Сапар тууралуу отчетту кантип алса болот

Сапар тууралуу электрондук отчет Яндекс.Такси колдонмосу аркылуу буйрутма кылганда гана камсыз кылынат. Отчетто сапар тууралуу деталдаштырылган маалымат көрсөтүлөт:

  • буйрутманы аткаруунун күнү жана убакыты,
  • сапардын башталып жана бүткөн дареги,
  • жол жүргөн убакыт,
  • тариф,
  • сапардын акысы,
  • таксопарк тууралуу маалымат,
  • айдоочунун маалыматы,
  • машина тууралуу маалымат.

Ар бир сапардан кийин отчетту алып туруу үчүн, колдонмодо электрондук почтанын дарегин көрсөтүңүз (  → Отчетторду жөнөтүү үчүн почта).