Пользовательское соглашение сервиса Яндекс Go Еда / Yandex Go Еда (тамак-аш) сервисинин колдонуучу келишими

Пользовательское соглашение сервиса Яндекс Go Еда Yandex Go Еда (тамак-аш) сервисинин колдонуучу келишими
1. Термины и определения 1. Терминдер жана аныктамалар
Яндекс Go Еда, Яндекс — Общество с ограниченной ответственностью «Яндекс Деливери КейДжи», место нахождения: город Бишкек, Первомайский район, ул. Б Эркиндик, дом д. 58а, регистрационный номер: 216547-3301-ООО, ИНН: 00404202310271. Яндекс Go Еда, Яндекс — «Яндекс Деливери КейДжи» жоопкерчилиги чектелген коому, жайгашкан жери: Бишкек ш., Первомайский району, Б Эркиндик көч., 58а үй, каттоо номери: 216547-3301-ЖЧК, СДН: 00404202310271.
Сервис — означает программы (в том числе программы для мобильных устройств) и веб-сайты Яндекс Go Еда или его аффилированных лиц, предоставляющие Пользователю Сервиса возможность осуществить Заказ Товара и Доставки на условиях, предусмотренных в Пользовательском соглашении; Сервис — Сервисти Колдонуучуга Колдонуучу келишиминде каралган шарттарда Товарга жана Жеткирүүлөргө буйрутма кылуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү Яндекс Go Еда же анын аффилирленген жактарынын программалары (анын ичинде мобилдик түзмөктөр үчүн программалар) жана веб-сайттары;
Пользователь — физическое лицо, использующее Сервис на условиях, предусмотренных в Пользовательском соглашении, с целью осуществить Заказ Товара и Доставки; Колдонуучу — Товарга жана жеткирүүгө Буйрутма кылуу үчүн Колдонуучу келишиминде каралган шарттарда Сервисти пайдаланган жеке жак;
Авторизованный пользователь — Пользователь, авторизовавшийся на Сервисе с помощью логина и пароля, присвоенных ему при регистрации на Сервисе. Авторлоштурулган колдонуучу — Сервисте каттоодон өткөндө ага ыйгарылган логин жана сырсөз аркылуу Сервисте авторлошкон Колдонуучу.
Партнер — субъект, размещающий свои предложения и материалы на Сервисе и осуществляющий продажу Товара Пользователю при оформлении ими Заказа, а также Доставку (если Партнер самостоятельно осуществляет Доставку). Өнөктөш — бул Сервиске өзүнүн сунуштарын жана материалдарын жайгаштыруучу жана Колдонуучу Буйрутма , ошондой эле Жеткирүү (эгерде Өнөктөш Жеткирүүлөрдү өз алдынча жүргүзсө) тариздегенде Колдонуучуга Товар сатууну ишке ашыруучу субъект.
Заказ — оформленный Пользователем на Сервисе заказ Товара и Доставки. В результате Заказа Пользователь заключает договор купли-продажи Товара с Партнером и договор Доставки с Доставщиком, (если Партнер самостоятельно осуществляет Доставку, то договор Доставки с Партнером); Буйрутма — Колдонуучу тарабынан Сервисте таризделген Товарларга жана Жеткирүүлөргө буйрутма. Заказдын натыйжасында Колдонуучу Өнөктөш менен Товарды сатып алуу-сатуу келишимин жана Жеткирүүчү менен Жеткирүү келишимин түзөт (эгерде Өнөктөш Жеткирүүнү өз алдынча ишке ашырса, анда Жеткирүү келишими Өнөктөш менен болот);
Договор — договор купли-продажи Товара с Партнером или договор доставки Товара с Доставщиком (или, в случае осуществления Доставки Партнером, — с Партнером), заключаемый между Пользователем и Партнером и Доставщиком в результате оформления Заказа. Келишим — Буйрутманы тариздөө натыйжасында Колдонуучу менен Өнөктөштүн жана Жеткирүүчүнүн ортосунда түзүлө турган Товарды сатып алуу-сатуу келишими же Жеткирүүчү менен Товарды жеткирүү келишими (же Өнөктөш Жеткирүүнү ишке ашырган учурда Өнөктөш менен).
Товар — товары, являющиеся предметом договора купли-продажи, заключаемого между Пользователем и Партнером посредством оформления Пользователем Заказа на Сервисе. Договор купли-продажи Товаров и следующие из него права и обязанности при оформлении Заказа возникают непосредственно между Партнером и Пользователем. Яндекс Go Еда не является стороной и участником такого договора; Товар — Колдонуучунун Сервисте Буйрутма тариздеши аркылуу Колдонуучу менен Өнөктөштүн ортосунда түзүлө турган сатып алуу-сатуу келишиминин предмети болуп саналуучу товарлар. Товарды сатып алуу-сатуу келишими жана андан келип чыгуучу укуктар жана милдеттер Буйрутманы тариздөө учурунда түздөн-түз Өнөктөш менен Колдонуучунун ортосунда пайда болот. Яндекс Go Еда мындай келишимдин тарабы же катышуучусу болуп саналбайт;
Доставка — услуга доставки Пользователю Товара, Заказ которой Пользователь оформил в Сервисе. Заключение с Пользователем договора о доставке осуществляет Доставщик, (либо, в случае осуществления Доставки самим Партнером — Партнер). Яндекс Go Еда не является стороной и участником такого договора; Жеткирүү — Колдонуучу буйрутмасын Сервисте жайгаштырган Товарды Колдонуучуга жеткирүү кызматы. Колдонуучу менен жеткирүү келишимин түзүүнү Жеткирүүчү (же Өнөктөш өзү жеткирген учурда Өнөктөштүн өзү) ишке ашырат. Яндекс Go Еда мындай келишимдин тарабы же катышуучусу болуп саналбайт;
Доставщик — субъект, осуществляющий Доставку Товара, Заказ которого оформлен Пользователем (за исключением случаев осуществления Доставки Товара Партнером). Жеткирүүчү — Колдонуучу Буйрутмасын тариздеген Товарды жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу субъек (Товарды Өнөктөш жеткирген учурларды кошпогондо).
Пользовательское соглашение — документ, регламентирующий порядок оформления Заказа Пользователем размещенный в сети Интернет по адресу: https://yandex.com/legal/termsofuse_eda/?lang=ky. Колдонуучу келишими — бул Интернет тармагында жайгаштырылган Колдонуучу тарабынан Буйрутманы тариздөө тартибин жөнгө салуучу документ: https://yandex.com/legal/termsofuse_eda/?lang=ky.
Территория — Кыргызская Республика Аймак — Кыргыз Республикасы
Промокод — определенная последовательность символов, при условии активации которой и соблюдении иных условий использования Промокода Пользователю может предоставляться скидка на стоимость Товара и/или Доставки и/или Сервисного сбора. Промокод — бул активдештирүү жана Промокодду колдонуунун башка шарттарын сактоо шартында Колдонуучуга Товардын жана/же Жеткирүү наркына жана/же Сервистик салыкка арзандатуу берилиши мүмкүн болгон белгилердин спецификалык ырааттуулугу.
Приложение Go — программа для мобильных устройств, предоставляемая Пользователям на условиях Лицензионного соглашения на использование программы доступного по адресу: https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement. Go колдонмосу — бул программаны колдонуу үчүн Лицензиялык келишимдин шарттарына ылайык Колдонуучуларга берилген мобилдик түзүлүштөр үчүн программа, аны https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement дареги боюнча алууга болот.
Применимое законодательство — означает все применимые законы, постановления, правила и кодексы, действующие на данный момент (включая, без ограничения, все применимые законы о защите данных и конфиденциальности) в пределах Территории; Колдонулуучу мыйзамдар — Аймактын ичиндеги бардык колдонулуучу мыйзамдарды, токтомдорду, эрежелерди жана кодексдерди (анын ичинде, чектөөсүз, маалыматтарды коргоо жана купуялуулук жөнүндөөгү бардык колдонулуучу мыйзамдарды) билдирет;
В Пользовательском соглашении могут быть использованы и иные термины. При наличии возможности многозначного толкования термина наиболее приоритетным является толкование, используемое в Сервисе, во вторую очередь используется понимание термина, распространённое в Интернете, и в третью очередь толкование, приведенное в Применимом Законодательстве. Колдонуучу келишиминде башка шарттар колдонулушу мүмкүн. Эгерде терминди көп маанилүү чечмелөө мүмкүн болсо, Сервисте колдонулган чечмелөө эң жогорку артыкчылыкка ээ, экинчиден, Интернетте кеңири таралган терминди түшүнүү, үчүнчүдөн Колдонулуучу Мыйзамдарда берилген чечмелөө колдонулат.
2. Общие положения 2. Жалпы жоболор
2.1. Настоящее Пользовательское соглашение представляет собой предложение Яндекса Пользователю использовать Сервис Яндекс Go Еда. 2.1. Бул Колдонуучу келишими Яндекстин Колдонуучуга Яндекс Go Еда сервисин колдонуу сунушун билдирет.
2.2. Использование Пользователем Сервиса регулируется настоящим Пользовательским соглашением, а также: 2.2. Колдонуучунун Сервисти пайдалануусу ушул Колдонуучу келишими менен жөнгө салынат, ошондой эле:
Политикой конфиденциальности, размещенной по ссылке: https://yandex.ru/legal/confidential (далее — «Регулирующие документы»). Купуялык саясаты шилтемеде жайгаштырылган: https://yandex.ru/legal/confidential (мындан ары «Ченемдик документтер» деп аталат).
2.3. Начиная использовать функции Сервиса (полностью или частично), Пользователь считается принявшим Пользовательское соглашение, а также условия иных документов Сервиса, в полном объеме, без всяких оговорок и исключений. В случае несогласия Пользователя с какими-либо из положений Пользовательского соглашения или иных применимых документов, Пользователь не вправе использовать Сервис. 2.3. Сервистин функцияларын (толугу менен же жарым-жартылай) колдоно баштоо менен Колдонуучу Колдонуучунун келишимин, ошондой эле Сервистин башка документтеринин шарттарын толук бойдон, эч кандай эскертүүсүз же өзгөчөлүктөрсүз кабыл алды деп эсептелет. Эгерде Колдонуучу Колдонуучу Келишиминин же башка колдонулуучу документтердин кандайдыр бир жоболору менен макул болбосо, Колдонуучу Сервисти колдонууга укуктуу эмес.
