинде жеткиликтүү болгон Колдонуучунун бир же бир нече банктык карталары. Байланган банк картасы дегенде ошондой эле Яндекс Кызматтарынде Колдонуучунун каттоо эсебине байланган (анын ичинде Яндекс Кызматтарыне жазылууну тариздөө убагында, жазылууга чейин же андан кийин байланган) каалаган банк картасы түшүнүлөт. Кызматты колдонуу үчүн Колдонуучу төмөнкү маалыматтарды көрсөтөт: банк картасынын ээсинин аты-жөнү, банк картасынын номери, жарактуулук мөөнөтү, коопсуздук коду. Эгерде банк картасынын реквизиттери туура, жарактуу болсо жана бул картаны Кызматтын алкагында колдонуу техникалык жактан мүмкүн болсо, көрсөтүлгөн банк картасы Байланган статусуна ээ болуп, ушул Шарттарга ылайык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

Байланган картаны байлоо жана колдонуу убагында Колдонуучу анын атына чыгарылган жарактуу банк картасы жөнүндө так жана толук маалымат бергендигин; эл аралык төлөм тутумдарынын эрежелерин жана Байланган картаны чыгарган эмитент-банктын талаптарын, анын ичинде накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин сактаганын тастыктайт жана ага кепилдик берет.

1.16. Расчетное время поездки — предполагаемый период времени, необходимый для совершения поездки от места нахождения СИМ до указанного Пользователем места назначения поездки, автоматически рассчитываемый в Приложении с учетом маршрута поездки и дорожной ситуации. Расчетное время поездки доводится до сведения Пользователя в Приложении и может изменяться в процессе поездки при изменении указанных параметров или при совершении Пользователем остановок во время поездки в режиме «Ожидание». 1.16. Эсептүү жол жүрүү убактысы — ЖМК жайгашкан жеринен Колдонуучу белгилеген баруу жерине чейин жол жүрүү үчүн зарыл болгон болжолдуу убакыт аралыгы, жолдун багытын жана жол кыймылынын абалын эске алуу менен Колдонмодо автоматтык түрдө эсептелинет. Эсептүү жол жүрүү убактысы Колдонмодо Колдонуучунун назарына жеткирилет жана жол жүрүү учурунда көрсөтүлгөн параметрлер өзгөргөндө же Колдонуучу жол жүрүү учурунда «Күтүү» режиминде токтогондо өзгөрүшү мүмкүн.
1.17. Сезон — период времени, когда Сервис доступен по заявкам Пользователей. О старте или окончании Сезона Пользователь оповещается в Приложении. 1.17. Сезон — Кызмат Колдонуучулардын суроо-талаптары боюнча жеткиликтүү болгон убакыт мезгили. Колдонуучуга Колдонмодо Сезондун башталышы же аягы жөнүндө кабарланат.
1.18. Сторона — Яндекс, Партнер или Пользователь, совместно именуемые Стороны. 1.18. Тарап — Яндекс, Өнөктөш же Колдонуучу, бирге Тараптар деп аталат.
1.19. СИМ — средство индивидуальной мобильности - электросамокат или электровелосипед Партнера, доступное для Аренды Пользователем согласно настоящим Условиям. 1.19. ЖМК – жеке мобилдүүлүк каражаты – бул Шарттарга ылайык Колдонуучу тарабынан Ижарага алууга жеткиликтүү Өнөктөштүн электр самокаты же электр велосипеди.
1.20. Тарифы — размер платы за Сервис, а также стоимость дополнительных услуг, оказываемых Пользователю в соответствии с настоящими Условиями, определенные и обозначенные в Приложении. 1.20. Тарифтер — Кызмат акысынын өлчөмү, ошондой эле Колдонуучуга ушул Шарттарга ылайык көрсөтүлө турган, Колдонмодо аныкталган жана көрсөтүлгөн кошумча кызматтардын наркы.
1.21. Зона начала и завершения Аренды (поездки) — территория города, обозначенная в Приложении как зона начала и завершения Аренды (поездки). 1.21. Ижаранын (жол жүрүүнүн) башталыш жана бүтүш зонасы — Колдонмодо Ижаранын (ол жүрүүнүн) башталыш жана бүтүш зонасы катары белгиленген шаардын аймагы.
1.22. Сервис Партнера — Сервис Партнера Яндекса, предоставляющий Пользователю возможность арендовать СИМ Партнера Яндекса. 1.22. Өнөктөштүн Кызматы — Колдонуучуга Яндекс Өнөктөш ЖМКсын ижарага алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү Яндекс Өнөктөшүнүн Кызматы.
1.23. Исполнители — Яндекс и Партнеры совместно. 1.23. Аткаруучулар — Яндекс жана Өнөктөштөр биргелешип.
2. Заключение Соглашения 2. Макулдашуу түзүү
2.1. Для заключения Соглашения и получения доступа к Аренде и иным функциональным возможностям Сервиса, Пользователь должен акцептовать Условия в порядке, установленном пунктами 2.1.1 – 2.1.3 Условий, а также согласиться с условиями Сервиса Партнера (если применимо), которые доступны к ознакомлению и принятию посредством функционала Сервиса. Акцепт считается совершенным Пользователем при условии выполнения им следующей совокупности действий: 2.1. Макулдашуу түзүү жана Ижарага жана Кызматтын башка функционалдык мүмкүндүктөрүнө жетүү үчүн Колдонуучу Шарттардын 2.1.1–2.1.3 бөлүкчөлөрүндө белгиленген тартипте Шарттарды акцептөөсү керек, ошондой эле Кызматтын функционалы аркылуу карап чыгуу жана кабыл алуу үчүн жеткиликтүү болгон Өнөктөш Кызматынин (эгер колдонсо) шарттарына макул болушу керек:
2.1.1. Пользователь предоставил достоверные сведения в объеме и способом, указанными в Приложении. Указанные данные запрашиваются Яндексом и предоставляются Пользователем перед доступом к Аренде (поездке). Если у Пользователя отсутствует Приложение и/или активная учетная запись в Приложении, то Пользователь должен произвести установку Приложения и/или произвести регистрацию учетной записи. 2.1.1. Колдонуучу Колдонмодо көрсөтүлгөн өлчөмдө жана тартипте ишенимдүү маалыматты берди. Көрсөтүлгөн маалыматтар Яндекс тарабынан суралат жана Колдонуучу тарабынан Ижарага (жол жүрүүгө) жетүү алдында берилет. Эгерде Колдонуучуда Колдонмо жана/же Колдонмодо активдүү каттоо эсеби жок болсо, анда Колдонуучу Колдонмону орнотууга жана/же каттоо эсебин каттоого тийиш.
2.1.2. Пользователь подтвердил ознакомление в полном объеме с текстом Условий и Регулирующими документами путем нажатия кнопки (смахивания переключателя вправо) «Я согласен с Условиями» или иного действия, которое будет предложено совершить Пользователю в качестве подтверждения и согласия с Условиями использования Сервиса в Приложении при первом нажатии кнопки «ЗАБРОНИРОВАТЬ» или кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ»; 2.1.2. Колдонуучу Шарттардын жана Жөнгө салуучу Документтердин тексти менен толук таанышканын «Мен Шарттарга макулмун» баскычын басуу (которгучту оңго сүрүү) же Колдонмодо «БРОНДОО» баскычын же «САПАРДЫ БАШТОО»баскычын биринчи жолу басканда Колдонуучуга Кызматты колдонуу шарттарын ырастоо жана аларга макулдук катары аткаруусу сунуштала турган башка аракетти аткаруу жолу менен ырастады;
2.1.3. Добавление Пользователем в Приложение Привязанной карты (при условии, что Привязанная карта не была добавлена ранее), и списание суммы в пределах 105 (ста пяти) сомов, необходимое для подтверждения точности и действительности данных Привязанной карты; в случае успешного прохождения транзакции указанная сумма возвращается Пользователю. Неуспешная попытка списания указанной суммы означает невозможность добавления данной Привязанной карты и невозможность получения доступа к Аренде или к иным функциональным возможностям Сервиса. 2.1.3. Колдонуучу тарабынан Колдонмого Байланган картанын кошулушу (Байланган карта мурда кошулбаган шартта) жана Байланган картанын маалыматтарынын тактыгын жана аныктыгын тастыктоо үчүн зарыл болгон 105 (жүз беш) сомдун чегинде сумманы эсептен чыгаруу; Эгерде транзакция ийгиликтүү болсо, көрсөтүлгөн сумма Колдонуучуга кайтарылып берилет. Көрсөтүлгөн сумманы эсептен чыгаруу боюнча ийгиликсиз аракет бул Байланган картаны кошуу мүмкүн эместигин жана Ижарага же Кызматтын башка функционалдык мүмкүндүктөрүнө жетүү мүмкүн эместигин билдирет.
2.2. Исполнители не несут ответственности или каких-либо обязательств по настоящему Соглашению в случае, если присоединение Пользователя к Соглашению в соответствии с п. 2.1 Условий невозможно по причинам, возникшим не по вине Исполнителей. 2.2. Эгерде Шарттардын 2.1-бөлүкчөсүнө ылайык Колдонуучунун Макулдашууга кошулуусу Аткаруучулардын күнөсүнөн болбогон себептерден улам мүмкүн болбосо, Аткаруучулар ушул Макулдашуу боюнча жоопкерчиликти же кандайдыр бир милдеттенмелерди тартпайт.
2.3. Пользователь соглашается, что Яндекс вправе проверять предоставленные в рамках п. 2.1 Условий данные любым законным способом, в том числе направить Пользователю запрос о предоставлении подтверждающей информации. Настоящим Пользователь ставится в известность и соглашается с тем, что в случае, если Пользователь не предоставит запрошенную подтверждающую информацию, необходимую для целей осуществления дополнительной проверки Пользователя, то Пользователю может быть ограничен доступ к Сервису. 2.3. Колдонуучу Яндекс Шарттардын 2.1-бөлүкчөсүнө ылайык берилген маалыматтарды каалагандай мыйзамдуу жол менен текшерүү, анын ичинде Колдонуучуга ырастоочу маалыматты берүү суранычын жөнөтүүгө укуктуу экенине макул болот. Ушуну менен Колдонуучуга Колдонуучуну кошумча текшерүүнү ишке ашыруу максаттары үчүн зарыл болгон талап кылынган кошумча маалыматтарды Колдонуучу бербесе, Колдонуучунун Кызматка кирүү мүмкүнчүлүгү чектелиши мүмкүн экендиги маалымдалат жана ал ага макул болот.
2.4. Яндекс не несет ответственности или каких-либо обязательств в случае, если акцепт Условий невозможен по причинам, за которые НЕ отвечает Яндекс. 2.4. Яндекс жооп БЕРБЕЙ турган себептерден улам Шарттарды акцептөө мүмкүн болбосо, Яндекс кандай жоопкерчилик же милдеттенме тартпайт.
2.5. Посредством акцепта Условий Пользователь подтверждает, что любые действия, осуществляемые в Приложении под его учетной записью,в том числе действия по безналичной оплате с использованием Привязанной банковской карты, совершены лично Пользователем. Все риски, связанные с несанкционированным использованием учетной записи или устройства Пользователя, лежат на Пользователе. 2.5. Шарттарды акцептөө менен, Колдонуучу Колдонмодо анын каттоо эсебинде жасалган бардык аракеттер, анын ичинде Байланган банк картасын колдонуу менен накталай эмес төлөм боюнча аракеттер Колдонуучу тарабынан жеке аткарылгандыгын ырастайт. Колдонуучунун каттоо эсебин же түзмөгүн уруксатсыз колдонуу менен байланыштуу бардык коркунучтар Колдонуучуга жүктөлөт.
2.6. Заключая настоящее Соглашение, Пользователь подтверждает, что он: 2.6. Бул Макулдашууну түзүү менен Колдонуучу төмөнкүлөрдү ырастайт:
2.6.1. Владеет русским языком или кыргызским языком на уровне, достаточном для прочтения и осознания смысла и значения Соглашения в случае акцепта Условий на русском или кыргызском языке соответственно.

2.6.1. Шарттарды орус же кыргыз тилдеринде акцептөө учурунда Макулдашуунун мазмунун жана маанисин окуу жана түшүнүү үчүн жетиштүү деңгээлде орус же кыргыз тилдерин билет.

