Купуялуулук саясаты

Учурдагы версия төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү: https://yandex.com/legal/confidential_kyrgyzstan/?lang=ky

1. Бул Купуялуулук саясаты эмнени жөнгө салат

Бул Купуялуулук саясаты (мындан ары — Саясат) бардык маалыматтарга, анын ичинде сиз Яндекстин ар кандай сайттарын, программаларын, өнүмдөрүн жана/же кызматтарын (мындан ары "Кызматтар" деп аталат) колдонгон учурда “ЯНДЕКС” ЖЧКсы жана/же анын аффилирленген жактары, “ЯНДЕКС” ЖЧКсы (мындан ары — “Яндекс”) менен бир топко киргендер колдонуудагы мыйзамга ылайык сиз тууралуу ала турган жеке маалыматтарга (мындан ары – “жеке маалымат”), сиз yandex.ru, yandex.com, yandex.by, yandex.kz, yandex.com.tr, yandex.co.il сайттарындажана Яндекске таандык башка сайттарда (чогуу алганда мындан ары - “Сайттар”) таба ала турган маалыматтарга карата, ошондой эле кызматтарды колдонуу тууралуу макулдашуулардын жана келишимдердин Яндекс/ анын аффилирленген жактары тарабынан ишке ашырылышында колдонулат. Ошондой эле сиз Яндекстин өнөктөштөрүнүн (мындан ары - «Өнөктөштөр») сайттарын, программаларын, өнүмдөрүн же кызматтарын (мисалы, Яндекс жарнакчылары же такси кызматтары) колдонгон учурда Яндекс өз өнөктөштөрүнөн жалпыга жеткиликтүү башка булактардан жеке маалыматтарды ала алат. Тиешелүү учурларда жеке маалыматтарды өткөрүп берүү колдонуудагы мыйзамда белгиленген учурларда гана мүмкүн жана Яндекс менен өнөктөштөрдүн ар биринин ортосундагы атайын келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

Сураныч, буга көңүл буруңуз. Каалаган сайттарды жана/же кызматтарды колдонуу ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизе турган кошумча шарттар менен жөнгө салынышы мүмкүн жана/же мындай сайттар /же кызматтар үчүн документтердин тиешелүү бөлүмдөрүндөгү жеке маалыматтарга карата атайын шарттары болушу мүмкүн.

2. Маалыматты ким иштетет

Сайттарды жана кызматтарды пайдаланууну камсыз кылуу үчүн сиздин жеке маалыматтарыңыз Яндекс, анын ичинде Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык негизделген жана 119021, Россия, Москва, Лев Толстой көч., 16 дареги боюнча юридикалык жак катары катталган “ЯНДЕКС” жоопкерчилиги чектелген коом (“ЯНДЕКС” ЖЧК) же башка юрисдикцияларда тиешелүү кызматты көрсөткөн аффилирленген жактар тарабынан чогултулат жана колдонулат. Тигил же бул кызматты кимдер көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар менен тийиштүү кызматты пайдалануу шарттарында тааныша аласыз.

Яндекс кызматы Европа экономикалык зонасынын (ЕЭЗ) же Швейцариянын аймагындагы колдонуучулар үчүн (Yango, Yandex.Taxi, Deli Кызматтарынын колдонуучуларынан сырткары) Финляндиянын мыйзамына ылайык негизделген, Морееникату 6, 04600 Мянтсяля, Финляндия (Moreenikatu 6, 04600 Mäntsälä, Suomi) дареги боюнча юридикалык жак катары катталган Global DC Oy компаниясы тарабынан көрсөтүлөт.

Яндекс кызматы Израиль аймагындагы колдонуучулар үчүн Израилдин мыйзамына ылайык негизделген, 148 Menachem Begin St., Tel Aviv, Israel 6492104 дареги боюнча юридикалык жак катары катталган Yandex.Go Israel Ltd., Израилдин мыйзамына ылайык негизделген жана 148 Menachem Begin St., Tel Aviv, Israel 6492104 Yigal Alon, Tel Aviv, 6744320 дареги боюнча юридикалык жак катары катталган Yango.Taxi Ltd., Израилдин мыйзамына ылайык негизделген жана 114 Yigal Alon, Tel Aviv, Israel 6744320 дареги боюнча юридикалык жак катары катталган Yango Market Israel Ltd. компаниялары тарабынан көрсөтүлөт.

3. Бул Саясаттын максаты эмне

Сиздин жеке маалыматтарыңызды жана купуялуулугуңузду коргоо Яндекс үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан, сиз сайттарды жана кызматтарды колдонгон учурда, Яндекс сиздин жеке маалыматтарыңызды колдонуудагы мыйзамга ылайык коргойт жана иштетет.