2.4. Яндекс вправе в любое время без уведомления Пользователя изменить положения Пользовательского соглашения и иных документов Сервиса. 2.4. Яндекс каалаган убакта Колдонуучуга эскертүүсүз Колдонуучу келишиминин жоболорун жана Сервистин башка документтерин өзгөртүүгө укуктуу.
Пользователь обязан ознакомиться с действующей редакцией Пользовательского соглашения при совершении очередного Заказа, либо при очередной авторизации на Сервисе. Колдонуучу кезектеги Буйрутманы кылуу убагында же Сервиске кийинки авторлошуу учурунда Колдонуучу Келишиминин колдонуудагы версиясы менен таанышууга милдеттүү.
2.5. Начиная использовать Сервис, Пользователь подтверждает, что он является дееспособным и достиг возраста, необходимого в соответствии с Применимым законодательствам для заключения и исполнения всех сделок, предусмотренных Пользовательским соглашением, и исполнение всех указанных в настоящем Пользовательском соглашении обязанностей. 2.5. Сервисти колдонууну баштоо менен Колдонуучу өзүнүн укуктук жөндөмдүүлүгүн жана Колдонулуучу мыйзамдарга ылайык Колдонуучу келишимин түзүүгө жана анда каралган бардык бүтүмдөрдү аткарууга, ошондой эле ушул Колдонуучу келишиминде көрсөтүлгөн бардык милдеттерди аткаруу үчүн куракка жеткенин ырастайт.
2.6. В случае если Пользователь не согласен с изменениями в Пользовательском соглашении, он обязан прекратить использование Сервиса. 2.6. Эгерде Колдонуучу Колдонуучу келишимине киргизилген өзгөртүүлөргө макул болбосо, ал Сервисти колдонууну токтотууга милдеттүү.
3. Функции Сервиса и условия использования 3. Сервистин функциялары жана пайдалануу шарттары
3.1. С помощью Сервиса Пользователь имеет возможность осуществить Заказ Товара и Доставки у Партнера и Доставщика. Условия осуществления Заказа Товара и Доставки, размещенные на Сервисе, определяются Партнером и Доставщиком соответственно. 3.1. Сервистин жардамы менен Колдонуучу Өнөктөштөн жана Жеткирүүчүдөн Товарларга жана Жеткирүүлөргө Буйрутма кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Сервисте жайгаштырылган Товарларга Буйрутма кылуу жана жеткирүү шарттары тиешелүүлүгүнө жараша Өнөктөш жана Жеткирүүчү тарабынан аныкталат.
3.2. Яндекс не несет ответственность за содержание и актуальность информации, предоставляемой Партнером и Доставщиком о Товаре и Доставке, включая информацию о стоимости Товара и Доставки, сроках приготовления Товара и осуществления Доставки, а также о наличии Товара в момент осуществления Заказа. 3.2. а.Яндекс Өнөктөш жана Жеткирүүчү тарабынан Товар жана Жеткирүү жөнүндө, анын ичинде Товардын жана Жеткирүүнүн наркы, Товарды даярдоо жана Жеткирүүнү ишке ашырууу мөөнөттөрү, ошондой эле Буйрутма кылуу учурунда Товардын болушу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
3.3. Сервис предлагает Пользователю возможность ознакомиться с материалами, размещаемыми в Сервисе, возможность осуществить Заказ Товара и Доставки у Партнера и/или Доставщика на условиях, определенных Партнером и/или Доставщиком и размещенных в Сервисе, а также возможность воспользоваться иными функциями и услугами, предусмотренными параметрами Заказа Пользователя и/или Пользовательским соглашением. 3.3. Сервис Колдонуучуга Сервисте жайгаштырылган материалдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн, Өнөктөш жана/же Жеткирүүчү тарабынан аныкталган жана Сервввесите жайгаштырылган шарттарда Өнөктөш жана/же Жеткирүүчүдөн Товарга жана Жеткирүүгө Буйрутма кылуу мүмкүнчүлүгүн, аны менен бирге Колдонуучу Буйрутмасынын параметрлеринде жана/же Колдонуучунун Келишиминде каралган башка функцияларды жана кызматтарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Яндекс безвозмездно предоставляет Пользователям право на использование функционала Сервиса по ознакомлению с материалами и предложениями Партнеров и Доставщиков, размещаемых в Сервисе на условиях простой (неисключительной) лицензии. Яндекс Колдонуучуларга жөнөкөй (эксклюзивдүү эмес) лицензиянын шарттарында Сервисте жайгаштырылган Өнөктөштөрдүн жана Жеткирүүчүлөрдүн материалдары жана сунуштары менен таанышуу боюнча Сервистин функцияларын колдонуу укугун бекер берет.
3.4. Предоставление права использования функционала Сервиса по осуществлению Заказа Товаров и Доставки является возмездным, за предоставление Пользователю права использования функционала Сервиса по осуществлению Заказа Товара и Доставки, а также оказание иных услуг, в соответствии с параметрами Заказа Пользователя взимается Сервисный сбор (далее по тексту – Сервисный сбор). 3.4. Товарларга жана Жеткирүүгө Буйрутма кылуу үчүн Сервистин функционалын пайдалануу укугун берүү акы төлөнүүчү болуп саналат; Колдонуучуга Товарга жана Жеткирүүгө Буйрутма кылуу үчүн Сервистин функционалын пайдалануу укугун берүү үчүн, ошондой эле Колдонуучунун Буйрутмасынын параметрлерине ылайык башка кызматтарды көрсөтүү үчүн Сервис акысы алынат (мындан ары — Сервис акысы).
Размер Сервисного сбора определяется на основании заранее заданных Сервисом экономически и/или технологически обоснованных параметров. Размер Сервисного сбора определяется с учетом таких параметров, как регион Пользователя, адрес Пользователя, способ доставки (с привлечением Доставщика или без) и т.д. Размер Сервисного сбора отображается в интерфейсе Сервиса, а также на экране оформления Заказа. Сервис акысынын өлчөмү Сервис тарабынан алдын ала белгиленген экономикалык жана/же технологиялык жактан негизделген параметрлердин негизинде аныкталат. Сервис акысынын өлчөмү Колдонуучунун аймагы, Колдонуучунун дареги, жеткирүү ыкмасы (Жеткирүүчүнүн катышуусу менен же катышуусу жок) ж.б.сыяктуу параметрлерди эске алуу менен аныкталат. Сервис акысынын өлчөмү Сервистин интерфейсинде, ошондой эле Буйрутманы тариздөө экранында көрсөтүлөт.
Нажатием кнопки «Верно далее» или кнопки «Далее» Пользователь соглашается с уплатой Сервисного сбора и подтверждает свое согласие на возмездное использование функционала Сервиса по осуществлению Заказа Товара и Доставки у Партнера и/или Доставщика, а также оказание иных услуг, в соответствии с параметрами Заказа Пользователя и/или Пользовательским соглашением. «Туура кийинки» баскычын же «Кийинки» баскычын басуу менен Колдонуучу Сервис акысын төлөөгө макулдугун берет жана Өнөктөштөн жана/же Жеткирүүчүдөн Товарга жана Жеткирүүгө Буйрутма кылуу үчүн Сервистин функционалын акы төлөнүүчү пайдаланууга, ошондой эле Колдонуучунун Буйрутмасынын параметрлерине жана/же Колдонуучу Келишиминин ылайык башка кызматтардын акы төлөнүүчү көрсөтүлүүсү үчүн макулдугун ырастайт.
В отдельных случаях, в рамках повышения уровня лояльности Пользователей к Сервису, проведения маркетинговых активностей Яндекс вправе предоставить Пользователю скидку на Сервисный сбор. Кээ бир учурларда, Колдонуучулардын Сервиске болгон лоялдуулугунун деңгээлин жогорулатуунун жана маркетингдик иш-чаралардын алкагында Яндекс Колдонуучуга Сервис акысына жеңилдик берүүгө укуктуу.
3.5. Все существующие функции Сервиса, а также любое развитие их и/или добавление новых функций является предметом Пользовательского соглашения. 3.5. Сервистин бардык бар болгон функциялары, ошондой эле аларды ар кандай өнүктүрүү жана/же жаңы функцияларды кошуу Колдонуучу Келишиминин предмети болуп саналат.
3.6. Использование отдельных функций Сервиса доступно Пользователю после прохождения регистрации и авторизации в Сервисе. При регистрации Пользователь обязуется предоставить данные, запрашиваемые в Сервисе в форме регистрации. Пользователь обязуется не передавать логин и пароль, присвоенные ему при регистрации, третьим лицам, а также обеспечивать сохранность и конфиденциальность логина и пароля. Все действия, совершенные с использованием логина и пароля Пользователя на Сервисе, считаются совершенными самим Пользователем. 3.6. Сервистин айрым функцияларын колдонуу Колдонуучуга Сервисте катталгандан жана авторлошкондон кийин жеткиликтүү болот. Каттоодон өткөндө Колдонуучу Сервисте суралган маалыматтарды каттоо формасында берүүгө милдеттенет. Колдонуучу каттоо учурунда өзүнө берилген логинди жана сырсөздү үчүнчү жактарга бербөөгө, ошондой эле логин менен сырсөздүн коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздоого милдеттенет. Сервисте Колдонуучунун логининин жана сырсөзүнүн пайдалануу менен кылынган бардык аракеттер Колдонуучунун өзү тарабынан кылынган болуп эсептелет.
3.7. Некоторые функции Сервиса могут быть недоступны или ограничены. Функции считаются недоступными (ограниченными) для Пользователя, если Пользователь не может ими воспользоваться в явном виде. Применение любых технических и программных методов обхода данных ограничений запрещено. Положения Пользовательского соглашения, регулирующие недоступные (ограниченные) для Пользователя функции Сервиса, не применяются до тех пор, пока Пользователю такие функции не станут доступны в явном виде. 3.7. Сервистин айрым функциялары жеткиликсиз же чектелген болушу мүмкүн. Функциялар, эгерде Колдонуучу аларды ачык колдоно албаса, Колдонуучу үчүн жеткиликтүү эмес (чектелген) деп эсептелет. Бул чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн кандайдыр бир техникалык же программалык ыкмаларды колдонууга тыюу салынат. Сервистин Колдонуучу үчүн жеткиликсиз (чектелген) функцияларын жөнгө салуучу Колдонуучу Келишиминин жоболору мындай функциялар Колдонуучуга ачык жеткиликтүү болмоюнча колдонулбайт.
