Plus кантип кошсо болот?

Plus — бул Яндекстин сервистерине бирдиктүү жазылуу системасы.

Жазылуу жөнүндө кененирээк маалыматтарды жана аны колдонуу шарттары тууралуу Plus боюнча жардам бөлүмүндө окуңуз.

Аккаунтту кантип жөндөсө болот?

Плюсту колдонуп баштаганга чейин, сиздин телефон номериңиз Яндекстеги аккаунт менен байланышканына көзүңүз жетсин:

  1. Яндекс.Паспортто аккаунтту башаруу баракчасына өтүңүз. Почта кутулары жана телефон номерлери бөлүмүндө, аккаунтка байланган номерлер көрсөтүлгөн.
  2. Негизги номер катары сиз Яндекс.Таксиде колдонгон номер көрсөтүлгөнүнө көзүңүз жетсин. Эгер андай эмес болсо, керектүү номерди кошуңуз да, аны негизги кылып белгилеп коюңуз.

Андан кийин колдонмону жаап, кайрадан ачыңыз. Эгер сизде iOS же Android үчүн Яндекс.Таксинин эскирээк версиясы орнотулган болсо, аны жаңыртыңыз.

Жазылууну кантип жол-жоболоштуруш керек?

Жазылууну кантип кошсо болоорун Plus боюнча жардам бөлүмүндө окуңуз.

Эгер сиз жазылуу акысын төлөгөндөн кийин сапарлар үчүн арзандатуу албай калсаңыз:

  1. Колдонмодо көрсөтүлгөн телефон номери Яндекстеги сиздин аккаунтуңузга байланган номер менен бир болгонуна көзүңүз жетсин. Эгер андай эмес болсо, Яндекс.Такси колдонмосуна байланган номерди аккаунтка кошуңуз да, аны негизги кылып белгилеп коюңуз.
  2. iOS же Android системаларындагы Яндекс.Такси колдонмосун жаңыртыңыз.