2.6.2. Прочитал условия Соглашения, осознал значение и смысл указанных в нем документов, согласен с их содержанием и обязуется выполнять установленные ими требования, а также понимает все последствия заключения Соглашения и дальнейшего использования Сервиса и Приложения. 2.6.2. Макулдашуунун шарттарын окуп чыккан, анда көрсөтүлгөн документтердин маанисин жана мазмунун түшүнгөн, алардын мазмунуна макул жана аларда белгиленген талаптарды аткарууга милдеттенет, ошондой эле Макулдашууну түзүүнүн жана Кызматты жана Колдонмону андан ары колдонуунун бардык кесепеттерин түшүнөт.
2.6.3. Согласен с размещением в СИМ любого оборудования и любых технологий, позволяющих отследить и зафиксировать точные координаты СИМ, отследить процесс движения СИМ, состояние СИМ. 2.6.3. ЖМКнын так координаттарына көз салууга жана жазууга, ЖМК кыймылынын процессине жана ЖМК абалына көз салууга мүмкүндүк берүүчү ар кандай жабдууларды жана технологияларды ЖМКга жайгаштырууга макул.
2.6.4. Пользователь дает согласие на извещение Пользователя органами, осуществляющими административное производство по делам об административных правонарушениях, предусмотренных главой 21 (Правонарушения против порядка управления в сфере обеспечения безопасности движения и эксплуатации автомототранспорта и электротранспорта) Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях, с использованием любых доступных средств связи (телефонограмма, телеграмма, электронная почта, смс-сообщение) о дате, времени и месте составления протокола о правонарушении и рассмотрении дела по существу. 2.6.4. Колдонуучу Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар Жөнүндө Кодексинин 21‑главасында (Автомототранспорт жана электротранспорт кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы укук бузуулар) каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча административдик өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан Колдонуучуга укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн жана ишти маңызы боюнча кароо датасы, убактысы жана орду жөнүндө бардык жеткиликтүү байланыш каражаттарын (телефонограмма, телеграмма, электрондук почта, смс-билдирүү) колдонуу менен билдирүүгө макулдугун берет.
3. Предмет Условий 3. Шарттардын предмети
3.1. Условия устанавливают общие условия предоставления Пользователю Сервиса, а именно предоставления Яндексом права использования Приложения для Аренды СИМ Партнера, передачи Партнерами Пользователю СИМ в Аренду, а также оказания Пользователям дополнительных услуг (если применимо). 3.1. Шарттар Кызматты Колдонуучуга берүүнүн жалпы шарттарын, тактап айтканда, Яндекс тарабынан Өнөктөштүн ЖМКсын ижарага алуу үчүн Колдонмону колдонуу укугун берүү, Өнөктөштөр тарабынан Колдонуучуга ЖМКны ижарага берүү, ошондой эле Колдонуучуларга кошумча кызматтарды (бар болсо) көрсөтүү шарттарын белгилейт.
3.2. Сервис предоставляется Пользователю по заявкам, направленным Пользователем через Приложение посредством нажатия на кнопку «ЗАБРОНИРОВАТЬ» или кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ». 3.2. Кызмат Колдонуучуга Колдонуучунун Колдонмо аркылуу «БРОНДОО» баскычын же «САПАРДЫ БАШТОО» баскычын басуу жолу менен жөнөткөн суроо-талаптарынын негизинде көрсөтүлөт.
3.3. Пользователь вправе использовать Приложение на условиях простой (неисключительной) лицензии на территории Кыргызской Республики в течение срока действия Соглашения. Право на использование Приложения путем его установки на устройство Пользователя в целях регистрации учетной записи в Сервисе, а также использования ограниченной функциональности Приложения вне предоставления услуг Аренды СИМ предоставляется Яндексом Пользователю на безвозмездной основе. Право на использование Приложения путем Аренды СИМ предоставляется Яндексом на возмездной основе на условиях, определяемых настоящим Соглашением и заявки, направляемой Пользователем в порядке, определенном п. 3.2 настоящего Соглашения. 3.3. Колдонуучу Колдонмону Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жөнөкөй (өзгөчө эмес) лицензиянын шарттарында колдонууга укуктуу. Кызматта каттоо эсебин каттоо максатында Колдонуучунун түзмөгүнө орнотуу аркылуу Колдонмону колдонуу, ошондой эле ЖМКны ижарага алуу кызматтарын көрсөтүүдөн тышкары Колдонмонун чектелген функционалдуулугун пайдалануу укугун Яндекс Колдонуучуга бекер берет. ЖМКны ижарага алуу жолу менен Колдонмону колдонуу укугу Яндекс тарабынан ушул Макулдашууда белгиленген жана Колдонуучу тарабынан ушул Макулдашуунун 3.2-бөлүкчөсүндө белгиленген тартипте жөнөтүлгөн суроо-талап шарттарында акы төлөө негизинде берилет.
3.4. СИМ предоставляется Партнером Пользователю в краткосрочную аренду для личного некоммерческого использования. 3.4. ЖМК Өнөктөш тарабынан Колдонуучуга жеке коммерциялык эмес колдонуу үчүн кыска мөөнөттүү ижарага берилет.
3.5. Использование Сервиса Пользователем регулируется настоящим Соглашением, а также Регулирующими документами. 3.5. Колдонуучунун Кызматты пайдалануусу ушул Макулдашуу, ошондой эле Жөнгө салуучу документтер менен жөнгө салынат.
4. Права и обязанности Сторон 4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4.1. Яндекс вправе: 4.1. Яндекс төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1.1. Модифицировать, адаптировать и иным образом изменять Приложение по своему усмотрению; 4.1.1. Колдонмону өзүнүн кароосу боюнча модификациялоо, адаптациялоо жана башка жол менен өзгөртүүгө;
4.1.2. Требовать от Пользователя уплаты Платы за Сервис в соответствии с разделом 8 настоящего Соглашения как в своем интересе, так и интересе Партнеров; 4.1.2. Колдонуучудан ушул Макулдашуунун 8-бөлүмүнө ылайык, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн да, Өнөктөштөрдүн кызыкчылыгы үчүн да Кызмат акысын төлөөнү талап кылууга;
4.1.3. Расторгнуть настоящее Соглашение в одностороннем порядке в случае нарушения Пользователем условий настоящего Соглашения; 4.1.3. Колдонуучу ушул Макулдашуунун шарттарын бузган учурда, бул Макулдашууну бир тараптуу бузууга;
4.1.4. Отказать в доступе к Сервису Пользователям, которые по мнению Яндекса совершают недобросовестные действия в отношения Сервиса; 4.1.4. Яндекстин пикири боюнча Кызматка карата ак ниетсиз аракеттерди жасаган Колдонуучуларга Кызматка кирүүгө тыюу салуу;
4.1.5. Выставлять штрафы Пользователю, который нарушает условия настоящего Соглашения. Яндекс вправе направлять Пользователю счет для оплаты выставленного штрафа. 4.1.5. Бул Макулдашуунун шарттарын бузган Колдонуучуга айып салуу. Яндекс Колдонуучуга салынган айыпты төлөө үчүн эсеп жөнөтүүгө укуктуу.
4.2. Яндекс обязуется: 4.2. Яндекс төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.2.1. Предоставить Пользователю право использования Приложения с момента Акцепта в формате «как есть», то есть с теми функциональными свойствами и в том состоянии, в котором Приложение существует на момент его использования Пользователем; 4.2.1. Колдонуучуга Акцептөө учурунан тартып Колдонмону «кандай болсо, ошондой» форматында, башкача айтканда, Колдонуучу Колдонмону пайдалануу учурунда бар болгон функционалдык касиеттери менен кандай абалда болсо, ошондой колдонуу укугун берүү;
4.2.2. Обеспечивать исправление ошибок, возникших во время функционирования Приложения (при наличии возможности); 4.2.2. Колдонмону иштетүүдө пайда болгон каталарды оңдоону камсыз кылуу (мүмкүн болсо);
4.2.3. Воздержаться от действий, которые могут послужить препятствием для использования Приложения Пользователем, за исключением случаев нарушения Пользователем обязательств по настоящему Соглашению. 4.2.3. Колдонуучу бул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди бузган учурларды кошпогондо, Колдонуучунун Колдонмону колдонуусуна тоскоол боло турган аракеттерден баш тартуу.
4.3. Партнер вправе: 4.3. Өнөктөш төмөнкүлөргө укуктуу:
4.3.1. Осуществлять контроль за обеспечением сохранности СИМ, а также за его техническим состоянием, контролировать соответствие эксплуатации СИМ целям, установленным настоящим Соглашением. Яндекс не обеспечивает функционирование СИМ Партнера. 4.3.1. ЖМКнын сакталышын камсыздоо, ошондой эле анын техникалык абалына текшерүү жүргүзүү, ЖМКны пайдалануунун ушул Макулдашууда белгиленген максаттарга шайкештигин текшерүү. Яндекс Өнөктөштүн ЖМКсынын иштешин камсыз кылбайт.
4.4. Партнер обязуется: 4.4. Өнөктөш төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.4.1. Предоставить Пользователю в Аренду СИМ в соответствии с условиями настоящего Соглашения; 4.4.1. Колдонуучуга ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык ижарага ЖМКны ижарага берүүгө;
4.4.2. Предоставить Пользователю через Приложение полную информацию о СИМ, необходимую для его эксплуатации; 4.4.2. ЖМК жөнүндө андан пайдалануу үчүн зарыл болгон толук маалыматты Колдонмо аркылуу берүү;
4.4.3. Обеспечить нормальное функционирование СИМ во время Аренды за свой счет. 4.4.3. Ижарага алуу учурунда ЖМКнын нормалдуу иштешин өз эсебинен камсыз кылыңыз.
4.5. Исполнители вправе: 4.5. Аткаруучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
4.5.1. Отказать в заключении Соглашения в случае предоставления Пользователем в момент регистрации в Приложении недостоверных или неполных данных; 4.5.1. Эгерде Колдонуучу Колдонмодо катталуу учурунда так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе, Макулдашуу түзүүдөн баш тартууга;
4.5.2. Приостановить исполнение либо отказаться от исполнения Соглашения в случае неисполнения Пользователем обязанности по уплате Платы за Сервис и/или нарушения Пользователем иных положений Условий; 4.5.2. Колдонуучу Кызмат акысын төлөө боюнча милдеттенмесин аткарбаган жана/же Шарттардын башка жоболорун бузган учурда Макулдашуунун аткарылышын токтото турууга же аны аткаруудан баш тартууга;
4.5.3. Фиксировать посредством Приложения идентификационные данные Пользователя и СИМ, передаваемого в Аренду Пользователю. 4.5.3. Колдонмо аркылуу Колдонуучунун идентификациялык маалыматтарын жана Колдонуучуга ижарага берилген ЖМКны жазып белгилеп коюу.
4.6. Пользователь вправе: 4.6. Колдонуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
4.6.1. Использовать Приложение, брать в Аренду СИМ и использовать иные функциональные возможности Сервиса в порядке и на условиях, предусмотренных настоящим Соглашением; 4.6.1. Колдонмону колдонууга, ЖМКны ижарага алууга жана Кызматтын башка функционалдык мүмкүндүктөрүн ушул Макулдашууда каралган тартипте жана шарттарда пайдаланууга;
4.6.2. Передавать арендованные СИМ дееспособным третьим лицам, достигшим 18-летнего (восемнадцатилетнего) возраста и соответствующих требованиям настоящего Соглашения, для поездки в присутствии Пользователя, а также для совместной поездки в соответствии с разделом 7 настоящего Соглашения. При передаче арендованного СИМ третьему лицу обязательства Пользователя, возникшие в связи с Арендой, не передаются такому третьему лицу и остаются у Пользователя; 4.6.2. Ижарага алынган ЖМКларды 18 (он сегиз жаш) жашка толгон жана ушул Макулдашуунун талаптарына жооп берген укуктук жөндөмдүү үчүнчү жактарга Колдонуучунун катышуусунда жол жүрүү үчүн, ошондой эле ушул Макулдашуунун 7-бөлүмүнө ылайык биргелешип жол жүрүү үчүн берүү. Ижарага алынган ЖМКны үчүнчү жакка өткөрүп берүүдө Колдонуучунун Ижарага байланыштуу келип чыккан милдеттенмелери мындай үчүнчү жакка өтпөйт жана Колдонуучуда калат;
4.7. Пользователь обязуется: 4.7. Колдонуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.7.1. Своевременно уплачивать Плату за Сервис и обеспечивать наличие на Привязанной карте необходимого количества денежных средств; 4.7.1. Кызмат акысын өз убагында төлөө жана Байланган картада талап кылынган суммадагы акча каражаты болушун камсыз кылуу;
4.7.2. Использовать СИМ в строгом соответствии с его целевым назначением на условиях настоящего Соглашения; 4.7.2. ЖМКны ушул Макулдашуунун шарттарында анын максатына так ылайык колдонуу;
4.7.3. До начала поездки на СИМ принять СИМ в Аренду в порядке, предусмотренном разделом 5 настоящего Соглашения; 4.7.3. ЖМКда сапар башталганга чейин ЖМКны ушул Макулдашуунун 5-бөлүмүндө каралган тартипте Ижарага кабыл алуу;
4.7.4. До начала поездки на СИМ проверить его состояние и осмотреть его на предмет наличия механических повреждений. В случае обнаружения во время осмотра повреждений СИМ Пользователь обязуется отправить фотографии повреждений СИМ Исполнителям посредством Приложения. При этом, Пользователь признает себя виновным и ответственным в причинении повреждений во время Аренды (поездки), если они были обнаружены другим Пользователем или Партнером в дальнейшем. При обнаружении повреждений СИМ, которые могут влиять на безопасность управления (неисправность электроники, неисправность тормозной системы, неисправность рулевой системы, иное) СИМ Пользователь не должен осуществлять поездку на СИМ. 4.7.4. ЖМКда сапар баштоодон мурун анын абалын текшерүү жана механикалык бузулуулар бар жоктугун текшерүү. Кароо учурунда ЖМКнын бузулушу аныкталса, Колдонуучу ЖМК бузулуштарынын сүрөттөрүн Аткаруучуларга Колдонмо аркылуу жөнөтүүгө милдеттенет. Ошол эле учурда, Колдонуучу, эгерде келечекте башка Колдонуучу же Өнөктөш тарабынан Ижарага алуу (сапар) учурунда зыян келтирилгени табылган болсо, өзүнүн күнөсүн жана жоопкерчиликти мойнуна алат. Эгерде ЖМКнын айдоонун коопсуздугуна таасирин тийгизе турган бузулуштары аныкталса (электрониканын бузуктугу, тормоз тутумунун бузулушу, руль тутумунун иштебей калышы ж.б.), Колдонуучу ЖМКда жол жүрбөшү керек.
4.7.5. Обеспечивать сохранность СИМ с момента начала Аренды до момента прекращения Аренды; 4.7.5. Ижара башталгандан тартып Ижара аяктаганга чейин ЖМКнын сакталгандыгын камсыз кылуу;
4.7.6. Возвратить СИМ в исправном состоянии и без повреждений; 4.7.6. ЖМКны шайма-шай абалда жана бузулууларсыз кайтаруу;
4.7.7. По завершении Аренды припарковать СИМ на Парковке согласно разделу 5 настоящего Соглашения; 4.7.7. Ижарага аяктаганда ЖМКны ушул Макулдашуунун 5-бөлүмүнө ылайык токтотуучу жайга токтотуп коюу;
4.7.7. Незамедлительно извещать Исполнителей посредством Приложения о любых повреждениях СИМ, полученных во время Аренды, ДТП с участием СИМ. 4.7.8. Ижара учурунда алынган ЖМКнын ар кандай бузулуулары, ЖМКнын катышуусунда болгон ЖКК жөнүндө Колдонмо аркылуу Аткаруучуларга дароо кабарлоо.
4.7.9. Прекратить использование СИМ, если: 4.7.9. Төмөнкү учурларда ЖМК колдонууну токтотуу:
  • произошло ДТП с участием Пользователя и/или СИМ вне зависимости от вины Пользователя;
  • из-за ДТП с участием Пользователя и/или СИМ было повреждено имущество третьих лиц вне зависимости от вины Пользователя;
  • СИМ был поврежден настолько, что его дальнейшее использование невозможно или небезопасно, о чем требуется проинформировать Исполнителей через Приложение;
  • Колдонуучунун күнөөсүнө карабастан Колдонуучунун жана/же ЖМКнын катышуусунда ЖТК болгондо;
  • Колдонуучунун жана/же ЖМКнын катышуусунда болгон ЖТК натыйжасында Колдонуучунун күнөөсүнө карабастан үчүнчү жактардын мүлкүнө зыян келтирилгенде;
  • ЖМК ушунчалык бузулганынан аны андан ары колдонуу мүмкүн эмес же кооптуу болгондо, бул учурда Аткаруучуларга Колдонмо аркылуу маалымат берүү талап кылынат;
4.7.10. оформлять ДТП, произошедшее в период Аренды СИМ, и не скрываться с места ДТП; 4.7.10. ЖМКны ижарага алуу мезгилинде болгон ЖТКны каттоого жана ЖТК болгон жерден жашырынбоо;
4.7.11. Не допускать причинение вреда жизни, здоровью и имуществу третьих лиц, в том числе других участников дорожного движения. В случае причинения вреда с использованием СИМ Пользователь привлекается к ответственности в порядке, предусмотренном действующим законодательством Кыргызской Республики; 4.7.11. Үчүнчү жактардын, анын ичинде жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүүнү болтурбоо. ЖМКны колдонуудан зыян келтирилген учурда, Колдонуучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат;
4.7.12. Не передавать СИМ третьим лицам в субаренду. Передача СИМ третьим лицам в пользование допускается только на условиях, предусмотренных разделом 7 и п. 4.6.2 настоящего Соглашения; 4.7.12. ЖМКны үчүнчү жактарга кошижарага бербөө. ЖМКны үчүнчү жактарга колдонууга берүүгө ушул Макулдашуунун 7-бөлүмүндө жана 4.6.2‑бөлүкчөсүндө каралган шарттарда гана жол берилет;
4.7.13. Принимать надлежащие меры для защиты сведений о своей учетной записи в Приложении, включая свои имя и пароль, от несанкционированного использования другими лицами, и в случае обнаружения такого использования незамедлительно сообщить Исполнителям соответствующую информацию через Приложение или по адресу электронной почты: support.taxi@go.yandex.com ; 4.7.13. Колдонмодогу өзүнүн каттоо эсеби тууралуу маалыматтарды, анын ичинде аты жана паролду башкалар тарабынан уруксатсыз колдонуудан коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрүү жана эгерде мындай колдонуу аныкталса, Колдонмо же support.taxi@go.yandex.com электрондук почтасы аркылуу Аткаруучуларга тийиштүү маалымат жөнүндө дароо кабарлоо;
4.7.14. Не передавать данные своей учетной записи в Приложении третьим лицам; 4.7.14. Колдонмодогу каттоо эсебинин маалыматтарын үчүнчү жактарга өткөрүп бербөө;
