Аккаунттарды коргоо
Алгач сиздин түзмөктөрүңүз вирустардан корголгонуна көзүңүз жетсин. Андан кийин Яндекс.Паспортко кирип, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:
- Электрондук почталар жана телефон номерлери бөлүмүндө сизге таандык болбогон электрондук почталардын жана телефон номерлеринин баарын өчүрүп, аккаунтка өз телефон номериңизди байлап коюңуз.
- Кирүү тарыхы жана түзмөктөр бөлүмүндө сизге таандык эмес түзмөктөрдү, бейтааныш программаларды өчүрүңүз жана сиз кылбаган аракеттерди Бул мен эмес деген баскыч аркылуу белгилеп коюңуз.
- Сыр сөздөр жана авторизация бөлүмүндө сыр сөздү алмаштырып, кош факторлуу авторизацияны жөндөп алыңыз.
Коопсуздук жана бышык сыр сөздөр тууралуу кенен маалыматты Яндекс.Паспорттун жардамы бөлүмүнөн окуй аласыз.