Жүк унаасына же жеткирүүгө буйрутма берүү
Жүк унаасына кантип буйрутма берсе болот?
"Жүк ташуу" тарифи буюмдарды ташууга, дүкөндөн товар алып кетүүгө же кардарларга буйрутмаларын жеткирүүгө жардам берет. Жүк ташуучу унааны кадимки таксини чакыргандай эле чакырса болот: сиз кызмат акысын жана айдап келүү убактысын дароо көрөсүз.
Рояль жана сейф сыяктуу өзгөчө транспорттоону талап кылган буюмдардан башка бардык буюмдарды ташыса болот. Жүктү коштоп барыш керек болот. Буйрутманын "Каалоолорунда" унаа менен кошо жүк ташуучулардын келишин белгилесе болот, бирок бул кызмат үчүн кошумча акы төлөш керек болот. Жүк ташуучуларсыз машинаны тандасаңыз, анда сиз жүктү өз алдынча унаага жүктөп, кулабагандай кылып бекитип, кайра андан түшүрүшүңүз керек болот.
Эгерде сизге бир жүк ташуучу жардам берсе, жүк боюнча чектөө – бир буюмга 30 кг, жүк салуучу бөлүктүн өлчөмдөрү – бийиктиги 200 см, туурасы 200 см жана узундугу 200 см. Эки жүк ташуучуга салмак боюнча чектөө – бир буюмга 60 кг, жүк салуучу бөлүктүн өлчөмдөрү – бийиктиги 300 см, туурасы 300 см жана узундугу 300 см.
Жеткирүүгө кантип буйрутма берсе болот?
Эгер кичинекей буюмду өз алдынча жеткире албай жатсаңыз, "Жеткирүү" кызматы аны тез жөнөтүүнү мүмкүн кылат. Жеткирүүгө буйрутма берип жатканда алуучунун телефон номерин жазыңыз. Алуучу сайтка шилтеме алат — анын жардамы менен автоунаанын жолдогу кыймылына көз салып тура алат. Кызмат акысын банк картасы, Apple Pay же Google Pay аркылуу төлөсө болот.
Жөнөтмө машинага баткыдай болуп, конвертке, кутуга же баштыкка таңгакталып, салмагы 20 килограммдан ашпашы керек. Машинанын салонун бузуп, булгап коё ала турган буюмдарды ташыса болбойт.
Жөнөтмөнү "Курьер" тарифи аркылуу да жиберсе болот. Курьер сизге 20 мүнөттүн ичинде келет, ал эми алуучуга 2-3 сааттын ичинде барып калат. Жиберилүүчү буюмдун салмагы 10 килограммдан ашпашы керек.