Сиздин жеке маалыматтарыңызды коргоо боюнча жоопкерчилигибизди эске алып, бул Саясаттын алкагында төмөнкү учурлар тууралуу сизге ачык маалымат бергибиз келет:

(a) Сиз сайттарды жана/же кызматтарды колдонгон учурда, Яндекс сиздин жеке маалыматтарыңызды эмне үчүн жана кантип чогултат жана колдонот (“иштеп чыгат”);

(b) Сиздин жеке маалыматтарыңызды эмне үчүн жана кантип иштетүү боюнча чечим кабыл алуучу юридикалык жак - Яндекстин ролу жана милдеттери кандай;

(с) Яндекс тарабынан сиз тууралуу чогултулган жеке маалыматтардын көлөмүн азайтуу үчүн сиз кандай куралдарды колдоно аласыз;

(d) Жеке маалыматтарды иштетүүнүн алкагында кандай укуктарга ээсиз.

4. Яндекс сиз тууралуу кандай жеке маалыматтарды чогултат

Сайттарды иштетүү жана/же кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле өнөктөштөрдүн сайттарын, программаларын, өнүмдөрүн же кызматтарын колдонуу процессинде чогултулган жеке маалыматтар аларды колдонуу үчүн каттоо эсебиңизди колдонуп-колдонбогонуңузга жараша айырмаланышы мүмкүн. Сиз каттоо эсебиңизге кирген учурда, сайттарды жана кызматтарды колдонуу учурунда Яндекс тарабынан сиз тууралуу чогултулган жеке маалыматтар сиз каттоо эсебиңизди колдонуунун алкагында Яндекс тарабынан чогултулган башка жеке маалыматтар менен (мисалы, аты-жөнүңүз, байланыш маалыматтарыңыз, жашыңыз жана жынысыңыз тууралуу маалымат, эгерде алар Яндекске берилген болсо) салыштырылышы жана байланыштырылышы мүмкүн. Кызмат колдонуу жөнүндөгү макулдашууда же айрым кызматтарды колдонуу шарттарында каралган учурлардан тышкары, Яндекс сиз берген жеке маалыматтарды текшербейт, бул маалыматтар туурабы же туура эмеспи же болбосо жеке маалыматтарды өткөрүп берүүгө жетиштүү укугуңуз барбы же жокпу деп баа бере албайт. Ошентсе да, Яндекс сизди ишенимдүү жана жетиштүү жеке маалыматтарды берип жатат жана аларды өз убагында жаңыртып турат деп ойлойт.

Яндекс сиз сайттарды жана кызматтарды колдонгон учурда сиз тууралуу жеке маалыматтарды төмөнкү категориялар боюнча чогулта алат:

(i) каттоо (каттоо эсебин түзүү) учурунда сиз берген жеке маалымат, мисалы, аты-жөнүңүз, телефон номериңиз, дарегиңиз жана жашыңыз;

(ii) электрондук маалыматтар (HTTP-аталыштары, IP-дарек, куки файлдар, веб-маяктар/ пикселдик тегдер, браузердин идентификатору тууралуу маалыматтар, аппараттык жана программалык камсыздоо тууралуу маалыматтар, wi-fi тармагынын маалыматтары);

(iii) сайттарга жана/же кызматтарга кирүү күндөрү жана убактысы тууралуу маалыматтар;

(iv) сайттарды жана/же кызматтарды колдонуу учурунда сиздин активдүүлүгүңүз тууралуу маалыматтар (мисалы, издөө сурамдарынын тарыхы, кызмат сатып алуулар, сиз катышкан иш-чаралар тууралуу маалыматтар, жактыруулар жана артыкчылыктар, сиз кат алышып турган адамдардын электрондук почталарынын даректери, телефон китепчесинин маалыматтары, башка колдонуучулар менен өз ара аракеттешүү тууралуу маалыматтар, ошондой эле Яндекс системаларында сакталган файлдар жана контенттер);

(v) геолокация жөнүндө маалыматтар;

(vi) Яндекстин конкреттүү сайттарын же кызматтарын колдонууну жөнгө салуучу шарттарга ылайык иштетүү үчүн зарыл болгон сиз тууралуу башка маалыматтар;

(vii) сиз менен тийиштүү өнөктөштүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин жана Яндекс менен өнөктөштүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык өнөктөштөрүбүздөн алынган сиз тууралуу маалыматтар;

(viii) төлөм карталарыңыз тууралуу маалыматтар, сиз берген, ошондой эле Яндекстин сайттарын же кызматтарын колдонуу аркылуу жана/ же Яндекс тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтарга байланыштуу төлөм операцияларын жүргүзүүгө катышкан өнөктөштөрдөн же башка адамдардан алынган маалыматтар.