4.7.15. В случае списания денежных средств со счета Пользователя в размере, не соответствующем условиям Соглашения, немедленно уведомить об этом Исполнителей через Приложение или по адресу электронной почты: support.taxi@go.yandex.com; 4.7.15. Колдонуучунун эсебинен Макулдашуунун шарттарына туура келбеген суммада акча каражаты эсептен чыгарылганда, бул тууралуу Аткаруучуларга Колдонмо же support.taxi@go.yandex.com электрондук почтасы аркылуу дароо кабарлоо;
4.7.16. Не заезжать на СИМ внутрь зданий, территорий ограниченного доступа, не спускаться и не подниматься на СИМ по лестницам, не ездить по бордюрам, ограждениям набережных, улиц, зданий, не размещать СИМ в местах размещения твердых бытовых отходов, в том числе не помещать СИМ в контейнер для сбора таковых и пр.; 4.7.16. ЖМКда имараттардын, чектелген жеткиликтүү аймактардын ичине кирип кетпөө, ЖМКда тепкичтерге көтөрүлбөө, сууну жээктей салынган көчөлөрдүн, көчөлөрдүн, үйлөрдүн жээктери, тосмолорунда жүрбөө, ЖМКны катуу тиричилик таштандылары ташталган жерлерге койбоо, анын ичинде ЖМКны таштандыларды чогултуу контейнерлерине жайгаштырбоо ж.б.;
4.7.17. Во время использования СИМ соблюдать ПДД и нести ответственность за их нарушение. В частности, Пользователь обязуется осуществлять движение по велосипедной, велопешеходной дорожкам или полосе для велосипедистов, велозонам. В случае, если отсутствуют велосипедная и велопешеходная дорожки, полоса для велосипедистов, велозона, либо отсутствует возможность двигаться по ним, допускается движение по тротуару или пешеходной дорожке. 4.7.17. ЖМКны колдонуу убагында жол кыймылы эрежелерин (ЖКЭ) сактоо жана аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу. Атап айтканда, Колдонуучу велосипед жолдору, велосипед жөө жүргүнчүлөр жолдору же велосипедчилер үчүн тилкелер жана велосипед зоналары боюнча жүрүүгө милдеттенет. Эгерде велосипед жана велосипед жөө жүргүнчүлөр жолдору, велосипедчилер үчүн тилке же велосипед зонасы жок болсо же алар боюнча жүрүү мүмкүн болбосо, тротуар же жөө жүргүнчүлөр жолу менен жүрүүгө уруксат берилет.
4.7.18. Не разбирать СИМ, не вносить изменения в конструкцию СИМ, не вносить изменения/ не модифицировать программное обеспечение СИМ; 4.7.18. ЖМКны бөлүктөргө бөлбөө, ЖМКнын конструкциясына өзгөртүүлөр киргизбөө, ЖМКнын программалык камсыздоосуна өзгөртүүлөр киргизбөө/модификациялабоо;
4.7.19. Не заряжать СИМ самостоятельно и не подключать к СИМ для зарядки иные устройства. 4.7.19. ЖМКны өз алдынча заряддабоо жана заряддоо үчүн ЖМКга башка түзмөктөрдү туташтырбоо.
4.8. Во время Аренды Пользователю запрещено: 4.8. Ижарага алуу учурунда Колдонуучуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
4.8.1. Использовать СИМ для езды по бездорожью, пересеченной местности, на неровных поверхностях, плохом покрытии, которые могут стать причиной повреждения СИМ во время поездки; 4.8.1. ЖМКны жолсуз, адыр-будур, түз эмес жерлерде, начар беттерде жүрүү үчүн колдонуу, алар сапар учурунда ЖМКга зыян келтириши мүмкүн;
4.8.2. Перемещаться на СИМ при превышении суммарного веса Пользователя и перевозимого им груза 100 кг; 4.8.2. Колдонуучунун жана ал тарабынан ташылган жүктүн жалпы салмагы 100 кг ашканда ЖМКда жүрүү;
4.8.3. Осуществлять поездку на СИМ при обнаружении повреждений СИМ, которые могут влиять на безопасность управления (неисправность электроники, неисправность тормозной системы, неисправность рулевой системы, иное); 4.8.3. Айдоонун коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн болгон ЖМКнын бузулуулары аныкталганда (электрониканын бузуктугу, тормоз тутумунун бузулушу, руль тутумунун иштебей калышы ж.б.), ЖМКда жол жүрүү;
4.8.4. Осуществлять поездку на одном СИМ совместно с другим физическим лицом (осуществлять поездку вдвоем и более). 4.8.4. Бир ЖМКда башка адам менен бирге жол жүрүү (экөө п же андан көп болуп жол жүрүү).
4.9. ДЛЯ ЦЕЛЕЙ ОСУЩЕСТВЛЕНИЯ БЕЗОПАСНОЙ ПОЕЗДКИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЬ ТАКЖЕ ОБЯЗУЕТСЯ СОБЛЮДАТЬ СЛЕДУЮЩИЕ ПРАВИЛА И РЕКОМЕНДАЦИИ, КОТОРЫЕ НЕПОСРЕДСТВЕННО ВЛИЯЮТ НА БЕЗОПАСНОСТЬ ПОЕЗДКИ НА СИМ: 4.9. КОЛДОНУУЧУ КООПСУЗ ЖҮРҮҮ МАКСАТТАРЫ ҮЧҮН ОШОНДОЙ ЭЛЕ ЖМКДА ЖОЛ ЖҮРҮ КООПСУЗДУГУНА ТҮЗДӨН-ТҮЗ ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ТӨМӨНКҮ ЭРЕЖЕЛЕРДИ ЖАНА СУНУШТАРДЫ САКТООГО МИЛДЕТТЕНЕТ:
4.9.1. Использовать защитный шлем и иные средства защиты, обеспечивающие предотвращение получения травм при падении или столкновении; 4.9.1. Жыгылып же кагылышып кеткенде жаракаттарды болтурбоо үчүн коргоочу туулганы жана башка коргоочу каражаттарды колдонуу;
4.9.2. Двигаться на СИМ таким образом, чтобы его действия могли быть предсказуемыми для других участников дорожного движения, в том числе пешеходов. Пользователь должен учитывать дорожную обстановку и все иные условия, способные отразиться на безопасном управлении СИМ; 4.9.2. ЖМКда башка жол кыймылынын катышуучулары, анын ичинде жөө жүргүнчүлөр үчүн алдын ала билгидей жылуу. Колдонуучу жол кыймылынын абалын жана ЖМКны коопсуз айдоого таасир эте турган бардык башка шарттарды эске алышы керек;
4.9.3.В начале поездки и непосредственно во время поездки держаться за руль двумя руками и не допускать управление СИМ одной рукой; 4.9.3. Сапардын башында жана түздөн-түз жол жүрүү учурунда рулду эки колу менен кармап, ЖМКны бир колу менен айдоого жол бербөө;
4.9.4. Не допускать столкновение или касание СИМ с любыми объектами, способными вызвать помехи в безопасном управлении СИМ; 4.9.4. ЖМКнын кагылышына же ЖМКны коопсуз айдоого тоскоол боло турган кандайдыр бир объекттерге кагылышуу же тийип кетүүгө жол бербөө;
4.9.5. Не вешать на руль СИМ любые тяжелые сумки, рюкзаки, способные вызвать помехи в безопасном управлении СИМ; 4.9.5. ЖМКнын рулуна ЖМКны коопсуз айдоого тоскоол боло турган эч кандай оор баштыктарды же рюкзактарды илип албоо;
4.9.6. Стоять на СИМ двумя ногами; 4.9.6. ЖМКда эки буту менен туруу;
4.9.7. Не осуществлять управление СИМ в состоянии алкогольного, наркотического, токсического или иного опьянения, равно как и отказываться от проведения процедуры медицинского освидетельствования по запросу уполномоченного должностного лица; 4.9.7. ЖМКны алкоголдук, баңги, уулуу же башка мас абалында айдабоо, ошондой эле ыйгарым укуктуу кызмат адамынын талабы боюнча медициналык күбөлөндүрүү процедурасын жүргүзүүдөн баш тартпоо;
4.9.8. Не пересекать проезжую часть по надземным, наземным, подземным и иным переходам, не спешившись с СИМ; 4.9.8. ЖМКдан түшпөй туруп, жолдун үстүндөгү, жердеги, жер астындагы жана башка өтмөлөр аркылуу өтпөө;
4.9.9. Не осуществлять поездку на СИМ вместе с домашним животным, привязанным к СИМ, или иным образом осуществлять выгул домашнего животного, если это может сказаться на безопасности поездки (например, удерживать поводок домашнего животного в движении на СИМ). 4.9.9. Үй жаныбары байланган ЖМКда жол жүрбөө, же болбосо үй жаныбарын сапардын коопсуздугуна таасирин тийгизиши мүмкүн башкача түрдө (мисалы, ЖМКда кыймылдап жатканда үй жаныбарынын боосун кармап туруу) сейилдебөө.
4.9.10. Соблюдать правила, установленные на территории, на которой он использует и/или оставляет СИМ. В случае нарушения установленных правил Пользователь самостоятельно несет предусмотренную за такие нарушения ответственность, в том числе оплачивает штрафы. 4.9.10. ЖМКны колдонгон жана/же калтырган аймакта белгиленген эрежелерди сактоо. Белгиленген эрежелер бузулган учурда, Колдонуучу мындай бузуулар үчүн каралган жоопкерчиликти өз алдынча тартат, анын ичинде айыптарды төлөйт.
5. Порядок приема-передачи СИМ Пользователем 5. Колдонуучу тарабынан ЖМКны кабыл алуу жана берүү тартиби
5.1. Передача СИМ в Аренду от Партнера Пользователю осуществляется следующим образом: 5.1. Өнөктөштөн Колдонуучуга Ижарага ЖМКны өткөрүп берүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:
5.1.1. Информация о СИМ, доступных для Аренды, доступна в Приложении. Пользователь самостоятельно выбирает СИМ из перечня предложенных в Приложении; 5.1.1. Ижарага берүү үчүн жетиштүү ЖМКлар жөнүндө маалымат Колдонмодо жеткиликтүү. Колдонуучу Колдонмодо сунушталган тизмеден ЖМКны өз алдынча тандайт;
5.1.2. Пользователь вправе осуществить Бронирование СИМ до фактического приема выбранного СИМ согласно п. 5.1.3 Соглашения; 5.1.2. Колдонуучу Макулдашуунун 5.1.3-бөлүкчөсүнө ылайык тандалган ЖМКны иш жүзүндө кабыл алганга чейин ЖМКны брондоп коюуга укуктуу;
5.1.3. Пользователь при помощи камеры телефона (устройства) сканирует QR - штрихкод, размещенный на СИМ. При этом в Приложении отражаются следующие сведения о выбранном СИМ: местоположение, условия о размере Платы за Сервис, уровень заряда СИМ. Пользователь подтверждает фактический прием выбранного СИМ посредством нажатия кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ» в Приложении. Во время выбора СИМ Пользователь должен проверить достаточность денежных средств на Привязанной карте. 5.1.3. Колдонуучу телефондун (түзмөктүн) камерасынын жардамы менен, ЖМКда жайгашкан QR-штрих-кодду сканерлейт. Бул учурда, Колдонмодо тандалган ЖМК жөнүндө төмөнкү маалымат көрсөтүлөт: жайгашкан жери, Кызмат акысынын өлчөмү жөнүндөгү шарттар, ЖМКнын заряд деңгээли. Колдонуучу Колдонмодо «САПАРДЫ БАШТОО» баскычын басуу менен тандалган ЖМКны иш жүзүндө кабыл алганын ырастайт. ЖМКны тандоо убагында Колдонуучу Байланган картадагы акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн текшерүүсү керек.
5.2. Передача СИМ от Пользователя Партнеру по завершении Аренды осуществляется следующим образом: 5.2. Ижара аяктагандан кийин ЖМКны Колдонуучудан Өнөктөшкө өткөрүп берүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:
5.2.1. Пользователь обязуется припарковать СИМ на Парковке, нажать в Приложении кнопку «ЗАВЕРШИТЬ ПОЕЗДКУ» и отправить через Приложение фотографии общего вида припаркованного СИМ (фотографии парковки и СИМ). 5.2.1. Колдонуучу ЖМКны унаа токтотуучу жайга токтотууга, Колдонмодогу «САПАРДЫ АЯКТОО» баскычын басууга жана Колдонмо аркылуу токтотулган ЖМКнын жалпы көрүнүшүнүн сүрөттөрүн (токтотуучу жайдын жана ЖМКнын сүрөттөрү) жөнөтүүгө милдеттенет.
5.2.2. Срок Аренды заканчивается после получения Исполнителями через Приложение фотографий общего вида припаркованного СИМ (фотографий парковки и СИМ). При соблюдении Пользователем предусмотренного Соглашением порядка передачи СИМ, Пользователю посредством Приложения становится доступна информация о размере общей Платы за Сервис. 5.2.2. Ижара мөөнөтү Аткаруучулар Колдонмо аркылуу токтоп турган ЖМКнын жалпы көрүнүшүнүн сүрөттөрүн (токтоочу жайдын жана ЖМКнын сүрөттөрү) алгандан кийин аяктайт. Эгерде Колдонуучу Макулдашууда каралган ЖМКны тапшыруу тартибин сактаса, Кызмат акысынын жалпы суммасы жөнүндө маалымат Колдонуучуга Колдонмо аркылуу жеткиликтүү болот.
6. Срок Аренды 6. Ижара мөөнөтү
6.1. Исполнители вправе по заявке Пользователя до принятия СИМ в Аренду предоставить Пользователю доступ к функции Бронирования одного или нескольких СИМ (в соответствии с разделом 7 Условий), выбранного(ых) Пользователем с использованием Приложения на период времени, определяемый в Приложении. В указанный период забронированные СИМ становятся недоступными для пользования другими Пользователями. Дополнительные возможности, доступные Пользователю в рамках Бронирования, определяются Исполнителями по своему усмотрению, их доступность определяется в Приложении, дополнительные возможности включены в стоимость Платного ожидания и отдельно не тарифицируются. Стоимость Платного ожидания в рамках Бронирования может указываться отдельно, может быть учтена в стоимости Платы за Сервис и определяется в Приложении. Тарификация Платного ожидания начинается после нажатия Пользователем в Приложении кнопки «ЗАБРОНИРОВАТЬ» в отношении выбранного СИМ и заканчивается в момент нажатия Пользователем кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ» в Приложении, за исключением случаев, прямо предусмотренных в Приложении. 6.1. Аткаруучулар Колдонуучунун суроо-талабы боюнча ЖМКны Ижарага кабыл алганга чейин Колдонуучуга ал Колдонмонун жардамы менен Колдонмодо аныкталган мөөнөткө тандап алган бир же бир нече ЖМКны Брондоо (Шарттардын 7-бөлүмүнө ылайык) функциясына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде брондолгон ЖМКлар башка Колдонуучулар үчүн жеткиликсиз болуп калат. Брондоо чегинде Колдонуучуга жеткиликтүү болгон кошумча мүмкүнчүлүктөр Аткаруучулар тарабынан өз кароосу боюнча аныкталат, алардын жеткиликтүүлүгү Колдонмодо аныкталат, кошумча мүмкүнчүлүктөр Акы төлөнүүчү күтүүнүн наркына кошулат жана бөлөк тарифтелбейт. Брондоо чегинде акы төлөнүүчү күтүүнүн наркы өзүнчө көрсөтүлүшү, Кызмат акысынын наркында эсепке алынышы мүмкүн жана Колдонмодо аныкталат. Акы төлөнүүчү күтүүнү тарифтөө Колдонуучу Тандалган ЖМКга картага карата Колдонмодогу «БРОНДОО» баскычын баскандан кийин башталат жана Колдонмодо ачык көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Колдонуучу Колдонмодогу «САПАРДЫ БАШТОО» баскычын басканда аяктайт.
6.2. Срок Аренды исчисляется с момента нажатия в Приложении кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ» или «ЗАБРОНИРОВАТЬ» до фактического прекращения Аренды СИМ путем нажатия в Приложении кнопки «ЗАВЕРШИТЬ ПОЕЗДКУ» и направления Пользователем в качестве подтверждения фотографии общего вида припаркованного СИМ (фотографий парковки и СИМ) через Приложение. 6.2. Ижаранын мөөнөтү Колдонмодо «САПАРДЫ БАШТОО» же «БРОНДОО» баскычы басылган учурдан тартып, ЖМКны ижарага алуу иш жүзүндө токтотулганга чейин, Колдонмодогу «САПАРДЫ АЯКТОО» баскычын басуу жана Колдонуучу ырастоо катары Колдонмо аркылуу токтоп турган ЖМКнын жалпы көрүнүшүнүн сүрөтү (токтоочу жайдын жана ЖМК сүрөттөрүн) жөнөткөнгө чейин эсептеп чыгарылат.
6.3. Пользователь самостоятельно определяет срок Аренды конкретного СИМ. При этом срок Аренды СИМ не может превышать 24 (двадцати четырех) часов подряд. 6.3. Колдонуучу белгилүү бир ЖМК үчүн ижара мөөнөтүн өз алдынча аныктайт. Бул учурда ЖМКны ижарага алуу мөөнөтү үзгүлтүксүз 24 (жыйырма төрт) сааттан ашпашы керек.
6.4. Срок Аренды СИМ исчисляется секундами. 6.4. ЖМКны ижарага алуу мөөнөтү секундалар менен эсептеп чыгарылат.
7. Совместная поездка 7. Бирге жол жүрүү
7.1. Пользователь вправе одновременно брать в Аренду до трех СИМ максимум (Опция «Еще один самокат»). 7.1. Колдонуучу бир эле учурда эң көп үч ЖМКны ижарага алууга укуктуу («Дагы бир самокат» опциясы).
7.2. Пользователь вправе передать арендованные СИМ для использования дееспособным физическим лицам, достигшим 18-летнего (восемнадцатилетнего) возраста (совместная поездка), соответствующим требованиям Условий. 7.2. Колдонуучу ижарага алынган ЖМКларды 18 (он сегиз жаш) жашка толгон (бирге жол жүрүү) жана Шарттардын талаптарына ылайык укуктук жөндөмдүү жактарга берүүгө укуктуу.
7.3. При передаче СИМ третьим лицам Пользователь обязуется ознакомить всех третьих лиц, которым Пользователь передает СИМ, с настоящим Соглашением и Регулирующими документами, а также условиями использования Сервиса Партнера (если применимо). 7.3. ЖМКны үчүнчү жактарга бергенде, Колдонуучу ЖМКны берген бардык үчүнчү жактарды ушул Макулдашуу жана Жөнгө салуучу документтер менен, ошондой эле Өнөктөштүн Кызматын пайдалануу шарттары (эгер бар болсо) менен тааныштырууга милдеттенет.
7.4. В случае совместной поездки ответственность за сохранность СИМ, а также соблюдение настоящего Соглашения перед Исполнителями несет Пользователь, а не третье лицо, которому было передано СИМ. 7.4. Бирге жол жүрүү кезинде ЖМКнын сакталгандыгы, ошондой эле Аткаруучулар алдында ушул Макулдашуунун сакталышы үчүн ЖМК берилген үчүнчү жак эмес, Колдонуучу жоопкерчилик тартат.
7.5. Денежные обязательства, возникшие в связи с Арендой нескольких СИМ, возлагаются и исполняются непосредственно Пользователем и не могут быть переданы третьим лицам. 7.5. Бир нече ЖМКлардын Ижарасына байланыштуу келип чыккан акчалай милдеттенмелер түздөн-түз Колдонуучуга жүктөлөт жана анын тарабынан аткарылат жана үчүнчү жактарга берилиши мүмкүн эмес.
7.6. В случае совместной поездки опция «Пакет минут» применяется только к Аренде одного СИМ, срок Аренды которого начался первее. Не допускается использование опции «Пакет минут» для второго и/или третьего СИМ при совместной поездке. 7.6. Бирге жол жүрүү кезинде «Мүнөттөр пакети» опциясы Ижара мөөнөтү биринчи башталган бир ЖМКны ижарага алууга гана колдонулат. Бирге жол жүрүүдө экинчи жана/же үчүнчү ЖМК үчүн «Мүнөттөр пактеи» опциясын колдонууга жол берилбейт.
8. Плата за Сервис 8. Кызмат акысы
8.1. Плата за Сервис включает в себя Арендные платежи и Лицензионные платежи. 8.1. Кызмат акысына Ижара төлөмдөрү жана Лицензиялык төлөмдөр кирет.
  • Размер Платы за Сервис определяется Исполнителями и доводится до сведения Пользователя в Приложении. Пользователь соглашается с указанным размером Платы за Сервис и заключает Соглашение в отношении предоставления Сервиса по данной заявке посредством нажатия кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ» в Приложении.
8.2. Кызмат акысынын өлчөмү Аткаруучулар тарабынан аныкталат жана Колдонуучунун назарына Колдонмодо жеткирилет. Колдонуучу Кызмат үчүн төлөмдүн көрсөтүлгөн өлчөмүнө макул болот жана Колдонмодо «САПАРДЫ БАШТОО» баскычын басуу менен ушул суроо-талап боюнча Кызматты көрсөтүү боюнча Макулдашуу түзөт.
  • Пользователь вправе выбрать один из следующих способов расчета размера Платы за Сервис при условии их доступности в Приложении:
8.3. Колдонуучу Кызмат акысын эсептөөнүн төмөнкү ыкмаларынын бирин, алар Колдонмодо жеткиликтүү болгон шартта тандоого укуктуу:

8.3.1. Тариф «Поминутный»:

Данный тариф предполагает поминутную оплату Платы за Сервис.

Единовременный минимальный платеж за Сервис будет возвращен Пользователю, если Пользователь откажется от поездки на СИМ (не нажмет кнопку «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ»).

Плата за Сервис по данному тарифу исчисляется после нажатия кнопки «НАЧАТЬ ПОЕЗДКУ».

8.3.1. «Ар мүнөттүк» тарифи:

Бул тариф Кызмат акысы үчүн ар мүнөттүк төлөмдү болжолдойт.

Кызмат үчүн бир жолку минималдуу төлөм Колдонуучуга ЖМКда жол жүрүүдөн баш тартса («САПАРДЫ БАШТОО» баскычын баспаса) кайтарылып берилет.

Бул тариф боюнча Кызмат акысы «САПАРДЫ БАШТОО» баскычын баскандан кийин эсептеп чыгарылат.

8.3.2. По заявке Пользователя Пользователю может быть предоставлена опция «Пакет минут» (при условии ее доступности в Приложении).

Опция «Пакет минут» предполагает фиксированную оплату Платы за Сервис.

При подключении опции «Пакет минут» размер Платы за Сервис рассчитывается за предоставление Пользователю Сервиса на определенное количество минут, включая Платное ожидание, а также стоимость дополнительных услуг, оказываемых Исполнителями в соответствии с условиями настоящих Условий, определенный и обозначенный в Приложении. Опция «Пакет минут» действует в течение срока, обозначенного в Приложении, на территории города Бишкека. Доступные варианты опции и количество минут в них определяются Исполнителями самостоятельно и доводятся до Пользователя посредством функционала Приложения.

При окончании Сезона ранее истечения срока действия опции «Пакет минут» остаток минут на следующий Сезон не переносится.

8.3.2. Колдонуучунун суроо-талабы боюнча Колдонуучуга «Мүнөттөр пакети» опциясы берилиши мүмкүн (ал Колдонмодо жеткиликтүү болгон шартта).

«Мүнөттөр пакети» опциясы Кызмат акысынын белгиленген төлөмүн болжолдойт.

«Мүнөттөр пакети» опциясын кошкон учурда Кызмат акысынын Колдонмодо аныкталган жана көрсөтүлгөн өлчөмү Акы төлөнүүчү күтүү, ошондой эле Аткаруучулар тарабынан ушул Шарттардын шарттарына ылайык көрсөтүлгөн кошумча кызматтардын наркын кошо алганда Колдонуучуга Кызматтын белгилүү мүнөттөр саны ичинде көрсөтүлгөнү үчүн эсептелинет. «Мүнөттөр пакети» опциясы Колдонмодо көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Бишкек шаарынын аймагында жарактуу болот. Опциянын жеткиликтүү варианттары жана алардагы мүнөттөрдүн саны Аткаруучулар тарабынан өз алдынча аныкталат жана Колдонуучунун назарына Колдонмонун функционалы аркылуу жеткирилет.

Эгерде Сезон «Мүнөттөр пакети» опциясынын иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин бүтсө, калган мүнөттөр кийинки Сезонго өткөрүлбөйт.

