Яндекс.Такси деген эмне

Яндекс.Такси — бул диспетчерге чалбай туруп, пайдалуу тарифтерде расмий таксини чакыруу кызматы. Таксини сайттан жана iOS (анын ичинде Apple Watch) жана Android үчүн Яндекс.Такси арналган колдонмо аркылуу чакыра аласыз.

Кызматтын артыкчылыктары:

Буйрутмалар биздин өнөктөштөрүбүз — такси кызматтары аркылуу аткарылат. Биз үчүн, сапарлар болушунча ыңгайлуу өтөөрү өтө маанилүү, ошондуктан, биз таксопарктарга жогорку талаптарды коёбуз. Айдоочулар үчүн атайын аттестация каралган, автомашиналар болсо стандарттарыбызга жооп бергени тууралуу текшерүүлөрдөн өтүп турат.