Ошондой эле Яндекс жеке маалыматты чогултуу, аны түзмөгүңүзгө жана веб-браузериңизге байланыштыруу үчүн (ушул Саясаттын 11-бөлүмүн куки файлдарын жана веб-маяктарды (анын ичинде пикселдик тегдерди) колдонот.

Яндекс айрым кызматтарды колдонуу жөнүндө макулдашууларда каралган учурлардан тышкары, сезимтал жеке маалыматтарды (адамдын расалык теги, саясий көз караштары, ден соолугу жөнүндө маалыматтар жана биометриялык маалыматтары сыяктуу) максаттуу түрдө чогултпайт. Ошого карабастан, сиз бул маалыматтарды Яндекске өз алдынча бере аласыз жана мындай учурда Яндекс сизге кызмат көрсөтүүнүн алкагында аларды иштетет (мисалы, ден соолугуңузга байланыштуу издөө сурамдары берилген болсо). Ошол эле учурда, сиз Яндекске бере ала турган жеке маалыматтардын сезимтал мүнөзүн Яндекс алдын-ала билбегендиктен, ал бул маалыматтарды иштетүүгө макулдугуңузду талап кыла албастыгын эске алышыңыз керек.

Яндекс колдонуучунун "портретин" түзүү максатында колдонуудагы мыйзамга ылайык укуктарыңызга жана эркиндиктериңизге олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон маалыматтарды чогултпайт.

5. Жеке маалыматыңызды иштеп чыгуунун укуктук негизи жана максаттары кандай

Яндекс жетиштүү укуктук негиздер болбой туруп, сиздин жеке маалыматыңызды иштетүүгө укугу жок.

Ошондуктан, Яндекс төмөнкү учурларда гана сиздин жеке маалыматыңызды иштетет:

(i) маалыматты иштетүү Яндекс кызматтарын колдонуу жөнүндө макулдашуусу (https://yandex.com/legal/termsofuse_kyrgyzstan), сайттардын жана кызматтардын иштешин камсыз кылууну камтыган Яндекстин айрым кызматтарын көрсөтүү шарттары (мисалы, издөө сурамдарыңыз боюнча сизге издөө жыйынтыктарын берүү) сыяктуу сиз менен Яндекстин ортосундагы келишимдерди аткаруу үчүн зарыл;

(ii) маалыматты иштетүү мыйзамда белгиленген милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл;

(iii) колдонуудагы мыйзамда каралган учурда, эгерде маалыматты иштетүү сиздин кызыкчылыктарыңызга, фундаменталдуу укуктарыңызга жана эркиндиктериңизге олуттуу таасир этпесе, ушундай маалыматты иштетүү Яндекстин мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн зарыл. Яндекс жеке маалыматыңызды көрсөтүлгөн негизде иштеп чыгууда өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары менен купуялуулугуңузду коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого ар дайым аракет кыларын эске алыңыз.

Яндекс төмөнкү учурларда жеке маалыматыңызды өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн иштетет:

(а) биздин сайттар жана/же кызматтар менен кантип иштегениңизди жакшыраак түшүнүү үчүн;

(b) бардык колдонуучулардын кызыкчылыктары үчүн сайттарды жана кызматтарды өнүктүрүү, өзгөртүү, жекелештирүү же башка жол менен жакшыртуу;

(c) Яндекстин же башка компаниялардын сизди кызыктыра турган өнүмдөрүн жана кызматтарын сизге сунуштоо үчүн (б.а. сиздин кызыкчылыктарыңызды эске алган жарнаманы көрсөтүү);

(iv) конкреттүү максаттар үчүн же колдонуудагы мыйзамдын талаптарына ылайык жеке маалыматыңызды иштеп чыгууга макулдугуңузду талап кыла алабыз. Макулдук өзүнчө укуктук негиз катары таанылган юрисдикциялар үчүн сайттарды жана/же кызматтарды колдонуу сиздин маалыматты иштетүүгө макулдугук бергениңизди билдирет. Биз сиздерге бул тууралуу маалымдайбыз, ал эми сиз сайттарды же кызматтарды колдонууда бизге кайсы бир жеке маалыматтарыңызды берүүгө милдеттүү эмес экениңизди жана маалымат берүүнүн эркиңизге гана негизделгенин ырастайсыз. Бирок, сиз жеке маалыматыңызды бербеген учурда, биз сизге кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бере албайбыз жана сайттарды колдонуу чектелген болот.

