Айдоочуга бериле турган чайпулдун өлчөмүн кантип көрсөтсө болот

Параметр сапарды банк картасы менен төлөөдө гана жеткиликтүү болот.

Эгер сапар сизге жаккан болсо, айдоочуга чайпул калтырып койсоңуз болот. Сапарлардын баары үчүн чайпулдун өлчөмүн көрсөтүү үчүн, колдонмонун менюсун ачыңыз  → Чайпул жана сапардын акысынын пайызын тандаңыз. Чайпулдун өлчөмүн колдонмо менюсунан же сапардын аягында айдоочуга баа бергенден кийин өзгөртсөңүз болот.

Эгер сапардан кийин 30 мүнөттүн ичинде айдоочуга жакшы баа койсоңуз, (же баа бербесеңиз да) Бүттү баскычын бассаңыз, чайпул автоматтык түрдө алынат.

Эгер сиз сапар бүткөндөн 30 мүнөттүн ичинде айдоочуга начар баа берип, Бүттү баскычын бассаңыз, чайпул алынбайт.

Эгер сапардан кийин 30 мүнөттөн кийин сиз Бүттү баскчын баспасаңыз, чайпулдун суммасы 24 саатка бөгөттөлөт. Бул убакытын ортосунда сиз ошол сапар үчүн чайпулдун өлчөмүн өзгөртө аласыз — бир суткадан кийин чайпул көрсөтүлгөн өлчөмдө алынат.