3.8. Пользователь не вправе использовать более одной учетной записи при использовании Сервиса. В случае выявления Яндексом факта нарушения Пользователем указанного пункта, Яндекс в праве ограничить доступ Пользователя к Сервису. 3.8. Сервисти колдонууда Колдонуучу бирден ашык катто эсебин колдоно албайт. Эгерде Яндекс Колдонуучу бул пунктту бузганын аныктаса, Яндекс Колдонуучунун Сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө укуктуу.
3.9. Используя Сервис, Пользователь дает свое согласие на получение сообщений рекламного характера. Пользователь вправе отказаться от получения сообщений рекламного характера в интерфейсе Сервиса или путем, указанным в полученном сообщении рекламного характера. 3.9. Сервисти колдонуу менен Колдонуучу жарнамалык билдирүүлөрдү алууга өзүнүн макулдугун берет. Колдонуучу жарнамалык билдирүүлөрдү Сервистин интерфейсинде же алынган жарнамалык билдирүүдө көрсөтүлгөн жол менен алуудан баш тартууга укуктуу.
3.10. Яндекс оставляет за собой право на свое усмотрение ограничить доступ Пользователя к Сервису или к определенным функциям Сервиса с использованием его учетной записи или полностью прекратить доступ Пользователя к Сервису. Яндекс вправе приостановить Пользователю возможность использования Сервиса и оформления Заказа в следующих случаях: 3.10. Яндекс өзүнүн кароосу боюнча Колдонуучунун Сервиске же Сервистин айрым функцияларына өзүнүн каттоо эсеби аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө же Колдонуучунун Сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүн толугу менен токтотууга укугун өзүнө калтырат. Яндекс төмөнкү учурларда Колдонуучунун Сервисти колдонуу жана Буйрутманы тариздөө мүмкүнчүлүгүн токтотуп турууга укуктуу:
a. нарушении условий Пользовательского соглашения или иных применяемых на Сервисе документов; а. Колдонуучу келишиминин же Сервисте колдонула турган башка документтердин шарттарын бузуу;
b. нарушении условий Договоров с Ресторанами, Доставщиками и Сервисом; б. Ресторандар, Жеткирүүчүлөр жана Сервис менен келишимдердин шарттарын бузуу;
c. злоупотреблениях, введении в заблуждение, мошеннических действиях, аморальном или неадекватном поведения Пользователя при использовании Сервиса, контактах с представителями Доставщика или Партнера; в. Сервисти колдонууда, Жеткирүүчүнүн же Өнөктөштүн өкүлдөрү менен байланышууда Колдонуучунун кыянаттыктары, жаңылыштыруу, алдамчылык аракеттери, адепсиз же туура эмес жүрүм-туруму;
d. в иных случаях, когда поведение Пользователя не соответствует добросовестному использования Сервиса и его функций; г. Колдонуучунун жүрүм-туруму Сервисти жана анын функцияларын адилеттүү пайдаланууга туура келбеген башка учурларда;
e. неисполнения обязательств по оплате Товара и Доставки, а также Сервисного сбора. д. Товарларды жана Жеткирүүлөрдү, ошондой эле Сервис акысын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарбоо.
4. Правоотношения при использовании Сервиса 4.Сервисти колдонуудагы укуктук мамилелер
4.1. При оформлении Заказа на Сервисе Пользователь: 4.1. Сервисте Буйрутманы тариздөөдө Колдонуучу:
a. Заключает договор купли-продажи Товаров с Партнером; А. Өнөктөш менен Товарларды сатып алуу-сатуу келишимин түзөт;
b. Заключает договор на оказание услуг Доставки Товаров с Доставщиком; б. Жеткирүүчү менен Товарларды жеткирүү кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзөт;
c. Использует функционал Сервиса по оформлению Заказа у Партнера и Доставщика; В. Өнөктөш жана Жеткирүүчүдө Буйрутманы тариздөө үчүн Сервистин функционалын колдонот;
Все права и обязательства по заключаемому с Пользователем Договору (Договорам) возникают непосредственно у Партнера и Доставщика. Колдонуучу менен түзүлүүчү Келишим(дер) боюнча бардык укуктар жана милдеттенмелер түздөн-түз Өнөктөштө жана Жеткирүүчүдө келип чыгат.
4.2. Яндекс не является стороной правоотношений, указанных в пунктах «а» и «b». Яндекс предоставляет Пользователю услуги в рамках пункта «c» и несет ответственность исключительно в пределах стоимости Сервисного сбора (если он взимается). 4.2. Яндекс «а» жана «б» бөлүкчөлөрдө көрсөтүлгөн укуктук мамилелердин тарабы болуп саналбайт. Яндекс Колдонуучуга «с» бөлүкчөсүнө ылайык кызматтарды көрсөтөт жана Сервис акысынын наркынын чегинде гана жоопкерчилик тартат (эгерде алынса).
4.3. Существенные условия заключаемых Пользователем договоров указываются в опубликованном на Сервисе описании Товара, условиях оферты Партнера на продажу товара (страница Товара на Сервисе) и в описании условий Доставки. 4.3. Колдонуучу тарабынан түзүлгөн келишимдердин маанилүү шарттары Сервисте жарыяланган Товардын сыпаттамасында, Өнөктөштүн товарды сатуу боюнча офертасынын (сунушунун) шарттарында (Сервистеги Товар баракчасы) жана Жеткирүү Шарттарынын сыпатталышында көрсөтүлөт.
Если иное специально не указано на Сервисе, все цены, указанные на Сервисе, включают налоги и сборы в соответствии с Применимым законодательством. Сервисте башкасы атайын көрсөтүлбөсө, Сервисте көрсөтүлгөн бардык баалар Колдонулуучу мыйзамдарга ылайык салыктарды жана жыйымдарды камтыйт.
При этом очевидные ошибки, включая опечатки, допущенные Партнером и Доставщиком в описании Товара, не являются юридически обязывающими. Мында, Өнөктөш жана Жеткирүүчү тарабынан Товардын сыпатталышында кетирилген ачык каталар, анын ичинде басмадан кеткен ката юридикалык жактан милдеттендирүүчү болуп саналбайт.
4.4. Момент заключения Договора между Пользователем и Партнером и Доставщиком определяется в следующем порядке: 4.4. Колдонуучу менен Өнөктөш жана Жеткирүүчүнүн ортосунда Келишим түзүү учуру төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
a. Договор с Партнером заключается в момент нажатия Пользователем кнопки «Заказать» (или аналогичная кнопка) в форме оформления Заказа; А. Өнөктөш менен келишим Колдонуучу Буйрутманы тариздөө формасындагы «Буйрутма беруу» баскычын (же ушуга окшош баскычты) басканда түзүлөт;
b. Договор с Доставщиком заключается в момент определения Доставщика, осуществляющего Доставку Товара; б. Жеткирүүчү менен келишим Товарды Жеткирүүнү ишке ашыруучу Жеткирүүчүнү аныкталган учурда түзүлөт;
Нажатием кнопки «Заказать» (или аналогичная кнопка) Пользователь выражает полное и безоговорочное согласие (акцепт) на заключение договора с Доставщиком, Партнером и Яндексом. «Буйрутма беруу» баскычын (же ушуга окшош баскычты) басуу менен Колдонуучу Жеткирүүчү, Өнөктөш жана Яндекс менен келишим түзүүгө толук жана шартсыз макулдугун (акцепт) билдирет.
После нажатия кнопки «Заказать» (или аналогичная кнопка) Пользователю предоставляется ограниченное время на осуществление оплаты, по истечении которого будет выдаваться сообщение «ОШИБКА Время платежа (сессии) истекло. Оформите новый заказ» (или иное аналогичное по смыслу). В случае если в указанный период времени по любой причине оплата не произошла, Договор с Партнером и Доставщиком не считается заключенным «Буйрутма берүү» баскычын (же ушуга окшош баскычты) баскандан кийин, Колдонуучуга төлөм жүргүзүү үчүн чектелген убакыт берилет, ал бүткөндөн кийин «КАТА Төлөм (сессия) убактысы бүттү» деген билдирүү пайда болот. Жаңы буйрутма тариздеңиз» (же мааниси боюнча окшош). Эгерде кандайдыр бир себептерден улам көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөм жүргүзүлбөсө, Өнөктөш жана Жеткирүүчү менен келишим түзүлгөн деп эсептелбейт.
4.5. Если в состав Заказа входят Товары, для приобретения которых требуется достижение установленного Применимым законодательством возраста, Пользователь своими действиями подтверждает и гарантирует Партнеру, Доставщику и Яндексу, что Пользователь достиг установленного Применимым законодательством возраста. 4.5. Эгерде Буйрутма сатып алууда Колдонулуучу мыйзамдарда белгиленген куракка жетүүнү талап кылган Товарларды камтыса, Колдонуучу өзүнүн аракеттери менен Өнөктөшкө, Жеткирүүчүгө жана Яндекске Колдонулуучу мыйзамдарда белгиленген куракка жеткендигин тастыктайт жана кепилдик берет.
Партнер и Доставщик вправе потребовать от Пользователя дополнительного подтверждения достижения возраста, установленного Применимым законодательством. Партнер вправе отказать в реализации Товара в случае, если Пользователь не сможет подтвердить свой возраст. Өнөктөш жана Жеткирүүчү Колдонуучудан Колдонулуучу мыйзамдарда белгиленген куракка жеткендигин кошумча ырастоону талап кылууга укуктуу. Эгерде Колдонуучу өзүнүн курагын тастыктай албаса, Өнөктөш Товарды сатуудан баш тартууга укуктуу.
4.6. Пользователь соглашается с тем, что Партнер и Доставщик могут поручить исполнение Договора третьему лицу, при этом оставаясь ответственным за его исполнение. 4.6. Колдонуучу Өнөктөш жана Жеткирүүчү Келишимдин аткарылышын үчүнчү жакка тапшыра ала тургандыгы менен макул болот, мында анын аткарылышы үчүн жоопкер болуп калат.
4.7. Яндекс не является ответственным за любые претензии и требования в отношении Товаров и Доставки. Яндекс вправе передать Пользователю информацию о Партнере и Доставщике ответственных по поступившим претензиям, а также передать информацию, полученную от Партнера и Доставщика по вопросам претензий. 4.7. Яндекс Товарлар жана Жеткирүү боюнча эч кандай дооматтар жана талаптар үчүн жооп бербейт. Яндекс Колдонуучуга келип түшкөн дооматтар үчүн жооптуу Өнөктөш жана Жеткирүүчү жөнүндө маалыматты берүүгө, ошондой эле Өнөктөштөн жана Жеткирүүчүдөн дооматтар боюнча алынган маалыматты өткөрүп берүүгө укуктуу.