Яндекс ар дайым жеке маалыматыңызды белгилүү бир максаттарда жана мындай максаттарга жетүүгө тиешеси бар жеке маалыматтарды гана иштетет. Тактап айтканда, биз жеке маалыматыңызды төмөнкү максаттар үчүн иштетебиз:

(i) сизге сайттарды жана/же кызматтарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү (анын ичинде сиздин каалоолоруңузду, издөө тарыхыңызды жана Яндекске жеткиликтүү болгон сиз тууралуу башка жеке маалыматтарды эске алуу менен издөө сурамдарыңызга жооп катары издөө натыйжаларын берүү);

(ii) эгерде сиз тиешелүү кызматтарда катталган болсоңуз, сизге каттоо эсебиңизге, анын ичинде Яндекстин электрондук почта кутучасына жана файл сактагычына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү;

(iii) сайттардын жана кызматтардын ишине байланыштуу билдирүүлөрдү, суроо-талаптарды жана маалыматтарды сизге жөнөтүү, сиз менен түзүлгөн келишимдерди аткаруу жана суроо-талаптарыңызды жана өтүнмөлөрүңүздү иштеп чыгуу үчүн сиз менен байланышуу;

(iv) сиздин каалоолоруңузга, издөө тарыхыңызга жана Яндекске жеткиликтүү болгон жеке маалыматтарыңызга негизделген жарнамаларды жана сунуштарды жекелештирүү;

(v) сайттарды жана кызматтарды колдонуунун ыңгайлуулугун жогорулатуу, анын ичинде эң ылайыктуу издөө натыйжаларын көрсөтүү жана жекелештирилген сайттарды жана кызматтарды сунуштоо, ошондой эле Яндекстин башка өнүмдөрүн, тиркемелерин жана кызматтарын жакшыртуу;

(vi) Яндекстин жаңы өнүмдөрүн, утилиттерин жана сунуштарын түзүү;

(vii) сиздин жана Яндекстин укуктарын коргоо;

(viii) статистикалык маалыматтарды, чоң маалыматтарды жана башка маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана берүү;

(ix) сайттар жана кызматтар, колдонуучулар, Яндекс жана/же үчүнчү жактар үчүн коопсуздуктун коркунучтарын аныктоо, анын ичинде сайттарды жана кызматтарды колдонуу менен келишимдерди түзүүдө сиздин ишенимдүүлүгүңүздү текшерүү;

(x) төлөмдөрдү кабыл алууну уюштуруу, сайттарды жана кызматтарды колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү төлөөнү жүзөгө ашыруу.

API Googleдан алынган маалыматтарды (мындан ары – “алынган маалыматтар”) Яндекстин кызматтарында колдонуу Google API Disclosure жоболорунда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен ага ылайык жүзөгө ашырылат:

Алынган маалыматтар сизге почта кардарынын функцияларын камсыз кылуу максатында гана колдонулат. Алынган маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, жарнамалык материалдарды көрсөтүүгө жана кат алышуунун мазмунуна мыйзамсыз жетүүгө байланыштуу максаттарда колдонулбайт.

Алынган маалыматтарды иштеп чыгуу шарттары менен төмөнкү даректен кененирээк таанышсаңыз болот: (https://yandex.ru/legal/confidential_google_api).

6. Яндекс жеке маалыматыңызды кантип коргойт

Көпчүлүк учурларда, жеке маалыматтар автоматтык түрдө иштетилет, аларды Яндекс кызматкерлеринин эч кимиси колдоно албайт.

Эгерде маалыматтарды колдонуу керек болуп калса, анда ал маалыматтар өз милдеттерин аткаруу үчүн буга муктаж болгон Яндекстин кызматкерлерине гана берилиши мүмкүн. Маалыматтардын купуялуулугун сактоо жана камсыз кылуу үчүн бардык кызматкерлер жеке маалыматты иштеп чыгуу боюнча ички эрежелерге жана жол-жоболорго баш ийиши керек. Ошондой эле алар жеке маалыматыңызды коргоо үчүн бардык техникалык жана уюштуруучулук коопсуздук чараларын аткарышы керек.

Яндекс ошондой эле жеке маалыматтарды уруксатсыз, кокусунан же мыйзамсыз түрдө жок кылуудан, жоготуудан, өзгөртүүдөн, туура эмес пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан же колдонуудан, ошондой эле иштетүүнүн башка мыйзамсыз формаларынан коргоо үчүн жетиштүү техникалык жана уюштуруучулук чараларын колдонот. Бул коопсуздук чаралары техниканын заманбап деңгээлин, аларды ишке ашыруунун наркын, жеке маалыматты иштеп чыгууга жана мүнөзүнө байланыштуу тобокелдиктерди эске алуу менен ишке ашырылган.

