Жаңы буйрутмаларды албай калдым

Буйруктар система тарабынан автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт, биздин адистер буйрутмаларды кол менен дайындай алышпайт. Бул бардык айдоочуларга бирдей иш шарттарын берет.

Кээде жаңы буйрутма дароо келбеши мүмкүн. Бул көбүнчө ошол райондо учурда талап азыраак болгонун билдирет. Эгер жаңы буйрутма 20 мүнөттөн ашык жок болсо, төмөндөгү кадамдар менен баштасаңыз болот:

Диагностикабөлүмүн текшериңиз: эгер бөгөттөө болсо же буйрутмалар боюнча чектөөлөр болсо, ал жерде толук маалымат берилет

— Телефон же планшетиңизди өчүрүп күйгүзүңүз

— Туруктуу интернет-байланыш барбы же жокпу, текшериңиз

— Таксометрди кайра иштетиңиз

Линиядаабалын күйгүзүңүз

Эгер бөгөттөөлөр жок болсо, баары туруктуу иштесе, бирок буйрутмалар келбей жатса, төмөндөгү сунуштамаларга көңүл бурушуңуз керек:

— Шаар борборуна жакын болуңуз

— Зарыл болгондо гана Бош эмесмин абалына которулуңуз

— Кымгуут маалдарды иштеңиз: жума ичинде саат 6:00 баштап 10:00 чейин, 17:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрү

— Жогорку суроо-талаптын картасын караңыз

— Жөн бир жерде турбастан, кыдырыңыз

— Эгер "Үйгө" же "Жумуш менен"режимдери күйгүзүлгөн болсо, болгон бир төлөө ыкмасы тандалып же бир нече тариф өчүрүлгөн болсо, буйрутмалар аз болору эсиңизде болсун

Эгерде эч нерсе жардам бербесе — бизге жазгыңыз, чогуу чечүүгө аракет кылабыз.