4.8. В отдельных случаях, информация о которых доводится до Пользователя при оформлении Заказа на Сервисе, стоимость Доставки с Пользователя дополнительно не взимается. 4.8. Кээ бир учурларда, бул тууралуу маалымат Колдонуучуга Сервисте Буйрутманы тариздегенде билдирилет, Жеткирүүнүн баасы Колдонуучудан кошумча алынбайт.
5. Порядок и условия оформления Заказа на Сервисе 5. Сервисте Буйрутманы тариздөө тартиби жана шарттары
5.1. Оформление Заказа доступно только Авторизованному пользователю. 5.1. Буйрутманы тариздөө Авторлошкон колдонуучуга гана жеткиликтүү.
5.2. Для оформления Заказа Пользователю необходимо совершить следующие действия: 5.2. Буйрутманы тариздөө үчүн Колдонуучу төмөнкү аракеттерди аткарышы керек:
a. ознакомиться с информацией о Товаре, Доставке и услугах Сервиса; a. Товар, Жеткирүү жана Сервистин кызматтары жөнүндө маалымат менен таанышуу;
b. указать все необходимые для исполнения Договора Партнером и Доставщиком данные, включая, но не ограничиваясь: б.Өнөктөш жана Жеткирүүчү тарабынан Келишимди аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен төмөнкүлөрдү көрсөтүү:
  • Полный адрес доставки (название населенного пункта, улицы, номер дома (включая корпус, строение, владение, прочее), номер подъезда, номер квартиры, этаж и иную информацию об адресе);
  • Имя получателя;
  • Контактные данные (номер телефона, иные);
  • Способ оплаты.
  • Толук жеткирүү дареги (калктуу конуштун, көчөнүн аталышы, үйдүн номери (анын ичинде корпус, имарат, мүлк ж.б.), кире бериш номери, батирдин номери, кабат жана дарек жөнүндө башка маалыматтар);
  • Алуучунун аты;
  • Байланышуу маалыматы (телефон номери, башкалар);
  • Төлөө ыкмасы.
c. Подтвердить заказ, нажав кнопку «Заказать» (иную аналогичную кнопку). В. «Буйрутма берүү» баскычын (башка окшош баскычты) басуу менен буйрутманы ырасто .
5.3. Оформление Заказа на Сервисе означает: 5.3. Сервисте Буйрутманы тариздөө төмөнкүлөрдү билдирет:
a. согласие и принятие Пользователем всех существенных условий реализации Товара, осуществления Доставки Партнером и Доставщиком; a.Товарды сатуу, Өнөктөш жана Жеткирүүчү тарабынан Жеткирүүнү ишке ашыруу боюнча бардык маанилүү шарттарга Колдонуучунун макулдугу жана кабыл алуусу;
b. согласие с оказанием услуг Сервиса (если применимо); б.Сервис кызматтарынын көрсөтүлүшүнө макулдук (эгер колдонулса);
c. ознакомление, согласие и принятие Пользователем условий настоящего Пользовательского соглашения об использовании Сервиса и всех иных документов Сервиса; в.Сервисти жана Сервистин бардык башка документтерин колдонуу жөнүндө ушул Колдонуучу келишиминин шарттары менен Колдонуучунун таанышуусу, макулдугу жана кабыл алуусу;
d. ознакомление и согласие с взиманием и размером Сервисного сбора (если взимается); г.Сервис акысынын алынышы жана өлчөмү менен таанышуу жана макулдашуу (эгер алына турган болсо);
e. понимание и согласие со всеми правовыми последствиями своих действий в отношении заключаемых договоров. д.түзүлө турган келишимдерге карата өзүнүн аракеттеринин бардык укуктук кесепеттерин түшүнүү жана макулдашуу.
5.4. Нажатием кнопки «Заказать» (или аналогичная кнопка) Пользователь выражает полное и безоговорочное согласие (акцепт) на заключение Договора с Доставщиком. 5.4. «Буйрутма берүү» баскычын (же ушуга окшош баскычты) басуу менен Колдонуучу Жеткирүүчү менен Келишим түзүүгө толук жана шартсыз макулдугун (акцепт) билдирет.
5.5. Пользователь при авторизации и оформлении Заказа обязан указать достоверные данные о себе и получателе Заказа при оформлении Заказа на Сервисе. Пользователь несет ответственность за все последствия, вызванные недостоверностью предоставленной им информации. 5.5. Буйрутманы авторлоштуруу жана тариздөөдө Колдонуучу Сервисте Буйрутманы тариздөөдө өзү жана Буйрутманы алуучу жөнүндө ишенимдүү маалыматты берүүгө милдеттүү. Колдонуучу өзү берген маалыматтын так эместигинен келип чыккан бардык кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартат.
5.6. Для Авторизованного Пользователя после размещения Заказа информация об оформленном им Заказе доступна в разделе «Мои Заказы» Сервиса. В данном разделе Сервиса Авторизованный пользователь может просмотреть информацию о статусе Заказа. 5.6. Авторлошкон Колдонуучу үчүн Буйрутманы жайгаштыргандан кийин ал тариздеген Буйрутма тууралуу маалымат Сервистин «Менин буйрутмаларым» бөлүмүндө жеткиликтүү. Сервистин бул бөлүмүндө Авторлошкон Колдонуучу Буйрутманын абалы жөнүндө маалыматты көрө алат.
6. Условия выполнения Доставки 6. Жеткирүүнү аткаруу шарттары
6.1. Конкретный Доставщик определяется после оформления Пользователем Заказа и начала приготовления Партнером Товара. 6.1. Конкреттүү Жеткирүүчү Колдонуучу Буйрутманы тариздегенден кийин жана Өнөктөш Товарды даярдай баштагандан кийин аныкталат.
6.2. Пользователь обязан присутствовать по адресу Доставки для получения Заказа, а также обеспечить оплату Товара и его принятие при Доставке. 6.2. Колдонуучу Буйрутманы алуу үчүн Жеткирүү дарегинде болууга, ошондой эле Товардын төлөнүшүн жана Жеткирүү учурунда анын кабыл алынышын камсыз кылууга милдеттүү.
6.3. Пользователь считается отказавшимся от исполнения Договора с Партнером и Доставщиком: 6.3. Төмөнкү учурларда Колдонуучу Өнөктөш жана Жеткирүүчү менен келишимди аткаруудан баш тартты деп эсептелет:
a. в случае отсутствия Пользователя по адресу Доставки более 10 минут с момента прибытия Доставщика по адресу Доставки (в соответствии с данными Сервиса); а. Колдонуучу Жеткирүү дарегинде Жеткирүү дарегине Жеткирүүчү келген учурдан тартып 10 мүнөттөн ашык жок болгон учурда (Сервистин маалыматтарына ылайык);
b. в случае невозможности вручения Товара Пользователю по причинам, зависящим от Пользователя; б. Колдонуучуга байланыштуу себептер боюнча Товарды Колдонуучуга жеткирүү мүмкүн болбогон учурда;
c. в случае отказа Пользователя от принятия Товара (за исключением Товара ненадлежащего качества или не соответствующего условиям оформленного Пользователем Заказа) в. Колдонуучу Товарды кабыл алуудан баш тарткан учурда (жетишсиз сапаттагы же Колдонуучу тарабынан таризделген Буйрутманын шарттарына жооп бербеген Товарларды кошпогондо)
В указанных случаях денежные средства, уплаченные за Товар и Доставку Пользователем, направляются на возмещение расходов Партнера и Доставщика и не подлежат возврату Пользователю. Мындай учурларда, Колдонуучу тарабынан Товар жана Жеткирүү үчүн төлөнгөн каражаттар Өнөктөштүн жана Жеткирүүчүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн жөнөтүлөт жана Колдонуучуга кайтарылып берилбейт.
6.4. Яндекс вправе отменить Заказ с возвратом денежных средств за Заказ Пользователю: 6.4 Төмөнкү учурларда, Яндекс Колдонуучуга Буйрутма үчүн акча каражатын кайтарып берүү менен Буйрутманы жокко чыгарууга укуктуу:
a. случаях невозможности исполнения Заказа Доставщиком по причине отсутствия свободных Доставщиков (курьеров Доставщиков), способных осуществить Доставку Заказа; а. Буйрутманы жеткирүүгө жөндөмдүү бош Жеткирүүчүлөрдүн (Жеткирүүчүлөрдүн курьерлеринин) жоктугуна байланыштуу Буйрутманы Жеткирүүчү тарабынан аткаруу мүмкүн болбогон учурларда;
b. по иным причинам, препятствующим своевременному и надлежащему исполнению обязательств Доставщика б. Жеткирүүчүнун милдеттенмелерин өз убагында жана талаптагыдай аткарууга тоскоол болгон башка себептер боюнча
6.5. В целях идентификации Партнеров или Заказов, Доставка которых осуществляется Доставщиком, такие Партнеры или Заказы могут отмечаться в Сервисе иконкой с изображением «Курьера» а также сопровождаться информацией о Доставщике. 6.5. Өнөктөштөрдү же Жеткирүү Жеткирүүчү тарабынан ишке ашырылуучу Буйрутмаларды далдаштыруу үчүн, мындай Өнөктөштөр же Буйрутмалар Сервисте «Курьер» сүрөттөлгөн иконка менен белгилениши мүмкүн жана ошондой эле Жеткирүүчү жөнүндө маалымат менен коштолушу мүмкүн.
7. Условия продажи Товаров Партнером 7. Өнөктөш тарабынан товарларды сатуу шарттары
7.1. Партнер может отменить Заказ в случае: 7.1. Өнөктөш төмөнкү учурларда Буйрутманы жокко чыгара алат:
a. если при осуществлении Доставки силами Партнера связаться с Пользователем по контактным данным не удалось; а. эгерде Жеткирүү Өнөктөш тарабынан ишке ашырылган учурда байланыш маалыматтарын колдонуу менен Колдонуучу менен байланышуу мүмкүн болбосо;
b. если Партнер не может исполнить Договор. б. эгерде Өнөктөш Келишимди аткара албаса.
7.2. Если Партнер не может исполнить Договор в полном объеме, он вправе отменить заказ, либо связаться с Пользователем по указанному Пользователем номеру телефона с целью изменения состава Заказа. 7.2. Эгерде Өнөктөш Келишимди толук аткара албаса, ал буйрутманы жокко чыгарууга, же Буйрутманын курамын өзгөртүү үчүн Колдонуучу көрсөткөн телефон номери боюнча Колдонуучу менен байланышууга укуктуу.
Если Пользователь подтверждает изменение Заказа, Заказ считается оформленным на новых условиях, согласованных с Пользователем. Эгерде Колдонуучу Буйрутманын өзгөрүшүн ырастаса, Буйрутма Колдонуучу менен макулдашылган жаңы шарттарда таризделген болуп эсептелет.