7. Жеке маалыматтарыңыз кимдер тарабынан дагы колдонулушу жана кимге өткөрүлүп берилиши мүмкүн

7.1 Яндекстин тобунун алкагында

Яндекс сиздин жеке маалыматыңызды өз кызматкерлерине бере алат (ушул Саясаттын 6-бөлүмүндө көрсөтүлгөн чектерде). Яндекс ошондой эле сиздин жеке маалыматыңызды өзүнүн аффилирленген жактарына, анын ичинде Яндекске таандык болгон адамдардын тобундагы башка компанияларга да бере алат (“Яндекстин тобу”). Айрым өлкөлөрдө жеке маалыматты коргоо деңгээли сиздин юрисдикцияңызда белгиленген деңгээлге шайкеш келбеши мүмкүн, ошондуктан Яндекстин кызматтарын колдонуу менен сиз маалыматты өткөрүп берүүгө макулдук берген болосуз.

Эгерде Яндекстин тобунун компаниялары тарабынан көрсөтүлгөн сайттарды жана/же кызматтарды колдонуу шарттарында башкача аныкталбаса, бардык учурларда жеке маалыматтар ушул Саясаттын 5-бөлүмүндө аныкталган максаттарда гана иштетилет. Сиздин жеке маалыматыңыз https://yandex.ru/legal/affiliatesбаракчасында аныкталган жактарга да берилиши мүмкүн.

7.2 Яндекстин тобунан тышкары

Яндекс ошондой эле ушул Саясаттын 5-бөлүмүндө аныкталган максаттарга жетүү үчүн Яндекстин тобуна кирбеген үчүнчү жактарга да жеке маалыматтарды бере алат. Айрым өлкөлөрдө жеке маалыматты коргоо деңгээли сиздин юрисдикцияңызда белгиленген деңгээлге шайкеш келбеши мүмкүн, ошондуктан Яндекстин Кызматтарын колдонуу менен сиз маалыматты өткөрүп берүүгө макулдук берген болосуз.

Мындай үчүнчү жактарга төмөнкүлөр кириши мүмкүн:

(i) Сайттардын жана тиркемелердин ээлери сыяктуу өнөктөштөр, жарнама тармактары жана бул өнөктөштөргө таандык болгон же алар тарабынан контролдонгон сайттарда, программаларда, өнүмдөрдө же кызматтарда жарнамаларды жайгаштырууга жана көрсөтүүгө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү Яндекске берген башка өнөктөштөр; жүк/ жүргүнчү ташуу (такси) кызматтарын көрсөткөн компаниялар;

(ii) жарнама берүүчүлөр же Яндекстин сайттарында жана/же кызматтарында сиз үчүн жарнамаларды көрсөткөн башка өнөктөштөр, ошондой эле маалыматтык кызмат көрсөтүүчүлөр же консультанттар сыяктуу өнөктөштөр;

(iii) сайттар жана кызматтар, колдонуучулар, Яндекс жана/же үчүнчү жактар үчүн коопсуздуктун коркунучтарын аныктоодо, анын ичинде сайттарды жана кызматтарды колдонуу менен келишимдерди түзүү учурунда сиздин ишенимдүүлүгүңүздү текшерүүдө маалымат берүүчү жактар;

(iv) төлөмдөрдү кабыл алууну уюштурууга, сайттарды жана кызматтарды колдонуу менен төлөм операцияларын жүргүзүүгө катышкан жактар (эл аралык төлөм системалары, төлөм каражаттарын камсыздоочулар, банктар жана башка финансылык уюмдар ж.б.).

Яндекс ошондой эле Яндекстин тобуна кирбеген үчүнчү жактарга жеке маалыматтарды бере алат:

(i) колдонуучуларга кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу келишимдер боюнча укуктар же милдеттер өткөрүп берилген же болбосо кызматтарды сатып алуунун натыйжасында аларды көрсөтүүчү жактарды башкача жол менен контролдогон үчүнчү жактар (юридикалык жактарды, интеллектуалдык менчик объекттерин, мүлктү, мүлктүк укуктарды сатып алуу жана башка жол аркылуу);

(ii) Яндекс тиешелүү суроо-талап боюнча колдонуудагы мыйзамга ылайык маалымат берүүгө милдеттүү болгон бардык улуттук жана/же эл аралык жөнгө салуучу орган, укук коргоо органдары, борбордук же жергиликтүү аткаруу органдары, башка расмий же мамлекеттик органдар же соттор;

(iii) эгерде сиз жеке маалыматыңызды өткөрүп берүүгө макулдугуңузду берген болсоңуз же сизге тиешелүү кызматты көрсөтүү же сиз менен түзүлгөн белгилүү бир макулдашууну же келишимди аткаруу үчүн жеке маалыматтардын өткөрүлүп берилиши талап кылынган болсо, үчүнчү жактар;

(iv) сиз Яндекс (https://yandex.com/legal/termsofuse_kyrgyzstan) кызматтарын колдонуу жөнүндө макулдашууну, ушул Саясатты же айрым кызматтарды колдонууну жөнгө салуучу шарттарды бузган учурда же болбосо ушундай бузуу коркунучу бар кырдаалда Яндекс же үчүнчү жактардын укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында бардык үчүнчү жактар.

