Аялдаманы кошуу
Орто жолдо токтоолору бар маршруттар — жумушка бара жатып, жолдон баланы мектепке таштап кетиш керек болгондо же аэропорттон келе жатып, жоро-жолдошторду үйлөрүнө жеткириш керек болгондо пайдалуу болот.
Орто жолдогу токтоо пунктун кошуу үчүн сиз адатта соңку даректи киргизген талаадагы белгисин басыңыз. Сиз үчкө чейин кошумча даректерди көрсөтө аласыз. Кошумча даректерди ошол эле жерден өз ара алмаштыра аласыз.
Үч же төрт дарек көрсөтүлгөн маршрутту буйрутма берилгенден кийин өзгөртүү мүмкүн болбойт. Калган учурларда, жолдо бара жатканда эле кошумча даректерди кошуп же өзгөртө аласыз, бирок сапардын соңку баасы алгачкы баадан айырмаланат.