Информация об изменении Заказа отражается в Сервисе в разделе с историей заказов Пользователя. Буйрутманы өзгөртүү жөнүндө маалымат Сервисте Колдонуучунун Буйрутмалар тарыхы бөлүмүндө чагылдырылат.
7.3. Если Товар, доставленный Пользователю, по мнению Пользователя, является Товаром ненадлежащего качества или не соответствует Заказу, Пользователь обязан незамедлительно направить через чат службы поддержки Яндекса обращение с приложением фотографии доставленного Товара, а также направить описание недостатков Товара. 7.3. Эгерде Колдонуучуга жеткирилген Товар, Колдонуучунун пикири боюнча, сапаты начар болсо же Буйрутмага ылайык келбесе, Колдонуучу тез арада Яндекс колдоо кызматынын чаты аркылуу жеткирилген Товардын сүрөтүн тиркөө менен кайрылууну, ошондой эле Товардын кемчиликтеринин сыпаттамасын жөнөтүүгө милдеттүү.
Яндекс принимает претензии от Пользователей для передачи их Партнеру и Доставщику. Яндекс Колдонуучулардын дооматтарын Өнөктөшкө жана Жеткирүүчүгө тапшыруу үчүн кабыл алат.
7.4. Партнер считается исполнившим свою обязанность по передаче Пользователю Товара по Договору в момент передачи Товара (надлежащего качества и соответствующего оформленному Пользователем Заказу) представителю Доставщика (за исключением случаев, когда Доставка выполняется Партнером). 7.4. Өнөктөш Товарды (тиешелүү сапатта жана Колдонуучу тарабынан таризделген Буйрутмага ылайыктуу) Жеткирүүчүнүн өкүлүнө өткөрүп берүү учурунда (Жеткирүү Өнөктөш тарабынан аткарылган учурларды кошпогондо) Келишим боюнча Колдонуучуга Товарды өткөрүп берүү боюнча өзүнүн милдеттенмесин аткарды деп эсептелинет.
7.5. Время приготовления Товара и Доставки (если применимо), указанное в Сервисе, является приблизительным. 7.5. Сервисте көрсөтүлгөн Товарды даярдоо жана Жеткирүү убактысы (эгер колдонулса) болжолдуу болуп саналат.
7.6. Яндекс вправе отменить Заказ с возвратом денежных средств за Заказ Пользователю в случаях невозможности исполнения Заказа Партнером по причине: 7.6. Өнөктөш Буйрутманы төмөнкү себептерден улам аткара албаса, Яндекс Колдонуучуга Буйрутма үчүн акча каражаттарын кайтарып берүү менен Буйрутманы жокко чыгарууга укуктуу:
a. не подтверждения Партнером Яндекса готовности принять и исполнить Заказ а. Яндекс Өнөктөшүнүн Буйрутманы кабыл алууга жана аткарууга даярдыгын ырастабаганы
b. иным причинам, препятствующим своевременному и надлежащему исполнению обязательств Партнером Заказа. б. Өнөктөш тарабынан Буйрутма боюнча милдеттенмелерди өз убагында жана талаптагыдай аткарууга тоскоолдук кылган башка себептер.
8. Персональные данные и порядок взаимодействия Пользователей с Сервисом 8. Жеке маалыматтар жана Колдонуучулардын Сервис менен өз ара аракеттенүү тартиби
8.1. Пользователь дает Яндексу, аффилированным c Яндексом лицам, партнерам Яндекса согласие: 8.1. Колдонуучу Яндекске, Яндекстин аффилирленген жактарына жана Яндекстин өнөктөштөрүнө төмөнкүлөргө макулдук берет:
a. на обработку персональной информации (включая персональные данные) Пользователя; а. Колдонуучунун жеке маалыматтарын (анын ичинде жеке берилмелерин) иштеп чыгууга;
b. на передачу (в том числе трансграничную) персональной информации Пользователя контрагентам Яндекса, Партнерам, Доставщикам, аффилированным лицам Яндекса; б. Колдонуучунун жеке маалыматтарын Яндекстин контрагенттерине, Өнөктөштөрүнө, Жеткирүүчүлөрүнө жана Яндекстин аффилирленген жактарына (анын ичинде трансчек аралык) өткөрүп берүүгө;
c. на обработку персональной информации контрагентами Яндекса, Партнером, Доставщиком, аффилированными лицам Яндекса. в. Яндекстин контрагенттери, Өнөктөштөрү, Жеткирүүчүлөрү жана Яндекстин аффилирленген жактары тарабынан жеке маалыматтарды иштеп чыгууга.
Обработка персональных данных при использовании Сервиса осуществляется в соответствии с Политикой конфиденциальности: https://yandex.ru/legal/confidential. Сервисти колдонууда жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Купуялуулук саясатына ылайык ишке ашырылат: https://yandex.ru/legal/confidential.
Пользователь подтверждает свое согласие с тем, что персональная информация, которую Пользователь предоставляет Яндексу, в том числе при оформлении Заказа, может быть передана, в т.ч. трансгранично, контрагентам Яндекса, с которым Пользователь заключает Договор в результате оформления Заказа, для целей исполнения указанного Договора (в том числе такая передача может осуществляться через привлечённых Яндексом третьих лиц). Пользователь соглашается с тем, что Яндекс вправе хранить персональную информацию Пользователя, а также персональную информацию указанного Пользователем получателя Заказа не менее трех лет с даты оформления Заказа. Колдонуучу Яндекске , анын ичинде Буйрутманы тариздөө учурунда берген жеке маалыматтарды, Колдонуучу Буйрутманы жайгаштыруу натыйжасында көрсөтүлгөн Келишимди аткаруу максатында Келишим түзө турга Яндекстин контрагенттерине, анын ичинде трансчек аралык өткөрүп берилиши мүмкүн (анын ичинде мындай өткөрүп берүү Яндекс тарабынан тартылган үчүнчү жактар ​​аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн) экендигине макулдугун ырастайт. Колдонуучу Яндекс Колдонуучунун жеке маалыматтарын, ошондой эле Колдонуучу көрсөткөн Буйрутманы алуучунун жеке маалыматтарын Буйрутманы тариздеген күндөн тартып үч жылдан кем эмес сактоого укуктуу экенине макул болот.
8.2. Оформляя заказ на Сервисе, Пользователь соглашается на получение (i) электронных писем, которые Яндекс и/или его аффилированные лица могут направить Пользователю: после оформления Заказа; в случае его изменения/отмены; перед Доставкой Товара в случае, влияющем на исполнение Заказа или своевременное информирование о его статусе, (ii) сообщений (SMS) на телефонный номер, указанный Пользователем, (iii) звонка от Яндекса/Партнера в случае невозможности выполнения Партнером Заказа в полном объеме для изменения/отмены Заказа; (iv) push-уведомлений о статусе Заказа; а также (v) звонка с предложением оценить качество работы Сервиса, Партнера и/или Доставщика на телефонный номер, указанный Пользователем. В случае отключения Пользователем функции отправки ему сообщений, Пользователь соглашается с направлением ему информации о ходе Доставки Заказа на его электронный адрес в целях информирования о возможности/невозможности осуществления Доставки Заказа. 8.2. Сервисте Буйрутманы тариздөө менен Колдонуучу (i) Яндекс жана/же анын аффилирленген жактары Колдонуучуга: Буйрутма таризделгенден кийин, ал өзгөртүлгөн/жокко чыгарылган учурда; Товарды жеткирүү алдында, Буйрутманын аткарылышына же анын статусу жөнүндө өз убагында кабарлоого таасир эткен учурда жөнөтө турган электрондук каттарды, (ii) Колдонуучу көрсөткөн телефон номерине (SMS) билдирүүлөрдү алууга, (iii) эгерде Өнөктөш Буйрутманы толук аткара албаса, Буйрутманы өзгөртүү/жокко чыгаруу үчүн Яндекстин/Өнөктөштүн телефон чалуусуна; (iv) Буйрутманын абалы жөнүндө push билдирүүлөрго; ошондой эле (v) Колдонуучу көрсөткөн телефон номерине Сервистин, Өнөктөштүн жана/же Жеткирүүчүнүн ишинин сапатын баалоо сунушу менен телефон чалуусуна макул болот. Эгерде Колдонуучу ага билдирүүлөрдү жөнөтүү функциясын өчүрсө, Колдонуучу Буйрутманы Жеткирүү мүмкүнчүлүгү/мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү максатында анын электрондук дарегине Буйрутманы жеткирүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты жөнөтүүгө макул болот.
8.3. Все взаимодействие между Пользователем и Сервисом осуществляется через службу поддержки Яндекса, а именно в чате службы поддержки, доступном в интерфейсе Сервиса. Функционалом Сервиса также могут быть предусмотрены иные способы направления Пользователем обращений в Яндекс. 8.3. Колдонуучу менен Сервистин ортосундагы бардык өз ара аракеттенүү Яндекстин колдоо кызматы аркылуу, тактап айтканда Сервистин интерфейсинде жеткиликтүү колдоо кызматынын чатында ишке ашырылат. Сервистин функционалы Колдонуучу тарабынан Яндекске кайрылууларды жөнөтүүнүн башка жолдорун да карашы мүмкүн.
8.4. В целях контроля качества и разрешения спорных вопросов Яндекс может осуществлять запись всех разговоров и переписок Пользователя со специалистами службы поддержки Яндекса, Партнерами и Доставщиками. 8.4. Сапатты көзөмөлдөө жана талаштуу маселелерди чечүү максатында, Яндекс Колдонуучу менен Яндекс колдоо кызматынын адистеринин, Өнөктөштөрдүн жана Жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы бардык сүйлөшүүлөрдү жана кат алышууларды жаздыра алат.
8.5. В случае поступления в адрес специалистов Службы поддержки Сервиса личных оскорблений, угроз, непристойных высказываний и действий со Стороны Пользователя, Специалист Службы поддержки Сервиса вправе прекратить разговор с Пользователем, как в устной, так и в письменной форме. 8.5. Сервисти колдоо кызматынын адистери дарегине Колдонуучудан жеке кемсинтүүлөр, коркутуулар, уят сөздөр жана аракеттер болсо, Сервисти колдоо кызматынын Адиси Колдонуучу менен оозеки жана жазуу жүзүндө сүйлөшүүнү токтотууга укуктуу.
9. Оплата Заказа 9. Буйрутманы төлөө
9.1. Оплата Заказа, осуществляется Пользователем: 9.1. Буйрутманы төлөө Колдонуучу тарабынан төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
  • безналичным способом -