8.3.3. Стоимость Старта и Платного ожидания может указываться отдельно, а может быть учтена в стоимости Платы за Сервис и определяется в Приложении. 8.3.3. Старт жана Акы төлөнүүчү күтүүнүн наркы бөлөк көрсөтүлүшү мүмкүн же Кызмат акысынын наркына кошулушу мүмкүн жана Колдонмодо аныкталат.
8.4. В периоды времени повышенного или недостаточного спроса на Аренду СИМ (в том числе, в предпраздничные дни, в дни проведения массовых мероприятий и в иных случаях) Плата за Сервис по тарифам/ опциям могут быть увеличены или уменьшены. Об увеличении или уменьшении Платы за Сервис по тарифам/ опциям Яндекс сообщает путем размещения соответствующего уведомления в Приложении или иными способами по усмотрению Яндекса, включая отправку Пользователю информационного сообщения на номер мобильного телефона. 8.4. ЖМКны Ижарага алуу суроо-талаптары көбөйгөн же жетишсиз болгон мезгилдерде (анын ичинде майрам алдындагы, массалык иш-чаралар күндөрү жана башка учурларда) тарифтер/опциялар боюнча Кызмат акысы көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн. Яндекс Колдонмодо тиешелүү билдирүүнү жайгаштыруу же Яндекстин кароосу боюнча башка жолдор менен, анын ичинде Колдонуучуга анын уюлдук телефон номерине маалыматтык билдирүүнү жөнөтүү аркылуу тарифтерге/опциялар боюнча ылайык Кызмат акысын көбөйтүү же азайтуу жөнүндө маалымдайт.
8.5. Уплата Платы за Сервис, а также стоимости дополнительных опций в соответствии с п. 8.3.2 настоящего Соглашения, производится посредством списания денежных средств с Привязанной карты Пользователя в безакцептном порядке. Распределение Платы за Сервис между Арендными платежами, Лицензионными платежами и Страховым вознаграждением указывается в чеках и отчетных документах, формируемых по результатам поездки, которые направляются Пользователю 8.5. Ушул Макулдашуунун 8.3.2-бөлүкчөсүнө ылайык Кызмат акысын, ошондой эле кошумча опциялардын наркын төлөө акцептсиз тартипте Колдонуучунун Байланган картасынан акча каражаттарын эсептен чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт. Кызмат акысын Ижара төлөмдөрү, Лицензиялык төлөмдөр жана камсыздандыруу жыйымдары ортосунда бөлүштүрүү Колдонуучуга жөнөтүлгөн жол жүрүү жыйынтыгы боюнча түзүлгөн чектерде жана отчеттук документтерде көрсөтүлөт.
8.6. Итоговый размер Платы за Сервис, которая содержит в себе копейки, рассчитывается следующим образом: 8.6. Тыйындарды камтыган Кызмат акысынын жыйынтык суммасы төмөнкүдөй эсептелет:
  • Плата за Сервис округляется вверх до целого сома при значении тыйынов от 50 (включительно);
  • Плата за Сервис округляется вниз до целого сома при значении тыйынов по 49 (включительно).
  • Тыйындардын 50 тыйындан (кошо алганда) тартып маанилеринде Кызмат акысы жогору карай бүтүн сомго чейин тегеректелет;
  • Тыйындардын 49 тыйынга (кошо алганда) чейинки маанилеринде Кызмат акысы төмөн карай бүтүн сомго чейин тегеректелет;
8.7. Исполнители вправе списать с Привязанной карты Пользователя в момент начала использования Сервиса сумму в размере до 1000 (одной тысячи) сомов в качестве возвратного депозита. В случае если размер Платы за Сервис фактически превысил сумму списанного возвратного депозита, Исполнители вправе каждый раз в момент превышения указанного лимита списывать денежные средства в размере до 1000 (одной тысячи) сомов с Привязанной карты Пользователя. Разница между суммой списанного возвратного депозита с Привязанной карты Пользователя и итоговым размером Платы за Сервис возвращается на Привязанную карту Пользователя. 8.7. Аткаруучулар Кызматты колдоно баштаган учурда Колдонуучунун Байланган картасынан 1 000 (бир миң) сомго чейинки сумманы кайтарылуучу депозит катары эсептен чыгарууга укуктуу. Эгерде Кызмат акысынын өлчөмү эсептен чыгарылган кайтарылып берилүүчү депозиттин суммасынан иш жүзүндө ашып кетсе, Аткаруучулар ар жолу көрсөтүлгөн лимит ашып кеткенде 1 000 (бир миң) сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражаттарын эсептен чыгарууга укуктуу. Колдонуучунун Байланган картасынан эсептен чыгарылган кайтарылып берилүүчү депозиттин суммасы менен Кызмат акысынын жыйынтык өлчөмүнүн ортосундагы айырма Колдонуучунун Байланган картасына кайтарылып берилет.
8.8. В случае несогласия Пользователя с фактом и/или суммой списания и по иным вопросам, связанным с использованием Привязанной карты в рамках Сервиса, Пользователь вправе обратиться к Исполнителям через интерфейс службы поддержки (обратной связи) в Приложении. 8.8. Эгерде Колдонуучу эсептен чыгаруу фактысына жана/же суммасына жана Кызматтын чегинде Байланган картаны колдонууга байланыштуу башка маселелер боюнча макул болбосо, Колдонуучу Колдонмодо колдоо кызматынын (кайра байланыш) интерфейси аркылуу Аткаруучуларга кайрылууга укуктуу.
8.9. В случае если по результатам проверки по обращению, указанному в п. 8.8, Исполнители принимают решение о возврате суммы Списания полностью или частично, указанный возврат осуществляется на банковский счет Привязанной карты. Возврат денежных средств осуществляется с участием уполномоченного оператора по приему платежей (оператора платежной системы/ платежной организации) или оператора электронных денежных средств, или иных участников расчетов, информационно-технологического взаимодействия, и регулируется правилами международных платежных систем, банков (в том числе банка-эмитента Привязанной карты) и других участников расчетов. 8.9. Эгерде 8.8-бөлүкчөдө көрсөтүлгөн кайрылуу боюнча текшерүүнүн натыйжасы боюнча Аткаруучулар Эсептен чыгаруу суммасын толук же жарым-жартылай кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алышса, көрсөтүлгөн кайтаруу Байланган картанын банктык эсебине жүргүзүлөт. Акча каражаттарын кайтаруу төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу оператордун (төлөм тутумунун операторунун/төлөм уюмунун) же электрондук акча операторунун, же эсептешүүлөрдүн, маалыматтык жана технологиялык өз ара аракеттенүүнүн башка катышуучуларынын катышуусу менен жүзөгө ашырылат жана эл аралык төлөм тутумдары, банктар (анын ичинде Байланган картанын эмитент-банкы) жана башка төлөм катышуучуларынын эрежелери менен жөнгө салынат.
8.10. Списание Платы за Сервис возможно в рамках одной транзакции в размере полной Платы за Сервис или нескольких транзакций в размере частичной Платы за Сервис. При этом списание Платы за Сервис может быть произведено любым из указанных способов перед началом Аренды, во время Аренды либо по ее завершении. 8.10. Кызмат акысын бир транзакция чегинде Кызмат акысынын толук өлчөмүндө эсептен чыгаруу же бир нече транзакция чегинде Кызмат акысынын жарым-жартылай өлчөмүндө эсептен чыгаруу мүмкүн. Бул учурда, Кызмат акысын Ижарага берүү башталганга чейин, Ижара учурунда же ал аяктагандан кийин көрсөтүлгөн жолдордун каалаганы менен эсептен чыгарууга болот.
8.11. В случае недостатка денежных средств, невозможности их списания с Привязанной карты Пользователя, а также при наличии задолженности Пользователя по настоящему Соглашению Партнер вправе отключить тягу СИМ. В случае отключения тяги СИМ Пользователю необходимо завершить Аренду или пополнить лимит Привязанной карты Пользователя. 8.11. Акча каражаты жетишсиз болгон учурда, аларды Колдонуучунун Байланган картасынан эсептен чыгаруу мүмкүн болбогондо, ошондой эле Колдонуучунун ушул Макулдашуу боюнча карызы болгон учурда, Өнөктөш ЖМКнын сүйрөгүчүн ажыратууга укуктуу. ЖМКнын сүйрөгүчү ажыратылган учурда, Колдонуучу Ижараны бүтүрүшү керек же Колдонуучунун Байланган картасынын чегин толукташы керек.
8.12. Обязательство Яндекса по предоставлению Сервиса и обязательство Партнера по предоставлению СИМ в Аренду Пользователю согласно условиям настоящего Соглашения является встречным по отношению к обязательству Пользователя вовремя вносить Плату за Сервис согласно Условиям и соблюдать Условия. 8.12. Яндекстин Кызмат көрсөтүү боюнча милдеттенмеси жана ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык Колдонуучуга ЖМКны Ижарага берүү боюнча Өнөктөштүн милдеттенмеси Колдонуучунун Кызматтын акысын Шарттарга ылайык өз убагында төлөө жана Шарттарды сактоо боюнча милдеттенмесине каршы келет.
8.13. Исполнители не гарантируют отсутствие ошибок и сбоев в работе Сервиса в отношении предоставления возможности списания Платы за Сервис. 8.13. Аткаруучулар Кызмат акысын эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө Кызматтын иштешинде каталардын жана мүчүлүштүктөрдүн болбошуна кепилдик бербейт.
8.14. Оплата за использование Сервисов Партнеров осуществляется посредством использования функционала Сервиса. В этом случае Яндекс действует по поручению соответствующего Партнера с привлечением уполномоченного оператора по приему платежей (оператора платежной системы/ платежной организации), или оператора электронных денежных средств, (далее - Оператор) или иных участников расчетов, информационно-технологического взаимодействия, и является получателем платежа в качестве агента Партнера Яндекса (далее — «безналичная оплата»). Оператор является уполномоченным лицом, которое имеет право на прием и обработку платежей в соответствии с Применимым законодательством. Порядок оплат в таком случае регулируется правилами международных платежных систем, банков (в том числе банка-эмитента Привязанной карты) и других участников расчетов. Яндекс не гарантирует отсутствие ошибок и сбоев в работе Сервиса в отношении предоставления возможности безналичной оплаты. 8.14. Өнөктөштөрдүн Кызматтарын пайдалануу үчүн төлөм Кызматтын функционалын колдонуу аркылуу жүргүзүлөт. Мында Яндекс тиешелүү Өнөктөштүн тапшырмасы боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу операторду (төлөм тутумунун операторун/төлөм уюмун), же электрондук акча операторун (мындан ары – Оператор) же эсептешүүлөрдүн, маалыматтык жана технологиялык өз ара аракеттенүүнүн башка катышуучуларын тартуу менен иш алып барат, жана Яндекс Өнөктөшүнүн агенти катары төлөмдү (мындан ары «накталай эмес төлөм») алуучу болуп саналат. Оператор Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык төлөмдөрдү кабыл алууга жана иштетүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу жак болуп саналат. Бул учурда төлөм тартиби эл аралык төлөм тутумдарынын, банктардын (анын ичинде Байланган карттын эмитент-банкы) жана башка эсептешүү катышуучуларынын эрежелери менен жөнгө салынат. Яндекс накталай эмес төлөм мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө Кызматтын иштешинде каталардын жана мүчүлүштүктөрдүн болбошуна кепилдик бербейт.
8.15. Исполнители вправе производить списание с любой Привязанной банковской карты Пользователя причитающихся им платежей, в том числе штрафов, в любой момент до завершения Пользователем Аренды СИМ, а также в случае выявления Исполнителями после завершения Аренды СИМ нарушения Пользователем условий настоящего Соглашения и/или ПДД в период Аренды СИМ. При этом Пользователь в Приложении имеет право выбрать Привязанную банковскую карту, с которой в приоритетном порядке будут списываться платежи. 8.15. Аткаруучулар Колдонуучунун ар кандай Байланган банктык картасынан аларга тиешелүү төлөмдөрдү, анын ичинде айыптарды, Колдонуучу ЖМКны ижарага алууну аяктаганга чейин каалаган убакта, ошондой эле Аткаруучулар ЖМКны ижарага алуу аяктагандан кийин Колдонуучу тарабынан ЖМКны ижарага алуу мезгилинде ушул Макулдашуунун шарттарын жана/же жол кыймылынын эрежелерин бузулганын аныктаган учурда эсептен чыгарууга укуктуу. Бул учурда, Колдонуучу Колдонмодо артыкчылык тартибинде төлөмдөр эсептен чыгарыла турган Байланган банк картасын тандоого укуктуу.
9. Ответственность 9. Жоопкерчилик
9.1. За неисполнение или ненадлежащее исполнение обязательств по настоящему Соглашению Стороны несут ответственность, предусмотренную настоящим Соглашением и законодательством Кыргызской Республики.

9.1. Ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптар ушул Макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.

9.2. С момента приемки СИМ в Аренду до возврата СИМ риск случайного повреждения и гибели СИМ, а также ответственность за вред, причиненный СИМ как источником повышенной опасности, несет Пользователь. 9.2. ЖМК кабыл алынган учурдан тартып ЖМК кайтарылганга чейин ЖМКнын кокусунан бузулуп, жок болуу коркунучу, ошондой эле коркунучтун жогорулашынын булагы катары ЖМКга келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти Колдонуучу көтөрөт.
9.3. Пользователь несет полную ответственность в отношении любых издержек, штрафов (в том числе за административные штрафы, которые были вынесены за повторное совершение административного правонарушения, вне зависимости от того, кто совершил впервые административное правонарушение на СИМ), жалоб, требований и претензий, возникших в течение всего срока аренды СИМ, которые могут быть предъявлены любыми третьими лицами в течение и после окончания срока аренды по любому поводу, связанному с использованием СИМ, в том числе, по поводу любых причиненных третьим лицам убытков. Если оплата административного штрафа за Пользователя была произведена Партнером и/или Яндексом, Пользователь обязан возместить Партнеру и/или Яндексу понесенные в связи с этим убытки. В случае причинения Пользователем во время использования СИМ вреда жизни, здоровью или имуществу третьих лиц, в том числе других участников дорожного движения, Пользователь обязуется в полном объеме возместить ущерб, причиненный его действиями третьим лицам и Исполнителям.

9.3. Колдонуучу ар кандай чыгымдар, айыптар (анын ичинде ЖМКда административдик укук бузууну биринчи жолу ким жасагандыгына карабастан административдик укук бузууну кайталап жасагандыгы үчүн салынган административдик айыптар) жана Ижаранын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде келип чыккан, ЖМКны колдонууга байланыштуу ар кандай себептерден улам, үчүнчү жактарга келтирилген зыянды кошо алганда, ижара мөөнөтүнүн учурунда жана аяктагандан кийин каалаган үчүнчү тараптар тарабынан берилиши мүмкүн даттануулар, талаптар, дооматтар үчүн толук жоопкерчилик тартат. Эгерде Колдонуучунун атынан административдик айып пулду төлөө Өнөктөш жана/же Яндекс тарабынан жүргүзүлсө, Колдонуучу ушуга байланыштуу Өнөктөшкө жана/же Яндекске келтирилген чыгымдын ордун толтурууга милдеттүү. Эгерде Колдонуучу ЖМКны колдонуу учурунда үчүнчү жактардын, анын ичинде жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирсе, Колдонуучу өзүнүн аракеттери менен үчүнчү жактарга жана Аткаруучуларга келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга милдеттенет.

