Команда үчүн аккаунт кошуу

Команда аккаунту стартаптарга, агенттиктерге же чакан бизнестерге сапар акыларын бир карта аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Команда аккаунтун кантип түзсө болот?

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз:  → Команда үчүн аккаунт.
  2. Катышуучаларды чакыруу баскычын басыңыз. Алардын номерлерин жазыңыз же контакттардын тизмесинен кошуңуз. Аккаунтта, ээсин кошуп эсептегенде 20дан ашык адам болбошу керек.
  3. Команда үчүн аккаунт барагынан Картаны тандоону басыңыз. Колдонмого байланган банктык карталардын ичинен сизге керектүүсүн тандаңыз же жаңысын байлаңыз. Картанын номерин аккаунттун ээси гана көрөт алат.
  4. Сиз кошкон адамдардын колдонмосунда төлөө ыкмасы деген жерде Команда аккаунту деп пайда болуп калат.
  5. Жөндөөлөрдө Команда үчүн аккаунт бетинде сиз төмөнкүлөрдү кыла аласыз:
    • Аккаунттун аталышын өзгөртө аласыз. Мисалы, фирманын атына.
    • Аккаунттун катышуучулары үчүн акча лимитин орнотуу.
    • Отчёттордун почтага келүүсүн жөндөө.

Команда аккаунттун кантип өчүрсө болот?

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз:  → Команда үчүн аккаунт → Жөндөөлөр.
  2. белгисин басып, өчүрүүнү ырастаңыз.