Термобаштыктардын жана медкитепченин фотокөзөмөлү

"Жеткирүү" жана "Курьер" тарифтери боюнча даяр тамак-аштарды жеткирүү үчүн термобаштыктарды жана медкитепчени фотокөзөмөлдөн өткөрүш керек.

Термобаштыктарды фотокөзөмөлдөн өткөрүш үчүн профилди ачып, Тарифтер үчүн опциялар бөлүмүнө өтүп туруп, "Термобаштык" которгучун басыңыз — ал сары түс менен күйүп калышы керек. "Диагностика" бөлүмүнө кирип, ал жакта "Термобаштыктардын фотокөзөмөлү" дегенди тандап, Текшерүүдөн өтүү дегенди басыңыз да, экрандагы инструкцияларды аткарыңыз.

Термобаштыктардын сүрөттөрү текшерилгенден кийин, сиз кафе-ресторандардын буйрутмаларын аткара аласыз, ошондой эле алар үчүн приоритеттин кошумча баллдарын ала аласыз. Баллдар кийинки 2 жума бою активдүү болот. Эгер сиз бул мөөнөт ичинде медициналык китепчеңиз бар болгонун ырастабасаңыз, термобаштык үчүн берилген приоритет баллдары жоголуп кетет.