Корпоративдик сапарлар

Сиздин компания Яндекс Go менен келишим түздү. Эми сиз сервисти иш сапарлар үчүн дагы колдоно аласыз. Мындан ары сизге таксинин кызмат акысын өз алдынча төлөөнүн, бухгалтерияга отчёттук документтерди тапшыруунун кереги жок.

Муну кантип колдонуп башташ керек?

Корпоративдик таксиге буйрутма берип баштоо үчүн:

  1. iOS же Android үчүн Яндекс Go колдонмосунун соңку версиясын орнотуңуз.
  2. Телефон номерин ырастаңыз:
    • Яндекс Go колдонмосун ачып, өйдөңкү сол бурчтагы меню баскычын басыңыз.
    • Телефон номериңизди жазыңыз, ага ырастоо коду камтылган SMS келет.
    • Кодду жазып, Кийинки (Даяр) баскычын басыңыз.

Эгер сиз корпоративдик сапарларга кошула элек болсоңуз, катчыдан же администратордон сизди жеке кабинетте кызматкерлер тизмесине кошуп коюуну сураңыз. Сервиске кошулуу жөнүндө SMS'тин келишин күтүңүз.

Таксини кантип чакырыш керек?

  1. Яндекс Go колдонмосун ачыңыз.
  2. Машина келе турган даректи жазыңыз.
  3. Бара турган жердин дарегин жазыңыз.
  4. Тарифти жана Корпоративдик (же компанияңыздын аты боюнча) төлөө ыкмасын тандаңыз.
  5. Чыгашалар борборун көрсөтүңүз:
    • Эгер колдонмо чыгашалар борборлорунун топтомун көрсөтүп берсе – корпоративдик төлөм менен жолго чыгыш үчүн сөзсүз түрдө аны белгилеңиз.
    • Колдонмо чыгашалар борборлорунун топтомун көрсөткөн жок – кааласаңыз, бул маалыматты көрсөтө аласыз.
  6. Кааласаңыз, сапар боюнча керектүү талапты (мисалы, балдар отургучун) белгилеп, айдоочуга комментарий калтырыңыз.

    Көңүл буруңуз, айрым кызматтаракылуу.

  7. Буйрутма берүү баскычын басыңыз.

Буйрутмадан кантип баш тартса болот?

Яндекс Go колдонмосун ачыңыз, экрандын ылдый жагында Сапарды жокко чыгаруу дегенди басыңыз.

Буйрутманы жокко чыгаруу үчүн сиз ошондой эле корпоративдик сапарларга жооптуу катчыга же компанияңыздын администраторуна телефон чалып айтсаңыз да болот.

Сапарлар жөнүндө отчётторду кантип алса болот?

Колдонмодо электрондук почтаңызды көрсөтүңүз:

  1. Колдонмону ачып, телефон номерин басыңыз, андан кийин ачылган терезеде Почтаны кошуудегенди басыңыз.
  2. Электрондук почтанын дарегин жазып, Кошуу баскычын басыңыз.

Отчётто төмөнкүлөрдү көрөсүз:

  1. Сапар болгон күн жана убакыт
  2. Баштапкы жана соңку даректер
  3. Буйрутманын тарифи жана анын соңку наркы
  4. Айдоочу жана автоунаа жөнүндө маалымат

Суроолорду берүү үчүн кайда кайрылыш керек?

Яндекс Go сервисин колдонуу тартибин билүү жана колдоо кызматына жазуу үчүн колдонмонун менюсундагы Колдоо кызматы бөлүмүнө кириңиз.

Нускаманы жүктөп алуу