Яндекс.Такси деген эмне

Яндекс.Такси — бул пайдалуу тарифтерде жана диспетчерге чалбастан расмий таксини чакыруу мүмкүнчүлүгүн берген кызмат. Таксини сайттан жана iOS (анын ичинде Apple Watch) жана Android үчүн Яндекс.Такси колдонмосу аркылуу буйрутмалай аласыз.

Кызматтын артыкчылыктары:

  • Таксини чакыруунун ыңгайлуу ыкмасы.
  • Пайдалуу тарифтер.
  • Сапардын белгиленген баасы.
  • Ага банк картасы менен же накталай акча менен төлөө.
  • Машинанын орто эсеп менен келген убакыты — 7 мүнөт.

Буйрутмалар өнөктөштөрүбүз — такси кызматтары аркылуу аткарылат. Биз үчүн сапарлар ыңгайлуу өтүшү абдан маанилүү, ошондуктан, биз таксопарктарга кылган талаптарыбыз өтө жогору. Айдоочулар үчүн атайын сынак өткөрүлүп, унаалар биздин стандарттарыбызга ылайык болуусу тууралуу текшерүүдөн өтөт.