Банк картасын кантип коргосо болот?
Картаны алдамчылык кыймыл-аракеттерден коргоо үчүн төмөнкүлөрдүн кылынышы шарт:
- Картанын PIN кодун жана CVV2 кодун, ошондой эле анын жарактуулук мөөнөтүн жана ал кимдин атына катталганын үчүнчү жактарга эч качан айтпаңыз.
- Эгер сиз картаны жоготуп алсаңыз же сизде анын реквизиттерин үчүнчү жактар билип алды дегенге негиз бар болсо дароо банкка кайрылып, аны бөгөттөп салыңыз.
- Интернет банкка чоочун бирөөлөрдүн компьютерлеринен же корголбогон тармактардан кирбеңиз. Эгер мындай орун алган болсо, интернет банктан чыгууну жана браузердин кэшин тазалоону унутпаңыз.