    в этом случае Яндекс действует по поручению Партнера и Доставщика и c привлечением организации для приема платежей. Яндекс не гарантирует отсутствие ошибок и сбоев в работе Сервиса в отношении предоставления возможности безналичной оплаты.

  • накталай эмес жол менен -

    бул учурда, Яндекс Өнөктөштүн жана Жеткирүүчүнүн атынан жана төлөмдөрдү кабыл алуу уюмуу тартуу менен иш алып барат. Яндекс накталай эмес төлөм мүмкүнчүлүктөрүн берүү боюнча Сервистин иштешинде каталардын жана мүчүлүштүктөрдүн болбошуна кепилдик бербейт.

  • Путем наличной оплаты -

    в этом случае Доставщик (либо третье лицо, привлекаемое Доставщиком) в части приема денежных средств действует как агент по приёму денежных средств в пользу Партнера и Яндекса.

  • накталай төлөө жолу менен -

    бул учурда, Жеткирүүчү (же Жеткирүүчү тарабынан тартылган үчүнчү жак) Өнөктөштүн жана Яндекстин пайдасына акча каражаттарын кабыл алуу боюнча каражаттарды кабыл алуу агенти катары иш алып барат.

9.2. Прием платежей Яндексом за Заказы в Сервисе осуществляется исключительно в связи с тем, что заключение договор на покупку Товаров и оказание услуг Доставки о осуществляется через Сервис. 9.2. Яндекс Сервистеги Буйрутмалар үчүн төлөмдөрдү Товарларды сатып алуу жана Жеткирүү кызматтарын көрсөтүү келишимин түзүү Сервис аркылуу ишке ашырылгандыктан гана кабыл алат.
9.3. Яндекс не участвует в приеме оплат наличными денежными средствами в случае осуществления Доставки Партнером самостоятельно и в случае выбора Пользователем способа оплаты с помощью наличных (если такой вариант доступен в Сервисе). 9.3. Эгерде Өнөктөш Жеткирүүнү өз алдынча ишке ашырса жана Колдонуучу накталай акча менен төлөм ыкмасын тандаса (эгерде мындай опция Сервисте жеткиликтүү болсо) Яндекс накталай төлөмдөрдү кабыл алууга катышпайт.
9.4. Участие Яндекса в процессе оплаты товаров и услуг ни в каком виде не свидетельствует об участии Яндекс в договоре купли-продажи и оказании услуг между Пользователем и Партнером/Доставщиком. 9.4. Яндекстин товарлар жана кызматтар үчүн төлөө процессине катышуусу эч кандай түрдө Яндекстин Колдонуучу менен Өнөктөш/Жеткирүүчүнүн ортосундагы сатып алуу-сатуу жана кызматтарды көрсөтүү келишимине катышуусун билдирбейт.
9.5. Ответственность за надлежащие содержание и предоставления Пользователям чеков/инвойсов (если они требуются в соответствии с Применимым законодательством) несут Доставщики и Партнеры, если иное не следует из Применимого законодательства. 9.5. Колдонулуучу мыйзамдарда башкача каралбаса, чектердин/эсеп-фактуралардын тийиштүү мазмуну жана Колдонуучуларга берилиши үчүн жоопкерчилик (эгерде Колдонулуучу мыйзамдарга ылайык талап кылынса) Жеткирүүчүларга жана Өнөктөштөргө жүктөлөт.
Порядок оплат безналичным платежом Накталай эмес төлөм жолу менен төлөө тартиби
9.6. Для осуществления оплат безналичным способом Пользователь должен привязать банковскую карту в интерфейсе Сервиса. Для этого необходимо указать: 9.6. Накталай эмес жол менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Колдонуучу Сервистин интерфейсинде банк картасын байланыштырышы керек. Бул үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:
a. Имя владельца банковской карты (значение «cardholder»); а. Банк картасынын ээсинин аты-жөнү («cardholder» дегенди билдирет);
b. Номер банковской карты; б. Банк картасынын номери;
c. Срок действия; в. Колдонулуу мөөнөтү;
d. Защитный код. г. Коргоо коду.
9.7. Если данные банковской карты верны, действительны и использование данной карты в рамках Сервиса технически возможно, указанная банковская карта приобретает статус привязанной и может быть использована для безналичной оплаты. Все привязанные карты отображаются в интерфейсе Сервиса. 9.7. Эгерде банк картасынын маалым даректери туура, жарактуу болсо жана бул картаны Сервистин алкагында колдонуу техникалык жактан мүмкүн болсо, көрсөтүлгөн банк картасы байланыштырылган статуска ээ болуп, накталай эмес төлөмдөр үчүн колдонулушу мүмкүн. Бардык байланыштырылган карталар Сервистин интерфейсинде көрсөтүлөт.
9.8. Безналичная оплата осуществляется с участием оператора по приему платежей или оператора электронных денежных средств. Оператор является уполномоченным лицом, которое имеет право на прием и обработку платежей в соответствии с Применимым законодательством. Порядок оплат в таком случае регулируется правилами международных платежных систем, банков (в том числе банка-эмитента привязанной карты) и других участников расчетов. 9.8. Накталай эмес төлөм төлөмдөрдү кабыл алуу операторунун же электрондук акча каражаттары операторунун катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Оператор Колдонулуучу мыйзамдардарга ылайык төлөмдөрдү кабыл алууга жана иштетүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу жак болуп саналат. Бул учурда төлөм тартиби эл аралык төлөм тутумдарынын, банктардын (байланыштырылган картанын эмитент-банкын кошо алганда) жана башка эсептешүү катышуучуларынын эрежелери менен жөнгө салынат.
9.9. При привязке и использовании привязанной карты Пользователь подтверждает и гарантирует указание им достоверной и полной информации о действительной банковской карте, выданной на его имя; соблюдение им правил международных платежных систем и требований банка-эмитента, выпустившего Привязанную карту, в том числе в отношении порядка проведения безналичных расчетов. 9.9. Байланыштырылган картаны байланыштыруу жана колдонууда Колдонуучу анын атына чыгарылган жарактуу банк картасы жөнүндө так жана толук маалымат бергендигин; эл аралык төлөм тутумдарынын эрежелерин жана байланыштырылган картаны чыгарган эмитент-банктын талаптарын, анын ичинде накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү тартибине карата талаптарын сактагандыгын тастыктайт жана кепилдик берет.
9.10. Пользователь понимает и соглашается, что все действия, совершенные при использовании Сервиса после авторизации с помощью логина и пароля, присвоенных Пользователю при регистрации в Сервисе, в том числе действия по безналичной оплате с использованием Привязанной банковской карты, считаются совершенными Пользователем. 9.10. Колдонуучу Сервисте каттоодон өткөндө ага ыйгарылган логин жана сырсөз аркылуу Сервисте авторлошкондон кийин Сервисти пайдаланууда аткарылган бардык аракеттер, анын ичинде Байланыштырылган банк картасын колдонуу менен накталай эмес төлөм боюнча иш-аракеттер, Колдонуучу тарабынан аткарылган деп эсептелерин түшүнөт жана макул болот.
Рассмотрение запросов об оплатах на Сервисе Сервистеги төлөмдөр боюнча суроо-талаптарды кароо
9.11. Если Пользователь не согласен с фактом, суммой безналичной оплаты или фактом использования привязанной карты в Сервисе, Пользователь вправе обратиться к Яндексу в течение 14 дней со дня произведения безналичной оплаты или иных действий или событий, послуживших причиной обращения. 9.11. Эгерде Колдонуучу накталай эмес төлөмдүн фактысына, суммасына же Сервисте байланыштырылган картаны колдонуу фактысына макул болбосо, Колдонуучу накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн же кайрылууга негиз болгон башка аракеттер же окуялар күнүнөн тартып 14 күндүн ичинде Яндекске кайрылууга укуктуу.
