Банк картасы менен төлөө

Эскертүү. Айрым аймактарда банк картасы менен сапар үчүн төлөө азырынча жеткиликсиз.

Сапарлар үчүн накталай акча менен гана эмес, банк картасы менен да төлөсө болот. Карта менен төлөө iOS (8.0 жана андан жогорураак версия) жана Android (4.0 жана жогорураак версия) үчүн колдонмо аркылуу буйрутма кылынганда жеткиликтүү. Колдонмону операциондук системанын эң акыркы версиясы бар түзмөктө орнотууну сунуштайбыз.

Сапарларга бейнакта акча менен төлөө үчүн, сиз колдонмого 5 чейин банк картасын байлай аласыз.

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз  → Банк картасы жана Картаны кошууну басыңыз.
  2. Картанын маалыматтарын көрсөтүңүз: 16 сандан турган номер, жарамдуулук мөөнөтү, CVV коду (картанын артында) Картанын номери кол менен же смартфондун камерасы аркылуу скандап койсоңуз болот. Ал үчүн Картаны скандоону басыңыз.
  3. Бүттүнү басыңыз.

Карта жарактуу болуп, ичинде каражат бар экенин текшерүү үчүн, эсептен кичинекей суммадагы акча алынат. Ээленген каражаттар алынбайт жана текшерүү аяктагандан кийин кайра жеткиликтүү болот.

Ээлеп коюу жана акчаны эсептен чыгаруу

Сапар бүткөндөн кийин картанын эсебинде буйрутманын акыркы суммасы ээленет. Айрым жагдайларда, сапар убагында ээлеп коюу бир нече жолу аткарылат.

Каражаттарды ээлеп койгондон кийин, эсептен чыгаруу 24 сааттын ичинде өткөрүлөт. Эгер ээленген сууманын баары алынбаса, калдыгы эсепке кайтарылып жөнөтүлөт. Эсептен алынбаган каражаттарды бөгөттөн чыгаруу мөөнөтү банкыңыздын иштөө шарттарынан көз каранды.

Эгер картада төлөө үчүн каражат жетишпесе, сапардын суммасы картаңызга акча салып толтурганда дароо алынат. Сапар үчүн толук сумма чыгарып алынбай калганда, эсептен чыгаруу бир убакта же бөлүкчөлөр менен бир жол бою алынышы мүмкүн:

Төлөө ыкмасынын өзгөрүүсү

Эгер сапар убагында картаңыздан акчаны алуу ишке ашпаса, төлөө ыкмасы накталай төлөөгө автоматтык түрдө өзгөртүлөт. Төлөө ыкмасынын өзгөрүүсү боюнча маалымат Push-билдирүү менен жөнөтүлөт. Push-билдирүүлөр телефон жөндөөлөрүндө уруксат берилет.

Сапар аяктагандан кийин, сиз таксинин кызматын банк картасы менен төлөп көрсөңүз болот.