Жүктөрдү жана жөнөтмөлөрдү камсыздандыруу

2019-жылдын 29-августунан тарта Яндекс.Таксинин "Жеткирүү" кызматы жана "Жүк ташуу" тарифи боюнча ташылуучу жүктөр менен жөнөтмөлөр максималдуу түрдө 500 000 рублга камсыздандырылган.

"Жүк ташуу" тарифинде жана "Жеткирүү" кызматында камсыздандыруу кандайча иштейт?

Сиздин мүлкүңүздүн камсыздандыруусу айдоочу же курьер сизге келгенден (Келди баскычын баскандан) тарта иштеп баштайт жана сапар аяктагандан же жүк жеткирилгенден кийин (айдоочу же курьер Аяктоо баскычын басканда) аяктайт. Эгер жүргүнчү буйрутмадан баш тартса, камсыздандыруу иштетилбей калат.

Яндекс.Такси колдонмосу аркылуу "Жүк ташуу" тарифинде жүк ташуучуларды чакыртсаңыз, камсыздандыруу жүктү унаага жүктөө жана андан түшүрүү убактысына да жайылат.

"Жүк ташуу" тарифинде жүктү фрахт келишими боюнча ташуу сиздин коштооңуз менен гана ишке ашырылышы маанилүү.

Камсыздандырууга эмнелер кирет?

Камсыздандыруу жүктүн же жөнөтмөнүн бузулушунун, кыйрашынын же жоголушунун ордун толтуруп берет. Жүктүн бардык түрү камсыздандырылбайт.

Төмөнкүлөр камсыздандырылбайт:

  1. Ок атуучу, сигналдык, пневматикалык, газ курал-жарактары, октор, сайма-чапма (анын ичинде ыргытылуучу) куралдар, электрошок түзмөктөрү жана учкун разряддагычтары, ошондой эле ок атуучу курал-жарактарынын негизги курама бөлүктөрү.
  2. Баңгизат каражаттары, психотроптук, өтө күчтүү таасир берүүчү, радиоактивдүү, жарылуучу, уулуу, жегич, оңой өрттөнүп кетүүчү жана башка кооптуу заттар.
  3. Тирүү жана өлүк жаныбарлар менен өсүмдүктөр, адамдын дене бөлүктөрү же өлүк сөөгү, анын ичинде калган күлү, жаныбарлардын иштетилбеген терилери.
  4. Орусия Федерациясынын акча белгилери жана чет өлкөлүк валюталар (накталай акчалар), жол чектери, баалуу кагаздар, банк жана төлөм карталары, алтын жана күмүш куймалары, акциз маркалары.
  5. Иммунобиологиялык препараттар, биологиялык материалдар, кан.
  6. Көркөм өнөр баалуулуктары жана буюмдары, антиквардык буюмдар, искусство буюмдары (сүрөттөр, иконалар, китептер, кол жазмалар, скульптуралар ж.б.у.с.), көргөзмө экспонаттары, коллекциялар.
  7. Фото, аудио, видео же кино-материалдар, анын ичинде порнографиялык материалдар.
  8. Сейрек кездешүүчү металлдан жасалган буюмдар жана куймалар, кымбат баалуу металл куймалары, асыл таштар; зер буюмдар.
  9. Сууда калкып жүрүүчү каражаттар, анын ичинде өтө чоң эмес кайыктар жана кемелер (яхталар).
  10. Индивидуалдык же заводдук таңгагы жок болгон үйүлмө, жыйылма жана куюлма жүктөр.
  11. Атайын таңгагы жок болгон айнектер жана айнек-фарфор буюмдар.
  12. Интеллектуалдык менчик объектилери (долбоорлор, техникалык документация, кол жазмалар ж.б.у.с.), маалымат ташыгычтар.
  13. Аскердик багыттагы жүктөр.
  14. Жаңы бышкан мөмө жана жер-жемиштер, жашылчалар, козу карындар.
  15. Автоунаалар (жүк ташуучу, жеңил автоунаалар, автобустар).
  16. Көлөмү чоң эмес жана салмагы оор жүктөр.
  17. Белгилүү бир температуралык режимди сактоону талап кылган жүктөр.

Бир камсыздандыруу учуру боюнча бардык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы 500 000 рублдан аша албайт.

Бул канча турат?

Камсыздандыруу акысыз.

Камсыздандырууну кантип кошсо болот?

Камсыздандыруу Орусияда Яндекс.Таксинин "Жүк ташуу" тарифи жана "Жеткирүү" кызматы боюнча буйрутмалардын бардыгына кошулган.

Компенсация кандай учурда төлөнүп берилет?

  1. Жүктү же жөнөтмөнү ташуу учурунда жол кырсыгы орун алып, мүлк зыянга учураганда.
  2. Жүктү же жөнөтмөнү ташуу учурунда, жүк жетишээрлик даражада оролуп, таңгакталса да, ордунан жылып кетишинин кесепетинен жүк зыянга учураганда.
  3. "Жүк ташуу" тарифи боюнча Яндекс.Такси сервиси аркылуу опцияга буйрутма берилгенде, жүк ташуучунун кесири менен жүктү унаага салуу же андан түшүрүү учурунда жүк зыянга учураганда.
  4. "Жеткирүү" кызматы боюнча жүк жоголуп (кем чыгып) же бузулуп калганда.

Төлөмдү кантип алса болот?

  1. Бизге жазыңыз — эмне болгонун жазып, сүрөт тиркеңиз. Биз сизге кеп-кеңеш берип, кайрылууңузду камсыздандыруучу компанияга жөнөтөбүз.
  2. Эгер жүктүн бузулуусу жол кырсыгынын кесепетинен улам болсо, ЖКККББнын бөлүмүндө жол кырсыктын чоо-жайын териштирүүгө катышып, административдик укук бузуу иши боюнча расмий токтом алыңыз.
  3. Камсыздандыруучу компаниянын кызматкерлери сиз менен байланышып, компенсацияны алууга керектелген документтердин так тизмесин беришет.
  4. Документтерди алгандан кийин эки жуманын ичинде камсыздандыруу компаниясы камсыздандыруу учуруңуз боюнча чечим чыгарып, акчаны банктык эсепке которот.

Камсыздандыруу төлөмүн алыш үчүн кандай документтер керек?

Документтердин так тизмесин сизге камсыздандыруучу компания берет.

Көпчүлүк учурларда төлөмдү алыш үчүн сизге төмөндөгүлөр керек болот:

  • Камсыздандыруу боюнча зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз
  • Мүлкүнө зыян келтирилген адамдан доо арыз
  • Жолдогу унаа кырсыгы тууралуу документ
  • Зыянга учураган жүктүн сүрөтү

Мындай шарттар менен камсыздандыруучу компаниянын эрежелеринен таанышууга болот.

Бул нускама жалпыга ачык оферта болуп эсептелбейт. Эгер сизде камсыздандыруу программасына байланыштуу суроолор калса, колдоо кызматына кайрылыңыз.