9.12. Яндекс по поручению Партнера и Доставщика может принять решение о возврате суммы безналичной оплаты полностью. Указанный возврат осуществляется на банковский счет банковской карты, с которой была произведена безналичная оплата. Порядок возврата денежных средств осуществляется с участием оператора по приему платежей или оператора электронных денежных средств. Порядок возвратов в таком случае регулируется правилами международных платежных систем, банков (в том числе банка-эмитента Привязанной карты) и других участников расчетов. 9.12. Яндекс Өнөктөштүн жана Жеткирүүчүнүн тапшырмасы боюнча накталай эмес төлөмдүн суммасын толугу менен кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн кайтаруу накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн банк картасынын банктык эсебине жүргүзүлөт. Акча каражаттарын кайтаруу тартиби төлөмдөрдү кабыл алуу операторунун же электрондук акча операторунун катышуусу менен ишке ашырылат. Бул учурда кайтарып берүү тартиби эл аралык төлөм тутумдарынын, банктардын (байланыштырылган картанын эмитент-банкын кошо алганда) жана башка эсептешүү катышуучуларынын эрежелери менен жөнгө салынат.
9.13. Яндекс оставляет за собой право в любой момент потребовать от Пользователя подтверждения данных, указанных им в рамках Сервиса, в том числе данных привязанной карты, и запросить в связи с этим подтверждающие документы (в частности, документы, удостоверяющие Яндекса приостановить использование Сервиса Пользователем или заблокировать учетную запись Пользователя. 9.13. Яндекс каалаган убакта Колдонуучудан Сервистин алкагында ал көрсөткөн берилмелерди, анын ичинде байланыштырылган картанын маалыматтарын тастыктоону талап кылуу жана буга байланыштуу тастыктоочу документтерди (атап айтканда, Яндексти Колдонуучунун Сервистин колдонуусун токтотуп туру же Колдонуучунун каттоо эсебине бөгөт коюуга күбөлөндүрүүчү документтерди) талап кылуу укугун өзүнө калтырат.
9.14. По вопросам, связанным с оплатой наличными денежными средствами, Пользователь вправе обратиться к Партнеру и Доставщику. 9.14. Накталай акча менен төлөөгө байланыштуу суроолор боюнча Колдонуучу Өнөктөшкө жана Жеткирүүчүгө кайрылууга укуктуу.
10. Ответственность Сервиса 10. Сервистин жоопкерчилиги
10.1. Яндекс как лицо предоставляющая информационный сервис, не несет никакой ответственности за информацию о Товарах и услугах, которую Партнеры/Доставщики размещают в Сервисе. За доведение до Пользователя всей информации о Товарах и услугах, предусмотренной Применимым законодательством, ответственность несут Партнеры и Доставщики, как лица продающие Товары и оказывающие услуги. 10.1. Яндекс, маалымат Сервисин берүүчү катары, Өнөктөштөр/Жеткирүүчүлөр Сервисте жайгаштырган Товарлар жана кызматтар тууралуу маалымат үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Өнөктөштөр жана Жеткирүүчүлөр Товарларды сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү жактар ​​катары Колдонулуучу мыйзамдарда каралган Товарлар жана кызматтар жөнүндө бардык маалыматты Колдонуучуга берүү үчүн жоопкерчилик тартышат.
10.2. Яндекс не отвечает за: 10.2. Яндекс төмөнкүлөр үчүн жооптуу эмес:
  • временные сбои и перерывы в работе Сервиса или части функций Сервиса вызванные сбоями и перерывами потери информации, сохранность информации, правильность и своевременность ее передачи;
  • надежность, качество и скорость работы Сервиса, а также за сохранность создаваемой, используемой и получаемой Пользователем информации.
  • иштен чыгуулар жана үзгүлтүктөрдөн келип чыккан, Сервистин ишиндеги же Сервистин функцияларынын бир бөлүгүндөгү убактылуу иштен чыгуулар жана үзгүлтүктөр, маалыматтын жоголушу маалыматтын сакталышы, аны берүүнүн тактыгы жана өз убагында болушу;
  • Сервистин ишенимдүүлүгү, сапаты жана ылдамдыгы, ошондой эле Колдонуучу тарабынан түзүлгөн, колдонулган жана алынган маалыматтардын сакталышы.
11. Применение промокодов на Сервисе 11. Сервисте промокоддорду колдонуу
11.1. При использовании Сервиса Пользователям могут предоставляться Промокоды, позволяющие Пользователю получать скидки на Товары, Доставку или Сервисный сбор. 11.1. Сервисти колдонууда Колдонуучуларга Промокоддор берилиши мүмкүн, алар Колдонуучуга Товарларга, Жеткирүүгө же Сервис акыларына арзандатууларды алууга мүмкүндүк берет.
11.2. Перечень актуальных Промокодов доступных Пользователю указывается в соответствующем разделе Сервиса. Если Промокод не отражается в специальном разделе, то он считается утратившим силу и не подлежит применению. 11.2. Колдонуучуга жеткиликтүү болгон актуалдуу Промокоддордун тизмеси Сервистин тиешелүү бөлүмүндө көрсөтүлөт. Эгерде промокод атайын бөлүмдө чагылдырылбаса, анда ал жараксыз деп эсептелет жана колдонууга болбойт.
11.3. Стоимость Заказа после применения Промокода отражается в Сервисе и подлежит оплате Пользователем в соответствии с условиями Пользовательского соглашения. 11.3. Промокодду колдонгондон кийин Буйрутманын наркы Сервисте чагылдырылат жана Колдонуучу тарабынан Колдонуучу келишиминин шарттарына ылайык төлөнүүгө тийиш.
11.4. Скидка при Применении Промокода применяется только при условии активации Промокода. 11.4. Промокодду колдонуудагы арзандатуу Промокод активдештирилгенде гана колдонулат.
11.5. Скидки при использовании Промокода применяются в следующем порядке (по очереди): 11.5. Промокодду колдонууда арзандатуулар төмөнкү тартипте (кезек менен) колдонулат:
a. к стоимости Товара; а.Товардын наркына;
b. в части, превышающей стоимость Товара, к стоимости Доставки; б.Товардын наркынан ашкан бөлүгүндө, Жеткирүү наркына;
c. в части, превышающей стоимость Доставки, к размеру Сервисного сбора; в. Жеткирүү наркынан ашкан бөлүгүндө, Сервис акысынын өлчөмүнө;
11.6. Использование Промокода может быть недоступно по техническим причинам (не актуальная версия мобильного приложения, изменение способа оплаты при оформлении Заказа и другие). 11.6. Промокодду колдонуу техникалык себептерден улам мүмкүн болбой калышы мүмкүн (мобилдик колдонмонун актуалдуу эмес версиясы, Буйрутманы тариздөө учурунда төлөм ыкмасын өзгөртүү жана башка).
11.7. Яндекс не несет ответственности за неисполнение, либо ненадлежащее исполнение обязательств, а также за какие-либо прямые, косвенные, особые потери и убытки Пользователей, связанные с использованием или предоставлением Промокодов. Яндекс не обязан возмещать потери Пользователям в подобных случаях, так как предоставление Промокода является правом, но не обязанностью Яндекса. 11.7. Яндекс Промокоддорду колдонууга же берүүгө байланыштуу милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы үчүн, ошондой эле Колдонуучулардын кандайдыр түз, кыйыр, өзгөчө жоготуулары жана зыяндары үчүн жоопкерчилик тартпайт. Яндекс мындай учурларда Колдонуучуларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү эмес, анткени Промокодду берүү Яндекстин милдети эмес, укугу болуп саналат.