8. Сиздин жеке маалыматыңыз каякта сакталат жана иштетилет

Сиздин жеке маалыматыңыз Россия Федерациясында жана/же ЕЭЗде сакталат.

Россиялык колдонуучулар үчүн: Яндекс Россия Федерациясынын аймагындагы маалымат базаларын колдонуу менен Россия Федерациясынын жарандарынын жеке маалыматтарын каттоодон өткөрөт, системалаштырат, топтойт, сактайт, тактайт (жаңыртат, өзгөртөт).

ЕЭЗдин, Швейцариянын же Израилдин колдонуучулары үчүн: Россия Европа комиссиясы тарабынан жеке маалыматтарды тийиштүү деңгээлде коргоону камсыз кылган деп таанылбаган Европа экономикалык зонасынан тышындагы юрисдикция болуп саналат. Ошондуктан, Яндекс маалыматтарды өткөрүп берүүнү ЕБын маалыматтарды коргоо боюнча колдонуудагы эрежелерине ылайык жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт.

Тактап айтканда, Яндекс Россияга өткөрүлүп берилүүчү жеке маалыматтарды тийиштүү деңгээлде коргоону камсыз кылуу үчүн Европа комиссиясы тарабынан бекитилген стандарттык келишимдердин шарттарын жетекчиликке алат. Бул стандарттык келишимдердин шарттарынын көчүрмөсүн суроо-талап боюнча алууга болот.

Эгерде сиз жеке маалыматыңызды башка юрисдикцияга өткөрүп берүү үчүн макулдугуңуз талап кылынган аймакта болсоңуз, анда сайттарды же кызматтарды колдонуу менен сиз Яндекске башка аталган юрисдикцияларда, анын ичинде Россияда жеке маалыматтарыңызды өткөрүп берүүгө же сактоого ачык жана так макулдугуңузду берген болосуз.

9. Жеке маалыматтарыңызды канча убакытка сактайбыз

Яндекс жеке маалыматыңызды аларды чогултуу максатына жетүү үчүн же мыйзамдын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо үчүн зарыл убакытка чейин сактайт.

Эгерде мыйзамда же сиз менен түзүлгөн келишимде башкача талап кылынбаса, кызматтын бир бөлүгү катары Яндекс системаларында сакталган электрондук каттар жана документтер каттоо эсебиңиз бар болгончо сакталат, бирок алар сиз каалаган убакытта жок кылынышы мүмкүн.

Эгерде сиз кандайдыр бир жеке маалыматыңызды Яндекстин маалыматтар базасынан жок кылууну кааласаңыз, сайттардын жана/же кызматтардын интерфейси аркылуу тиешелүү жеке маалыматыңызды өзүңүз жок кыла аласыз (мүмкүн болгон жерде). Маалыматтарды башкаруу каражаты Яндекс кызматтарында авторизацияланган колдонуучулар үчүн Яндекс ID (https://passport.yandex.ru/profile) профилинин баракчасындагы атайын “Маалыматтарды башкаруу” бөлүмүндө жеткиликтүү.

10. Сиздин укуктарыңыз

10.1 Сиздин укуктарыңыз

Бул колдонуудагы мыйзамда каралган учурда, сиз ушул Саясатка ылайык Яндекс тарабынан иштетилген жеке маалыматыңызды колдонууга укуктуусуз.

Эгерде Яндекс тарабынан сиз жөнүндө сакталган маалыматтар туура же толук эмес болсо, каттоо эсебиңизге кирип, жеке маалыматыңызды өз алдынча өзгөртө аласыз.

Эгерде бул колдонуудагы мыйзамда каралган болсо, сиз төмөнкү укуктарга ээсиз:

  • Яндекс тарабынан сиз жөнүндө сакталган маалыматтар менен, анын ичинде https://yandex.ru/support/id/data.htmlбаракчасындагы каттоо эсебиңиз аркылуу таанышуу, ошондой эле түзмөгүңүздө сиздин жеке маалыматтарыңыз бар архивди сактоо;
  • жеке маалыматтарыңызды же анын бир бөлүгүн жок кылууну талап кылуу, ошондой эле жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө макулдугуңузду кайтарып алуу;
  • жеке маалыматыңызды иштеп чыгууга чектөөлөрдү коюуну талап кылуу;
  • сиздин жеке маалыматыңызды Россияга өткөрүп берүүгө уруксат берген жана ушул Саясаттын 8-бөлүмүндө белгиленген стандарттык келишимдердин шарттарынын көчүрмөсүн талап кылуу;
  • колдонуудагы мыйзамда каралган болсо жеке маалыматыңызды иштетүүгө каршы болуу.

Яндекс колдонуудагы мыйзамга ылайык түшкөн суроо-талаптарды аткарат.