9.4. Уплата штрафа не освобождает Пользователя от возмещения вреда, причиненного имуществу Партнера и/или третьих лиц. 9.4. Айыпты төлөө Колдонуучуну Өнөктөштүн жана/же үчүнчү жактардын мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.
9.5. Списание всех платежей, штрафов и компенсаций, предусмотренных Условиями, производится в безакцептном порядке путем списания соответствующих денежных сумм с Привязанной банковской карты Пользователя. При невозможности списания задолженности Пользователя в безакцептном порядке, Пользователь обязуется в течение 3 (трех) календарных дней с даты направления Пользователю по электронной почте, указанной Пользователем при регистрации в Приложении, уведомления о задолженности, внести на Привязанную банковскую карту размер задолженности Пользователя в полном объеме. 9.5. Шарттарда каралган бардык төлөмдөр, айыптар жана компенсациялар акцептсиз тартипте, Колдонуучунун Байланган банк картасынан тиешелүү суммаларды эсептен чыгаруу менен жүргүзүлөт. Эгерде Колдонуучунун карызын акцептсиз тартипте эсептен чыгаруу мүмкүн болбосо, Колдонуучу Колдонмодо катталуу учурунда көрсөткөн электрондук почта аркылуу Колдонуучуга Карыз жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде, Колдонуучу өзүнүн карызынын суммасын толугу менен Байланган банк картасына салууга милдеттенет.
9.6. В случае нарушения Пользователем положений, предусмотренных п.п. 4.8.1, 4.8.2, 4.7.17 настоящего Соглашения, Пользователь уплачивает штраф в размере 5 000 (пяти тысяч) сомов. 9.6. Колдонуучу Ушул Макулдашуунун 4.8.1, 4.8.2, 4.7.17 бөлүкчөлөрүндө каралган жоболорду бузган учурда Колдонуучу 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып төлөйт.
9.7. В случае нарушения Пользователем положений, предусмотренных п.п. 4.7.8, 4.7.9, 4.7.13, 4.7.14 настоящего Соглашения, Пользователь оплачивает штраф в размере 7 000 (семи тысяч) сомов. 9.7. Колдонуучу Ушул Макулдашуунун 4.7.8, 4.7.9, 4.7.13, 4.7.14-бөлүкчөлөрүндө каралган жоболорду бузган учурда, Колдонуучу 7 000 (жети миң) сом өлчөмүндө айып төлөйт.
9.8. В случае нарушения Пользователем положений, предусмотренных п.п. 4.7.2, 4.7.12 настоящего Соглашения, Пользователь оплачивает штраф в размере 10 000 (десяти тысяч) сомов. 9.8. Колдонуучу Ушул Макулдашуунун 4.7.2, 4.7.12-бөлүкчөлөрүндө каралган жоболорду бузган учурда, Колдонуучу 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө айып төлөйт.
9.9. В случае нарушения Пользователем положений, предусмотренных п.п. 4.7.6 настоящего Соглашения, Пользователь оплачивает штраф в размере 35 000 (тридцати пяти тысяч) сомов. 9.9. Колдонуучу Ушул Макулдашуунун 4.7.6-бөлүкчөсүндө каралган жоболорду бузган учурда, Колдонуучу 35 000 (отуз беш миң) сом өлчөмүндө айып төлөйт.
9.10. В случае нарушения Пользователем положений, предусмотренных п.п. 4.7.16, 4.9.8 настоящего Соглашения, Пользователь уплачивает штраф в размере 1 000 (одной тысячи) сомов. 9.10. Колдонуучу Ушул Макулдашуунун 4.7.16, 4.9.8-бөлүкчөлөрүндө каралган жоболорду бузган учурда, Колдонуучу 1 000 (бир миң) сом өлчөмүндө айып төлөйт.
9.11. В случае нарушения Пользователем положений, предусмотренных п. 4.7.7 настоящего Соглашения, Пользователь уплачивает штраф в размере 500 (пятисот) сомов. 9.11. Колдонуучу ушул Макулдашуунун 4.7.7-бөлүкчөсүндө каралган жоболорду бузган учурда, Колдонуучу 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө айып төлөйт.
9.12. В случае нарушения Пользователем положений, предусмотренных п. 4.8.4 настоящего Договора, Пользователь уплачивает штраф в размере 1 000 (одной тысячи) сомов за каждого человека. 9.12. Колдонуучу ушул Келишимдин 4.8.4-бөлүкчөсүндө каралган жоболорду бузган учурда, Колдонуучу ар бир үчүн 1 000 (бир миң) сом өлчөмүндө айып төлөйт.
9.13. В случае уклонения Пользователя от оформления ДТП, произошедшего в период Аренды СИМ, в порядке, предусмотренном действующим законодательством, и/или сокрытия с места ДТП, Пользователь по требованию Яндекса выплачивает Яндексу штраф в размере 20 000 (двадцати тысяч) сомов. 9.13. Эгерде Колдонуучу ЖМКны ижарага алуу мезгилинде болгон ЖККны каттоодон качса, колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте жана/же ЖКК болгон жерден жашырынса, Колдонуучу Яндекстин талабы боюнча Яндекске 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.
10. Страхование 10. Камсыздандыруу
10.1. Пользователь признается застрахованным лицом по договору страхования, заключенному Партнером со страховщиком в рамках оказания Партнером услуг по Подключению к страхованию. 10.1. Колдонуучу Өнөктөштүн камсыздандырууга Кошулуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн чегинде камсыздандыруучу менен түзгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылган жак катары таанылат.

10.2. Пользователю доступна базовая страховка. Содержание базовой страховки, а также подробные условия базового страхования доводятся до Пользователя посредством функционала Приложения.

Базовая страховка применяется для всех третьих лиц, использующих СИМ в рамках Совместной поездки.

Базовая страховка доступна и применяется без взимания дополнительной платы.

10.2. Колдонуучуга базалык камсыздандыруу жеткиликтүү. Базалык камсыздандыруунун мазмуну, ошондой эле базалык камсыздандыруунун толук шарттары Колдонуучуга Колдонмонун функционалы аркылуу жеткирилет.

Базалык камсыздандыруу Бирге жол жүрү чегинде ЖМКны колдонуучу бардык үчүнчү жактарга карата колдонулат.

Базалык камсыздандыруу жеткиликтүү жана эч кандай кошумча төлөмсүз колдонулат.

10.3. Пользователю доступна услуга подключения к Программе расширенного страхования. Содержание Программы расширенного страхования, а также подробные условия подключения к Программе расширенного страхования доводятся до Пользователя посредством функционала Приложения.

10.3. Колдонуучуга Кеңейтилген камсыздандыруу программасына кошулуу кызматы жеткиликтүү. Кеңейтилген камсыздандыруу программалары, ошондой эле Кеңейтилген камсыздандыруу программасына кошулуунун толук шарттары Колдонуучуга Колдонмонун функционалы аркылуу жеткирилет.

10.4. При подключении Пользователем Программы расширенного страхования, Партнер обеспечивает функции информационного помощника Пользователя. Яндекс и/или Партнер не осуществляет лицензируемую страховую деятельность. В рамках оказания услуг по Подключению к страхованию Партнер вправе осуществлять контроль за исполнением страховщиком своих обязательств перед Пользователем в рамках возникшего страхового случая Пользователя, осуществлять коммуникацию со страховщиком в рамках возникшего страхового случая Пользователя, информировать Пользователя об исполнении страховщиком своих обязательств перед Пользователем и об иных обстоятельствах, связанных со страхованием, по запросу Пользователя.

Программа расширенного страхования может подключаться Пользователем для всех третьих лиц, использующих СИМ в рамках Совместной поездки.

10.4. Колдонуучу Кеңейтилген камсыздандыруу программасына кошулганда, Өнөктөш Колдонуучунун маалыматтык жардамчысы функциясын камсыз кылат. Яндекс жана/же Өнөктөш лицензияланган камсыздандыруу ишмердигин жүргүзбөйт. Камсыздандырууга кошулуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн алкагында Өнөктөш Колдонуучунун келип чыккан камсыздандыруу окуясынын алкагында камсыздандыруучунун Колдонуучунун алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруусун көзөмөлдөөгө, Колдонуучунун келип чыккан камсыздандыруу окуясынын алкагында камсыздандыруучу менен байланышууга, Колдонуучунун суроосу боюнча камсыздандыруучунун Колдонуучунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу жана камсыздандырууга байланыштуу башка жагдайлар жөнүндө Колдонуучуга маалымдоого укуктуу.

Кеңейтилген камсыздандыруу программасы Колдонуучу тарабынан Бирге жол жүрүү алкагында ЖМКны колдонгон бардык үчүнчү жактар үчүн кошула алат.

10.5. Программа расширенного страхования может быть недоступна при использовании отдельных Сервисов Партнера, информация о чем доводится в Приложении. 10.5. Кеңейтилген камсыздандыруу программасы айрым Өнөктөш Кызматтарын колдонууда жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн, алар жөнүндө маалымат Колдонмодо жеткирилет.
11. Обработка персональных данных 11. Жеке маалыматтарды иштетүү

11.1. При акцепте настоящих Условий Пользователь дает Яндексу свое согласие на обработку персональных данных в целях:

  • предоставления пользователю Сервиса в пределах его функциональных возможностей,
  • исполнения настоящих Условий,
  • участия Пользователей в стимулирующих мероприятиях, акциях, конкурсах, организатором или заказчиком которых является Яндекс, а также определения победителей и вручения призов;
  • предоставления клиентской и технической поддержки,
  • защиты и осуществления прав и интересов Яндекса и третьих лиц, а также реализации обязанностей Яндекса по закону.

Персональные данные Пользователя могут быть обработаны в следующем объеме: фамилия, имя, отчество (при наличии), номер телефона, адрес электронной почты, а также иные категории персональных данных, самостоятельно указанные Пользователем в процессе использования Сервиса в пределах его функциональных возможностей.

11.1. Бул Шарттар акцептелген учурда, Колдонуучу Яндекске жеке маалыматтарды төмөнкү максаттарда иштетүүгө макулдугун берет:

  • колдонуучуга Кызматты анын функционалдык мүмкүндүктөрүнүн чегинде көрсөтүү,
  • ушул Шарттарды аткаруу,
  • Колдонуучулардын Яндекс уюштурган же буйрутма берүүчүсү болуп саналган дем берүүчү иш-чараларга, акцияларга, мелдештерге катышуусу, ошондой эле жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлыктарды тапшыруу;
  • клиенттик жана техникалык колдоо көрсөтүү,
  • Яндекстин жана үчүнчү жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана ишке ашыруу, ошондой эле Яндекстин мыйзам боюнча милдеттенмелерин ишке ашыруу.

Колдонуучунун жеке маалыматтары төмөнкүдөй өлчөмдө иштетилиши мүмкүн: фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде бар болсо), телефон номери, электрондук почтанын дареги, ошондой эле Колдонуучу тарабынан Кызматты анын функционалдык мүмкүндүктөрү чегинде пайдалануу процессинде өз алдынча көрсөтүлгөн жеке маалыматтардын башка категориялары.

11.2. При акцепте настоящих Условий Пользователь дает Яндексу свое согласие на передачу его персональных данных Партнеру Сервиса, а именно: ОсОО «Промо Экспресс» (Регистрационный номер 161251-3301-ООО, Адрес: г. Бишкек, Первомайский район, ул. Горького 27/1, офис 702) для целей осуществления и выполнения возложенных законодательством Кыргызской Республики на Партнера функций, полномочий и обязанностей (для ответов на обращения Пользователей, органов государственной власти в пределах их полномочий, для целей контактов с Пользователями по вопросам предоставления услуг или иной информации). Яндекс передает персональные данные Пользователя только по мотивированному запросу Партнера в случаях, установленных договором между Яндексом и Партнерами и в объеме, объективно необходимом для конкретной цели взаимодействия с Пользователем. Персональные данные Пользователя могут быть переданы Партнеру в следующем объеме: фамилия, имя, отчество (при наличии), номер телефона, технические идентификаторы и любая иная информация о поездке и (или) СИМ, а также иные категории персональных данных, самостоятельно указанные Пользователем в процессе использования Сервиса в пределах его функциональных возможностей и в службу поддержки Яндекса. 11.2. Бул Шарттарды акцептөө менен, Колдонуучу Яндекске өзүнүн жеке маалыматтарын Кызмат Өнөктөшүнө, тактап айтканда: «Промо Экспресс» ЖЧКсына (каттоо номери 161251-3301-ЖЧК, Дареги: Бишкек ш., Первомайский району, Горький көч. 27/1, 702-кеңсе) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн функцияларды, ыйгарым укуктарды жана милдеттерди ишке ашыруу жана аткаруу максатында (Колдонуучулардын, мамлекеттик органдардын өз ыйгарым укуктарынын чегиндеги суроо-талаптарына жооп берүү үчүн, кызмат көрсөтүү же башка маалыматтарды берүү маселелери боюнча Колдонуучулар менен байланышуу максатында) өткөрүп берүүгө макулдугун берет. Яндекс Колдонуучунун жеке маалыматтарын Өнөктөштүн жүйөлүү суроо-талабы боюнча гана Яндекс менен Өнөктөштөрдүн ортосундагы келишимде белгиленген учурларда жана Колдонуучу менен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү максаттары үчүн объективдүү зарыл өлчөмдө өткөрүп берет. Колдонуучунун жеке маалыматтары Өнөктөшкө төмөнкү көлөмдө өткөрүлүп берилиши мүмкүн: фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде бар болсо), телефон номери, техникалык идентификаторлору жана жол жүрүү жана (же) ЖМК жөнүндө башка ар кандай маалыматтар, ошондой эле Кызматты анын функционалдык мүмкүндүктөрү чегинде колдонуу процессинде жана Яндекс колдоо кызматына Колдонуучу тарабынан өз алдынча көрсөтүлгөн жеке маалыматтардын башка категориялары.