11.8. Условия предоставление скидок при применении Промокода могут быть ограничены. Информация об условиях применения Промокода доводится до Пользователя в Сервисе, на отдельной странице в Интернете, на рекламном материале или иным способом. В качестве таких условий возможны:

  • ограничения по эмитентам карт (Промокод применяется при оплате картами определённых эмитентов, участвующих в маркетинговой акции);
  • требования к порядковому номеру Заказа на Сервисе, например, только первый заказ;
  • требования к составу заказа;
  • ограничение к перечню Партнеров (Промокод применяется при совершении Заказа у определённых Партнеров, участвующих в маркетинговой акции);

Выполнение условий применения Промокода определяется исключительно на основании данных Сервиса.

11.8. Промокодду колдонууда арзандатууларды берүү шарттары чектелген болушу мүмкүн. Промокодду колдонуу шарттары жөнүндө маалымат Колдонуучуга Сервисте, Интернеттеги өзүнчө баракчада, жарнамалык материалда же башка жол менен билдирилет. Төмөнкүлөр мындай шарттар болушу мүмкүн:

  • карта эмитенттери боюнча чектөөлөр (Промокод маркетингдик акцияга катышкан айрым эмитенттердин карталары менен төлөгөндө гана колдонулат);
  • Буйрутманын Сервистеги номерине талаптар, мисалы, биринчи гана буйрутма;
  • буйрутманын курамына талаптар;
  • Өнөктөштөрдүн тизмесине чектөө (Промокод маркетингдик акцияга катышкан айрым Өнөктөштөрдө гана Буйрутма кылган учурда колдонулат);

Промокодду колдонуу шарттарынын аткарылганы Сервис маалыматтарынын негизинде гана аныкталат.

11.9. Недобросовестное использование и применение Промокодов не допускается. В целях противодействия недобросовестному использованию Промокодов или злоупотреблениям при использовании Промокодов, Яндекс имеет право проверять добросовестность использования любыми доступными способами. В случае выявления недобросовестного использования Промокодов Яндекс в праве отказывать в предоставлении скидки в случае выявления соответствующих злоупотреблений или недобросовестного использования Промокода. 11.9. Промокоддорду адилетсиз пайдаланууга жана колдонууга жол берилбейт. Промокоддорду адилетсиз колдонууга же Промо-коддорду колдонууда кыянаттык менен пайдаланууга каршы туруу максатында, Яндекс бардык жеткиликтүү ыкмалар менен колдонуунун адилеттүүлүгүн текшерүүгө укуктуу. Промокоддорду адилетсиз колдонуу аныкталган учурда, Яндекс промокодду тийиштүү кыянаттык менен пайдалануу же адилетсиз колдонуу аныкталган учурда, арзандатуу берүүдөн баш тартууга укуктуу.
11.10. Для получения актуальной информации о причинах не применения Промокода Пользователь должен обратиться в службу поддержки Сервиса. 11.10. Промокодду колдонбоо себептери жөнүндө актуалдуу маалыматты алуу үчүн Колдонуучу Сервистин колдоо кызматына кайрылышы керек.
11.11. При рассмотрении обращений о применении Промокодов служба поддержки имеет право запросить у Пользователя подтверждение факта получения Промокодов (фотографии, скриншоты, иные подтверждения) и его применения. В случае непредоставления такого подтверждения Яндекс оставляет за собой право отказать в предоставлении скидки по Промокоду. 11.11. Промокоддорду колдонуу боюнча кайрылууларды кароодо колдоо кызматы Колдонуучудан Промокоддорду алгандыгын (сүрөттөр, скриншоттор, башка тастыктоо) жана аларды колдонгонун ырастоосун талап кылууга укуктуу. Эгерде мындай ырастоо берилбесе, Яндекс Промокод боюнча арзандатуу берүүдөн баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
11.12. Яндекс имеет право отказать в предоставлении скидки по Промокоду, если Пользователь предоставил недостоверную информацию или каким-либо другим образом нарушил настоящее Пользовательское соглашение. 11.12. Эгерде Колдонуучу жалган маалымат берсе же ушул Колдонуучу келишимин башка жол менен бузган болсо, Яндекс Промокодду колдонуу менен арзандатуудан баш тартууга укуктуу.
11.13. Промокод имеет срок действия. Срок действия Промокода доводится до Пользователя в Сервисе, на отдельной странице Интернете, на рекламном материале или иным способом. 11.13. Промокоддун колдонулуу мөөнөтү бар. Промокоддун колдонулуу мөөнөтү Колдонуучуга Сервисте, өзүнчө интернет баракчасында, жарнамалык материалда же башка жол менен билдирилет.
11.14. По истечении срока действия Промокода, он становится недействительным. 11.14. Промокоддун колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин, ал жараксыз болуп калат.
11.15. Промокод может быть использован одним Пользователем только один раз, если в Промокоде, в Сервисе, в рекламном материале, на странице в Интернете, либо в ином источнике не указано иное. 11.15. Эгерде Промокоддо, Сервисте, жарнамалык материалда, Интернет баракчасында же башка булакта башкасы көрсөтүлбөсө, Промокод бир Колдонуучу тарабынан бир гана жолу колдонулушу мүмкүн.
11.16. Для получения актуальной информации о сроке действия и количестве использований Промокода Пользователь должен обратиться в службу поддержки Сервиса. 11.16. Промокоддун колдонулуу мөөнөтү жана колдонуулар саны жөнүндө актуалдуу маалыматты алуу үчүн Колдонуучу Сервистин колдоо кызматына кайрылышы керек.
11.17. В случае если территория действия не указана в Промокоде, в Сервисе, на отдельной странице в Интернете, на рекламном материале или в ином источнике, территория считается ограниченной пределами города, находясь в котором Пользователь получил Промокод. 11.17. Эгерде колдонулуу аймагы Промокоддо, Сервисте, Интернеттеги өзүнчө баракчада, жарнамалык материалда же башка булакта көрсөтүлбөсө, аймак Колдонуучу Промокодду алган шаардын чеги менен чектелген деп эсептелет.
11.18. Промокод может быть использован только при условии активации. Для активации Промокода необходимо ввести Промокод в специальное поле «Промокод» до оформления Заказа в интерфейсе Сервиса и нажать «Применить». 11.18. Жарнамалык код активдештирилгенде гана колдонулушу мүмкүн. Промокодду активдештирүү үчүн, Сервистин интерфейсинде буйрутманы тариздөөдөн мурун, атайын «Промокод» талаасына Промокодду киргизип, «Колдонуу» баскычын басуу керек.
12. Информация о Яндексе: 12. Яндекс жөнүндө маалымат:
Фирменное наименование: OcOO «Яндекс Деливери КейДжи» Фирмалык аталышы: «Яндекс Деливери КейДжи» ЖЧК
ОПФ: Общество с ограниченной ответственностью УУТ : Жоопкерчилиги чектелген коом
Место нахождения: город Бишкек, Первомайский район, ул. Б Эркиндик, дом д. 58а Жайгашкан жери: Бишкек шаары, Первомайский району, Б Эркиндик көч., 58а үй
Регистрационный номер: 216547-3301-ООО Каттоо номери: 216547-3301-ЖЧК
Дата регистрации: 04 апреля 2023 Катталган күнү: 04-апрель, 2023-жыл
ИНН: 00404202310271 СДН: 00404202310271