Колдонуудагы мыйзамда каралган учурларда, сиз жогоруда аталбаган башка укуктарга да ээ боло аласыз.

Сиз кызматтарды колдонуп жаткан учурда, жеке маалыматтарыңызды өткөрүп берүү эркиңизди жана кызыгууңузду билдирген макулдугуңуз боюнча жүзөгө ашырылат, (айрыкча, сиз менен түзүлгөн келишимдин негизинде) жана мыйзам боюнча милдет болуп саналбайт.

10.2 Сиз өз укуктарыңызды кантип ишке ашыра аласыз

Жогоруда аталган укуктарды ишке ашыруу үчүн, сураныч, өз каттоо эсебиңизге кириңиз, ал эми интерфейсте атайын функция жок болгон учурда Яндекс менен байланышыңыз (ушул Саясаттын 13-бөлүмүн караңыз).

Эгерде сиз Яндекстин жеке маалыматтарыңызды иштетүү ыкмасына канааттанбасаңыз, сураныч, биз менен байланышыңыз, биз сиздин дооңузду карап чыгабыз. Эгерде Яндекстин жообу сизди канааттандырбаса, анда сиз компетенттүү органга даттанууга укуктуусуз.

11. Куки файлдарын жана башка ушул сыяктуу технологияларды сайттарда же сиз кызматтарды колдонгон учурда кантип колдонобуз

11.1 Яндекс кандай куки файлдарды жана аларды эмне үчүн колдонот

Куки файлдары – бул сайттарга кирүү үчүн сиз колдонгон түзмөк аркылуу кабыл алынган жана иштетиле турган маалыматтардын кичинекей бөлүгү. Куки файлдары сайттар менен иштөөгө жардам берген жана убакыттын өтүшү менен каалоолорду эстеп калууга мүмкүндүк берген маалыматтарды сактап, аларды сайттарга кайра жөнөтөт, мисалы, браузерди жөндөө же каттоо эсебиңизди аныктоо. Куки файлдары, алардын сыпаттамасы, колдонуу максаттары жана аларды башкаруунун мүмкүн жолдору жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн биздин куки файлдарын колдонуу Саясатын колдонуңуз.

Сайттарда төмөнкү куки файлдарынын түрлөрү колдонулат:

  • өтө зарыл куки файлдары / техникалык куки файлдары: бул куки файлдар сайттардын иштеши жана сизге кызмат көрсөтүү үчүн керек; башка нерселерден тышкары, алар Яндекске сиздин аппараттык жана программалык жабдууңузду, анын ичинде браузериңиздин түрүн идентификациялоого мүмкүндүк берет;
  • статистикалык / аналитикалык куки файлдары: бул куки файлдар колдонуучуларды таанууга, алардын санын эсептөөгө жана сайттарда жана кызматтарда сиз жүргүзгөн операциялар сыяктуу маалыматты, анын ичинде сиз кирген веб-баракчалар жана сиз алган контент жөнүндө маалыматты чогултууга мүмкүндүк берет;
  • техникалык куки файлдары: бул куки файлдары колдонуучулардын сайттар жана/же кызматтар менен кандайча иштешкендиги тууралуу маалыматты чогултат, бул каталарды аныктоого, сайттардын жана кызматтардын ишин жакшыртуу үчүн жаңы функцияларды сыноодон өткөрүүгө мүмкүндүк берет:
  • функционалдык куки файлдары: бул куки файлдар сайттарды колдонууну жеңилдетүү үчүн белгилүү бир функцияларды камсыз кылууга мүмкүндүк берет, мисалы, сиздин каалоолоруңузду сактайт (тил жана жайгашкан жер сыяктуу);
  • (үчүнчү тарап) көзөмөлдөө файлдары / куки жарнама файлдары: бул куки файлдары колдонуучулар, трафик булактары, кирген веб-баракчалар жана сиз үчүн көрсөтүлгөн жарнамалар, ошондой эле сиз кирген жарнама баракчасы жөнүндө маалыматтарды чогултат. Алар сиз жөнүндө чогултулган жеке маалыматты талдоонун негизинде сизди кызыктыра турган жарнаманы көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Алар ошондой эле статистикалык жана изилдөө максаттарында да колдонулат.

11.2 Куки файлдар сиздин түзмөгүңүздө канчага чейин сакталат

Яндекс куки файлдарында камтылган маалыматты жогоруда аталган максаттарда гана колдонот, андан кийин чогултулган маалыматтар түзмөгүңүздө куки файлдарынын тиешелүү түрүнө көз каранды болушу мүмкүн болгон мөөнөт ичинде сакталат, бирок максатына жетүү үчүн зарыл мөөнөттөн ашпайт, андан кийин алар системаңыздан автоматтык түрдө жок кылынат.