11.3. При акцепте настоящих Условий Пользователь дает Исполнителям свое согласие на передачу его персональных данных страховщикам, с которыми у Партнеров имеется действующий договор страхования и по которому Пользователь является выгодоприобретателем, а именно ЗАО СК «АЮ Гарант» (Регистрационный номер: 126882-3301-ОАО, Адрес: 720040 Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул.Токтогула, 126) для целей осуществления страхования Пользователя и его имущества и предоставления возможности получения Пользователем страхового возмещения в связи со страховым случаем, произошедшим при использовании Сервиса, а также для исполнения договора страхования между Партнерами и страховщиком, выгодоприобретателем по которому является Пользователь. Персональные данные Пользователя могут быть переданы страховщикам в следующем объеме: фамилия, имя, отчество (при наличии), город, технические идентификаторы и любая иная информация о поездке и (или) СИМ, информация о виде (тарифе) страхования, а также иные категории персональных данных, самостоятельно указанные Пользователем в процессе использования Сервиса в пределах его функциональных возможностей и в службу поддержки Яндекса.

Пользователь как выгодоприобретатель по договору страхования имеет право самостоятельно обращаться к страховщикам и предоставлять им свои персональные данные без участия Яндекса.

11.3. Бул Шарттарды акцептөө менен Колдонуучу Аткаруучуларга өзүнүн жеке маалыматтарын Өнөктөштөр менен жарактуу камсыздандыруу келишими бар жана Колдонуучу пайда табуучу болуп саналган камсыздандыруучуларга, тактап айтканда, «АЮ Гарант» КК ЖАКсына (каттоо номери: 126882 -3301-ААК, Дареги: 720040 Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Токтогул көч., 126) Колдонуучуну жана анын мүлкүн камсыздандыруу жана Колдонуучуга Кызматты пайдалануу учурунда пайда болгон камсыздандыруу окуясына байланыштуу камсыздандыруу төлөмүн алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле Колдонуучу пайда табуучусу болгон Өнөктөштөр менен камсыздандыруучунун ортосундагы камсыздандыруу келишимин аткаруу максатында өткөрүп берүүгө макулдугун берет. Колдонуучунун жеке маалыматтары камсыздандыруучуларга төмөнкү көлөмдө өткөрүп берилиши мүмкүн: фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), шаар, техникалык идентификаторлору жана жол жүрүү жана (же) ЖМК жөнүндө башка ар кандай маалыматтар, камсыздандыруу түрү (тариф) жөнүндө маалымат, ошондой эле Кызматты анын функционалдык мүмкүндүктөрү чегинде колдонуу процессинде жана Яндекс колдоо кызматына Колдонуучу тарабынан өз алдынча көрсөтүлгөн жеке маалыматтардын башка категориялары.

Колдонуучу камсыздандыруу келишими боюнча пайда табуучу катары камсыздандыруучуларга өз алдынча кайрылуу жана аларга өзүнүн жеке маалыматтарын Яндекстин катышуусуз берүүгө укуктуу.

11.4. При акцепте настоящих Условий Пользователь дает Яндексу свое согласие на обработку персональных данных в целях продвижения товаров, работ, услуг на рынке путем осуществления прямых контактов путем получения сообщений рекламного характера от OcOO «Яндекс Деливери КейДжи», Партнеров Сервиса, рекламодателей рекламной сети Яндекса и группы Яндекса, как этот термин определен в Политике конфиденциальности, размещенной по адресу https://yandexgo.com/legal/yandexgo_privacy_notice. Сообщения рекламного характера могут быть направлены посредством push-уведомлений. Персональные данные Пользователя могут быть обработаны в следующем объеме: фамилия, имя, отчество (при наличии), номер телефона, адрес электронной почты, имя пользователя в мессенджере, а также иные категории персональных данных, самостоятельно указанные Пользователем в процессе использования Сервиса в пределах его функциональных возможностей.

Пользователь вправе отказаться от получения сообщений рекламного характера путем использования соответствующего функционала Сервиса (Приложение - раздел «Настройки» - «Уведомления» - «Еще» - «Об акциях и новостях в других сервисах» - «Самокаты») или следуя инструкциям, указанным в полученном сообщении рекламного характера.

11.4. Бул Шарттарды акцептөө менен Колдонуучу Яндекске «Яндекс Деливери КейДжи» ЖЧКсынан, Кызматтын Өнөктөштөрүнөн, Яндекс жарнама тармагынын жана Яндекс тобунун жарнама берүүчүлөрүнөн бул термин. https://yandexgo.com/legal/yandexgo_privacy_notice дарегинде жайгашкан Купуялык саясатында аныкталгандай жарнамалык билдирүүлөрдү алуу жолу менен түздөн-түз байланыштарды жүзөгө ашыруу аркылуу товарларды, жумуштарды, кызматтарды рынокто илгерилетүү максатында жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугун берет. Жарнамалык билдирүүлөрдү push билдирүүлөр аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Колдонуучунун жеке маалыматтары төмөнкүдөй көлөмдө иштетилиши мүмкүн: фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде бар болсо), телефон номери, электрондук почта дареги, мессенджердеги колдонуучунун аты, ошондой эле Кызматты анын функционалдык мүмкүндүктөрү чегинде колдонуу процессинде Колдонуучу тарабынан өз алдынча көрсөтүлгөн жеке маалыматтардын башка категориялары.

Колдонуучу Кызматтын тиешелүү функционалын (Колдонмо – «Баптоолор» бөлүмү – «Билдирүүлөр» – «Дагы» – « Башка кызматтардагы акциялар жана жаңылыктар жөнүндө» – «Самокаттар») колдонуу менен же кабыл алынган жарнамалык билдирүүдө көрсөтүлгөн нускамаларды аткаруу менен жарнамалык билдирүүлөрдү алуудан баш тартууга укуктуу.

11.5. Персональные данные Пользователя обрабатываются в течение всего срока действия Договора до момента его расторжения в установленном законом и (или) настоящими Условиями порядке. После достижения цели обработки персональных данных Пользователя и расторжения Договора Яндекс вправе продолжить обработку персональных данных Пользователя при наличии оснований, указанных в ст. 5, ч.2 ст. 8 Закона Кыргызской Республики «Об информации персонального характера» от 14 апреля 2008 года № 58, но не более сроков, предусмотренных действующим законодательством.

11.5. Колдонуучунун жеке маалыматтары Келишимдин бүткүл мөөнөтүндө ал мыйзамда жана (же) ушул Шарттарда белгиленген тартипте токтотулганга чейин иштетилет. Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүү максатына жеткенден жана Келишим бузулгандан кийин, Яндекс Колдонуучунун жеке маалыматтарын Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинде, 8‑беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгон жагдайда, бирок колдонуудагы мыйзамдарда каралган мөөнөттөн ашпаган мезгилде иштетүүнү улантууга укуктуу.

11.6. При предоставлении функциональности Сервиса Яндекс не принимает каких-либо решений, порождающих юридические последствия в отношении Пользователя или иным образом затрагивающих его права и законные интересы.

11.6. Кызматтын функционалдуулугун камсыз кылууда Яндекс Колдонуучуга карата юридикалык кесепеттерге алып келүүчү же анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын башка жол менен козгоочу чечимдерди кабыл албайт.

11.7. При предоставлении функциональности Сервиса Яндекс может собирать отдельные согласия на обработку персональных данных Пользователей для доступа к дополнительным (необязательным) опциям Сервиса. Пользователь свободно, своей волей и в своем интересе предоставляет Яндексу такие согласия на обработку персональных данных.

11.7. Кызматтын функционалдуулугун камсыз кылууда Яндекс Кызматтын кошумча (милдеттүү эмес) опцияларына жетүү үчүн Колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштетүүгө өзүнчө макулдуктарды чогултушу мүмкүн. Колдонуучу ээн-эркин, өз каалоосу боюнча жана өз кызыкчылыгы үчүн, Яндекске жеке маалыматтарды иштетүүгө ушундай макулдуктарды берет.

11.8. Согласие на обработку персональных данных в случаях, указанных в п. 11.7 настоящих Условий, может быть отозвано Пользователем посредством доступной функциональности Сервиса или иным способом, предусмотренным законом. В указанных случаях Яндекс продолжит обрабатывать персональные данные Пользователя в целях исполнения настоящих Условий.

11.8. Ушул Шарттардын 11.7-бөлүкчөсүндө көрсөтүлгөн учурларда жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук Колдонуучу тарабынан Кызматтын жеткиликтүү функционалдуулугун аркылуу же мыйзамда каралган башка ыкмалар менен кайтарылып алынышы мүмкүн. Мындай учурларда, Яндекс ушул Шарттарды аткаруу максатында Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүүнү улантат.

11.9. Пользователь имеет право требовать прекращения обработки персональных данных. Пользователь уведомлен и осознает, что последствием требования прекращения обработки персональных данных является полное расторжение настоящего Договора между Пользователем и Яндексом, вследствие чего доступ к Сервису будет удален. В этом случае Яндекс прекратит обработку персональных данных и обеспечит их уничтожение в сроки, установленные законодательством Кыргызской Республики.

11.9. Колдонуучу жеке маалыматтарды иштетүүнү токтотууну талап кылууга укуктуу. Колдонуучуга жеке маалыматтарды иштетүүнү токтотуу талабынын натыйжасы Колдонуучу менен Яндекстин ортосундагы ушул Келишимдин толук бузулушу болуп саналаарын, анын натыйжасында Кызматка жетүү (кирүү) жок болору жөнүндө билдирилген жана ал муну түшүнөт. Бул учурда Яндекс жеке маалыматтарды иштетүүнү токтотот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө аларды жок кылууну камсыз кылат.

11.10. Перечень действий (операций) с персональными данными: сбор, запись, систематизация, накопление, хранение, уточнение (обновление, изменение), извлечение, использование, передача (предоставление, доступ), обезличивание, блокирование, удаление, уничтожение с использованием средств автоматизации или без использования таких средств.

11.10. Жеке маалыматтар менен иш-аракеттердин (операциялардын) тизмеси: каражаттарды автоматташтыруу куралдарын пайдалануу менен же мундай каражаттарды пайдаланбастан чогултуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), алуу, пайдалануу, өткөрүп берүү (берүү, жетүү), ээсиздендирүү, бөгөттөө, жоюу, жок кылуу.

11.11. Персональные данные Пользователя обрабатываются на условиях Политики конфиденциальности, размещенной по адресу https://yandexgo.com/legal/yandexgo_privacy_notice.

11.11. Колдонуучунун жеке маалыматтары https://yandexgo.com/legal/yandexgo_privacy_notice дарегинде жайгаштырылган Купуялык саясатынын шарттарында иштетилет.

11.12. Пользователь заверяет Яндекс об обстоятельстве, имеющем значение для исполнения настоящих Условий и предоставления Сервиса, что все указанные им персональные данные являются достоверными и относятся к нему самому, и несет ответственность за любые негативные последствия недостоверности предоставленных персональных данных.

11.12. Колдонуучу Яндексти ушул Шарттарды аткаруу жана Кызматты көрсөтүү үчүн маанилүү болгон жагдай жөнүндө, ал тарабынан көрсөтүлгөн бардык жеке маалыматтар ишенимдүү жана өзүнө тиешелүү экендигине жана берген жеке маалыматтарынын ишенимсиздигинин ар кандай терс кесепеттери үчүн жоопкерчиликтүү экендигине ынандырат.

11.13. Яндекс не несет ответственность за конфиденциальность информации о Пользователе, если:

  • она является или стала общедоступной без нарушения Яндексом своих обязательств по Договору;
  • она получена законным путем от третьего лица без нарушения Яндексом своих обязательств по Договору и без нарушения третьим лицом аналогичных обязательств.

11.13. Яндекс Колдонуучу жөнүндө маалыматтын купуялуулугу үчүн, эгерде:

  • ал Яндекс Келишим боюнча өз милдеттенмелерин бузбастан жалпыга жеткиликтүү болуп саналса же жеткиликтүү болуп калса;
  • ал үчүнчү тараптан мыйзамдуу түрдө Яндекс Келишим боюнча өз милдеттерин бузбастан жана үчүнчү тарап ушул сыяктуу милдеттенмелерди бузбастан алынган болсо;

    жоопкерчилик тартпайт.

12. Расторжение и изменение Условий

12. Шарттарды бузуу жана өзгөртүү

12.1. Яндекс вправе предлагать изменения настоящих Условий размещением их новой редакции по адресу: https://yandex.com/legal/samokaty_ky. Пользователь соглашается с предложенными изменениями Условий путем выражения согласия в порядке, предусмотренном в п. 2.1 Условий, путем бронирования и/или Аренды СИМ Партнера после размещения Яндексом новой редакции Условий. В случае если с момента заключения Соглашения текст Соглашения, размещенный по адресу https://yandex.com/legal/samokaty_ky, был изменен, то арендуя СИМ, Пользователь подтверждает, что он ознакомился с изменениями и согласен с действующей редакцией Соглашения.

12.1. Яндекс https://yandex.com/legal/samokaty_ky дареги боюнча жаңы редакциясын жайгаштыруу менен ушул Шарттарга өзгөртүүлөр киргизүүнү сунуштоого укуктуу. Колдонуучу Яндекс Шарттардын жаңы версиясын жайгаштыргандан кийин Өнөктөштүн ЖМКсын брондоо жана/же ижарага алуу аркылуу Шарттардын 2.1-бөлүкчөсүндө каралган тартипте макулдугун билдирүү менен, Шарттарга сунушталган өзгөртүүлөргө макул болот. Эгерде Макулдашуу түзүлгөндөн бери https://yandex.com/legal/samokaty_ky дареги боюнча жайгаштырылшан Макулдашуунун тексти өзгөртүлгөн болсо, анда ЖМКны ижарага алуу менен Колдонуучу өзгөртүүлөр менен таанышкандыгын жана Макулдашуунун колдонуудагы редакциясына макулдугун ырастайт.

12.2. Настоящее Соглашение может быть расторгнуто по инициативе любой из Сторон.

12.2. Бул Макулдашуу Тараптардын биринин демилгеси боюнча токтотулушу мүмкүн.

