Колдонмого байланыштуу жардам

Колдонмо иштебей жатат же ката чыгып жатат. Түзмөктөгү кэшти тазалап, Play Market'тен Yandex Pro кайра орнотуңуз. Эгер сунуштар жардам бербесе, эмне болуп жатканын сүрөттөп бериңиз: сиз эмнени басканда кандай ката чыгып жатат? Эгер скриншот тиркесеңиз тезирээк териштиребиз.

Навигатор жайгашкан жерди жоготуп жатат. Төмөнкү кадамдарды жасап көрүңүз, көбүнчө ушул аракеттерден кийин геолокация жакшыраак иштеп калат:

— Энергияны үнөмдөө режимин өчүрүү

— Wi-Fi'га туташуу

— Башка колдонмолордун баарын жабуу

GPS'ти тестирлөөгө арналган колдонмо аркылуу GPS-модулдун жөндөөсүн текшерүү

Тарифти кошуу (эгер сиздин аймакта жеткиликтүү болсо). "Жеткирүү" же "Курьер" тарифтериндеги буйрутмаларды алуу үчүн Yandex Pro кирип, тарифтин маңдайындагы рычагды оңго жылдырып, кыска окутуудан өтүңүз. Эгер сиз "Жеткирүүдө" тесттен өткөн болсоңуз, анда кайрадан окуудан өтпөстөн эле "Курьер" тарифиндеги буйрутмаларды ала аласыз.