11.3 Куки файлдарында камтылган маалыматты ким дагы колдоно алат

Түзмөгүңүздө жайгашкан куки файлдарынын жардамы менен чогултулган жеке маалымат Яндекске жана/же ушул Саясаттын 7-бөлүмүндө көрсөтүлгөн үчүнчү жактарга берилиши жана жеткиликтүү болушу мүмкүн. Жарнамалык максаттар үчүн сайттардан тышкары жеке маалыматтын колдонулушу, үчүнчү жактардын веб-сайттарында жеткиликтүү болгон айрым кызматтарды колдонуу жөнүндө макулдашуулардын предмети болушу мүмкүн. Ошондой эле Яндекс жана/же үчүнчү тараптар сизге тиешелүү өнүмдөргө жана сунуштарга карата колдонулуучу мыйзамдарды жана эрежелерди жөнгө салуунун предмети болушу ыктымал жарнамаларды жекелештирүүдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүн бере алат. Ошондой эле сиз жекелештирилген жарнаманы чагылдыруу жөндөөлөрүн өзгөртө аласыз же мындай жарнаманы https://yandex.ru/tune/advдарегинде жайгашкан функционалды колдонуу менен жок кыла аласыз.

Сайттарга биринчи жолу кирген учурда, куки файлдарын колдонууга макулдугуңуз суралышы мүмкүн. Сиз куки файлдарын колдонууга макулдук бергенден кийин, чечимиңизди өзгөрткүңүз келсе, муну браузериңизде сакталган куки файлдарын жок кылуу аркылуу жасай аласыз (адатта, муну браузердин жөндөөлөрүндө жасай аласыз — сураныч, браузер менен иштөө боюнча колдонмого же аны иштеп чыккан сайтка кайрылыңыз). Андан кийин, сизден макулдук сураган калкыма терезе кайрадан чагылдырылышы мүмкүн жана сиз башка тандоону жасай аласыз. Эгерде сиз куки файлдарын колдонуудан баш тартсаңыз, анда сайттардын айрым функцияларын колдоно албайсыз жана бул сайттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө таасир тийгизиши мүмкүн. Сиз ошондой эле бардык куки файлдарын же белгилүү сайттарда, анын ичинде Яндекстин сайттарында куки файлдарын кабыл алуу же четке кагуу үчүн браузериңиздин жөндөөлөрүн өзгөртө аласыз. Сиз Яндекстин сайттарынын биринде куки файлдарын колдонууга макулдук берген болсоңуз, анда биз бардык сайттарда куки файлдарын колдонууга макулдук берген болосуз.

Ошондой эле Яндекс төмөнкү максаттар үчүн түзмөгүңүздө мындан мурун жайгаштырылган куки файлдарын колдонуу үчүн веб-маяктарды (пикселдик тегдерди) колдоно алат:

(i) түзмөгүңүздө сакталган куки файлдарына жетүү жана аларды колдонуу аркылуу сайттардагы жана кызматтарды колдонуудагы аракеттериңизди аныктоо;

(ii) Яндекстин сайттарынын, кызматтарынын, өнүмдөрүнүн, утилиттеринин жана сунуштарынын иштешине байланыштуу статистикалык маалыматтарды чогултуу.

12. Бул Саясатты жаңылоо

Бул Саясатка өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Яндекс өз ыктыяры боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу, анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, тиешелүү өзгөртүүлөр колдонуудагы мыйзамдагы өзгөртүүлөргө, ошондой эле сайттардын жана кызматтардын иштешиндеги өзгөрүүлөргө байланыштуу болгон учурда.

Яндекс сизге билдирбестен олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизе албайт, ушул Саясатта аныкталган укуктарыңызга карата кошумча оорчулуктарды же чектөөлөрдү колдоно албайт. Сизге бул өзгөртүүлөр жөнүндө кабар берилет. Бул өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин тиешелүү билдирүүлөр сайтта же кызматтарда чагылдырылышы мүмкүн (мисалы, калкыма терезе же баннер аркылуу), же сизге башка байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн (мисалы, байланыш маалыматтарыңызды берген болсоңуз, электрондук почта аркылуу).

13. Суроолор жана сунуштар

Яндекс ушул Саясатты жүзөгө ашырууга же өзгөртүүгө байланыштуу суроолоруңузду жана сунуштарыңызды кабыл алууга дайыма даяр. Сураныч, http://feedback.yandex.ru дарегиндеги кайтарым байланыш формасын колдонуңуз. Сиз ошондой эле бул дарек аркылуу укуктарыңызды же жеке маалыматтарыңыздын туура эмес экендигине же алардын мыйзамсыз иштетилишине байланыштуу даттанууларыңызды ишке ашыруу боюнча суроо-талаптарыңызды жөнөтүү үчүн колдоно аласыз.