12.3. Стороны пришли к соглашению, что по требованию Партнера и/или Яндекса настоящее Соглашение может быть расторгнуто в следующих случаях:

12.3. Тараптар Өнөктөштүн жана/же Яндекстин талабы боюнча бул Макулдашуу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн деп макулдашышты:

12.3.1. Нарушение Пользователем Условий использования Сервиса, размещенных по адресу: https://yandex.com/legal/samokaty_ky ;

12.3.1. Колдонуучу тарабынан https://yandex.com/legal/samokaty_ky дареги боюнча жайгашкан Кызматты пайдалануу шарттарынын бузулушу;

12.3.2. Нарушение Пользователем Лицензионного соглашения на использование программы Яндекс Go для мобильных устройств, размещенного по адресу: https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement .

12.3.2. Колдонуучу тарабынан https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement дареги боюнча жайгашкан мобилдик түзмөктөр үчүн Яндекс Go программасын колдонууга Лицензиялык макулдашуунун бузулушу.

12.3.3. Наличие непогашенной задолженности Пользователя перед Партнером. 12.3.3. Колдонуучунун Өнөктөш алдында төлөбөгөн карызынын болушу.
12.4. Настоящее Соглашение может быть расторгнуто Яндексом досрочно в одностороннем внесудебном порядке при неоднократном нарушении (более 2 (двух) раз) Пользователем условий настоящего Соглашения посредством направления Пользователю уведомления через Приложение. При одностороннем отказе Яндекса от Соглашения, Соглашение считается расторгнутым с момента уведомления Пользователя через Приложение. 12.4. Колдонуучу бул Макулдашуунун шарттарын Колдонуучуга Колдонмо аркылуу билдирүү жөнөтүү жолу менен кайталап (2 (эки) жолудан ашык) бузган учурда, бул Макулдашуу Яндекс тарабынан мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу соттон тышкары тартипте бузулушу мүмкүн. Эгерде Яндекс Макулдашуудан бир тараптуу баш тартса, Колдонуучуга Колдонмо аркылуу билдирилген учурдан тартып Макулдашуу бузулду деп эсептелет.
12.5. Настоящее Соглашение может быть досрочно расторгнуто Пользователем в одностороннем внесудебном порядке в любое время посредством интерфейса Приложения. При одностороннем отказе Пользователя от Соглашения, Соглашение считается расторгнутым с момента уведомления Яндекса через Приложение. 12.5. Бул Макулдашуу Колдонуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу соттон тышкары тартипте, каалаган убакта Колдонмонун интерфейси аркылуу бузулушу мүмкүн. Эгерде Колдонуучу Макулдашуудан бир тараптуу баш тартса, Макулдашуу Яндекске Колдонмо аркылуу билдирилген учурдан тартып бузулду деп эсептелет.
12.6. По всем другим основаниям, которые не перечислены в п. 12.1 - 12.5 настоящих Условий, при отсутствии согласия Сторон Соглашение расторгается в судебном порядке. 12.6. Ушул Шарттардын 12.1–12.5-бөлүкчөлөрүндө каралбаган бардык башка негиздер боюнча, Тараптардын макулдугу жок болсо, Макулдашуу сот тартибинде бузулат.
12.7. Обязательства Сторон по Соглашению, которые в силу своей природы должны продолжать действовать после прекращения Соглашения (включая, но не ограничиваясь, обязательства в отношении конфиденциальности, проведения взаиморасчетов, и т. д.), остаются в силе после прекращения действия настоящего Соглашения. 12.7. Макулдашуу боюнча Тараптардын өз табияты боюнча Макулдашуу бузулгандан кийин колдонула бериши керек болгон милдеттенмелери (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, купуялык, өз ара эсептешүү ж.б. боюнча милдеттенмелер) ушул Макулдашуунун күчү токтотулгандан кийин да сакталат.
12.8. Соглашение вступает в силу с момента Акцепта в порядке, предусмотренном настоящим Соглашением. 12.8. Макулдашуу ушул Макулдашууда каралган тартипте акцептелген учурдан тартып күчүнө кирет.
12.9. Соглашение является бессрочным, а в части аренды конкретного СИМ – до завершения Аренды. 12.9. Макулдашуу мөөнөтсүз, ал эми белгилүү бир ЖМКны ижарага алуу шартында – Ижара мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болуп саналат.
13. Иные положения 13. Башка жоболор
13.1. Настоящее Соглашение регулируется и толкуется в соответствии с законодательством Кыргызской Республики. Вопросы, не урегулированные настоящим Соглашением, подлежат разрешению в соответствии с законодательством Кыргызской Республики. 13.1. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет. Ушул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш.
13.2. Все споры и разногласия, возникающие между Сторонами, будут разрешаться путем переговоров. При неурегулировании в процессе переговоров спорных вопросов все споры по Соглашению или в связи с ним подлежат рассмотрению в судебном порядке в соответствии с действующим законодательством Кыргызской Республики. 13.2. Тараптардын ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талаштуу маселелер чечилбесе, Макулдашуу боюнча же ага байланыштуу бардык талаштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралууга жатат.
13.3. Яндекс и/или привлекаемые третьи лица вправе осуществлять сбор мнений и отзывов Пользователей по различным вопросам работы Сервиса в статистических целях, для контроля качества предоставляемой Аренды или предоставляемого доступа к функциональным возможностям Сервиса, а также использовать полученные данные в обезличенном виде для работы Сервиса. Опрос Пользователей может проводиться путем направления информационного сообщения либо осуществления связи по контактным данным, указанным Пользователем в учетной записи (посредством телефонных звонков или сообщений). 13.3. Яндекс жана/же тартылган үчүнчү жактар статистикалык максаттар үчүн, берилген Ижаранын сапатын же Кызматтын функционалдык мүмкүндүктөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөө үчүн Кызматтын ар кандай маселелери боюнча Колдонуучулардан ой-пикирлерди жана пикирлерди чогултууга, аны менен бирге Кызматтын иштеши үчүн ээсиздендирилген түрдө алынган маалыматтарды пайдаланууга укуктуу. Колдонуучуларды сурамжылоо маалыматтык билдирүү жөнөтүү же каттоо эсебинде Колдонуучу тарабынан көрсөтүлгөн байланыш маалыматын колдонуу менен байланышуу (телефон чалуулары же билдирүүлөр аркылуу) аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
13.4. Яндекс может временно или постоянно ограничить Пользователю доступ к Аренде или к функциональным возможностям Сервиса без объяснения причин, в том числе в случае нарушения Пользователем настоящих Условий, распоряжения уполномоченного органа, причинения ущерба Яндексу или третьим лицам (равно как и для пресечения таких действий), создания опасности для окружающих, защиты прав и законных интересов Яндекса и третьих лиц, получения неоднократных жалоб на действия Пользователя, в том числе в случае нарушения правил и условий, которые обеспечивают безопасное использование СИМ. 13.4. Яндекс эч себепсиз, анын ичинде Колдонуучу тарабынан ушул Шарттар, ыйгарым укуктуу органдын буйругу бузулган, Яндекске же үчүнчү жактарга зыян келтирилген, айланадагыларга, Яндекстин жана үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коркунуч жаратылган, Колдонуучунун аракеттерине кайталап даттануулар алынган, анын ичинде ЖМКны коопсуз колдонууну камсыз кыла турган эрежелер жана шарттарды бузулган учурда (ошондой эле мындай аракеттерге бөгөт коюу үчүн), Колдонуучунун Ижарага же Кызматтын функционалдык мүмкүндүктөрүнө жетишине убактылуу же биротоло чектөө киргизиши мүмкүн.
13.5. Пользователь, соглашаясь с настоящими Условиями, осведомлен и подтверждает, что Пользователь и Партнер определяют предмет аренды и условия использования конкретного СИМ в письменной форме: в порядке обмена электронными документами, как это предусмотрено п. 2 ст. 395 Гражданского кодекса Кыргызской Республики, с использованием Приложения. Стороны признают, что Приложение позволяет достоверно установить Сторону Договора, а также факт того, что электронные документы исходят от Сторон по Договору. Договор Аренды СИМ не является рамочным и заключается в отношении аренды конкретного СИМ. Для заключения Договора Партнер направляет в Приложении Пользователю Договор, являющийся офертой, информацию о СИМ, доступных для Аренды, и условия их использования, а Пользователь направляет в Приложении акцепт оферты в форме сообщения о согласии с условиями Договора и согласии на принятие в аренду конкретного СИМ из направленного Исполнителями списка на условиях, указанных в оферте, в том числе путем нажатия кнопки в Приложении, выражающей согласие Пользователя с Договором, в случае если он согласен с условиями Договора, или отказ от акцепта оферты в форме соответствующего сообщения, в случае если он не согласен с условиями Договора. 13.5. Колдонуучу, ушул Шарттарга макул болуу менен, Колдонуучу жана Өнөктөш Колдонмонун колдонуу менен ижара предметин жана белгилүү бир ЖМКны колдонуу шарттарын жазуу жүзүндө: Республикасынын Граждандык кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүкчөсүндө каралган электрондук документтерди алмашуу тартибинде аныктай тургандыгын билет жана тастыктайт. Тараптар Колдонмо Келишимдин Тарапын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк берерин, ошондой эле электрондук документтер Келишимдин Тараптарынан келгендигин моюнга алышат. ЖМКнын Ижара келишими алкактык болуп саналбайт жана белгилүү бир ЖМКнын ижарасына байланыштуу түзүлөт. Келишим түзүү үчүн Өнөктөш Колдонмодо Колдонуучуга оферта болуп саналуучу Келишимди, Ижарага жеткиликтүү ЖМКлар жөнүндө маалыматты жана аларды колдонуу шарттарын жөнөтөт, ал эми Колдонуучу эгерде ал Келишимдин шарттарына макул болсо Колдонмодо Келишимдин шарттары менен макулдашуу жана Аткаруучулар тарабынан жөнөтүлгөн тизмеден белгилүү бир ЖМКны офертада көрсөтүлгөн шарттарда ижарага алууга макулдук берүү жөнүндө билдирүү түрүндө, анын ичинде Колдонмодогу Колдонуучунун макулдугун билдирүүчү баскычты басуу аркылуу офертаны акцептөөнү, же эгерде ал Келишимдин шарттарына макул болбосо, тиешелүү билдирүү түрүндө офертаны акцептөөдөн баш тартууну жөнөтөт.
13.6. Стороны признают действительность сообщений, а также отсканированных копий документов, направленных и полученных с использованием Приложения, а также по электронной почте, позволяющей достоверно установить, что сообщение и/или документ исходит от Стороны по настоящему Договору. Для целей оперативного взаимодействия Стороны вправе использовать телефонную связь. Яндекс использует для связи с Пользователем контактные данные Пользователя, указанные им при регистрации в Приложении. Пользователь несет ответственность за достоверность сведений, предоставляемых Яндексу, включая адрес электронной почты, указанной Пользователем при регистрации в Приложении. Пользователь обязан использовать для связи с Яндексом и/или Партнером данные Яндекса и/или Партнера, указанные в Условиях и в Приложении. 13.6. Тараптар билдирүүлөрдүн, ошондой эле Колдонмонун жардамы менен, аны менен бирге билдирүүнүн жана/же документтин ушул Келишимге ылайык Тараптан келгендигин ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бере турган электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн жана алынган документтердин сканерленген көчүрмөлөрүнүн жарактуулугун таанышат. Оперативдүү өз ара аракеттенүү максатында Тараптар телефон байланышын пайдаланууга укуктуу. Яндекс Колдонуучу менен байланышуу үчүн Колдонуучу Колдонмого катталуу учурунда көрсөткөн байланыш маалыматын колдонот. Колдонуучу Яндекске берилген маалыматтын, анын ичинде Колдонуучунун Колдонмодо катталууда көрсөткөн электрондук почта дарегинин тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Колдонуучу Яндекс жана/же Өнөктөш менен байланышуу үчүн Шарттарда жана Колдонмодо көрсөтүлгөн Яндекс жана/же Өнөктөш маалыматтарын пайдаланууга милдеттүү.
13.7. Стороны пришли к соглашению, что конкретный Пользователь, осуществляющий любые действия в Приложении, в том числе, но не ограничиваясь указанным, акцептирующий Условия, принимающий СИМ в Аренду, СИМ, в отношении которого осуществляются какие-либо действия Пользователем, в том числе, в отношении которого оказываются дополнительные услуги и которое находится в пользовании у Пользователя, а также дата и время приема-передачи СИМ, а также совершения иных действий, предусмотренных Соглашением, определяются на основании данных удаленного учета указанной информации Яндекса. 13.7. Тараптар Колдонмодо кандайдыр бир аракеттерди жасай турган, анын ичинде көрсөтүлгөндөр менен чектелбестен Шарттарды акцептөөчү, ЖМКны Ижарага кабыл алуучу конкреттүү Колдонуучу, ага карата Колдонуучу тарабынан ар кандай аракеттер, анын ичинде ага карата кошумча кызматтар көрсөтүлүүчү жана Колдонуучу колдоно турган ЖМК, ошондой эле ЖМКны кабыл алуу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Макулдашууда каралган башка аракеттерди аткаруу күнү жана убактысы көрсөтүлгөн Яндекстин маалыматтарын алыстан эсепке алуу берилмелери негизинде аныкталышына макулдашты.
Адрес и иные реквизиты Яндекса: Яндекстин дареги жана башка реквизиттери:

Полное фирменное наименование: Общество с ограниченной ответственностью «Яндекс Деливери КейДжи»

Сокращенное фирменное наименование: OcOO «Яндекс Деливери КейДжи»

Место нахождения: город Бишкек, Первомайский район, ул. Бульвар Эркиндик, д. 58а

Регистрационный номер: 216547-3301-ООО

ИНН: 00404202310271

Дата регистрации: 04 апреля 2023

Толук фирмалык аталышы: «Яндекс Деливери КейДжи»жоопкерчилиги чектелген коому

Кыскартылган фирмалык аталышы: « Яндекс Деливери КейДжи» ЖЧКсы

Жайгашкан жери: Бишкек шаары, Первомайский району, Эркиндик бульвары көч., 58а

Каттоо номери: 216547-3301-ЖЧК

СДН: 00404202310271

Катталган датасы: 2023-жылдын 04 апрели

Дата публикации: 27.04.2024

Дата вступления в силу: 01.05.2024

Жарыяланган күнү: 27.04.2024

Күчүнө кирген күнү: 01.05.2024