Үй-бүлөлүк аккаунтту кошуу

Үй-бүлөлүк аккаунт жакындарга кам көрүүгө жардам берет. Эми алар сапар акыларын сиздин картаңыздан төлөй алышат.

Үй-бүлөлүк аккаунтту кантип ачса болот?

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз:  → Үй-бүлөлүк аккаунт.
  2. Катышуучаларды чакыруу баскычын басыңыз. Алардын номерлерин жазыңыз же контакттардын тизмесинен кошуңуз. Аккаунтка 3кө чейинки адамды чакырса болот.
  3. Үй-бүлөлүк аккаунт салмасынан Төлөм үчүн карта тандоону басыңыз. Колдонмого байланган банктык карталардын ичинен сизге керектүүсүн тандаңыз же жаңысын байлаңыз.
  4. Сиз кошкон адамдардын колдонмосунда төлөө ыкмасы деген жерде Үй-бүлөлүк аккаунту пайда болуп калат.

Үй-бүлөлүк аккаунтту кантип өчүрсө болот?

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз:  → Үй-бүлөлүк аккаунт.
  2. Өчүрүүнү басып, андан кийин ырастаңыз.

Үй-бүлөлүк аккаунт менен сиз жакындарыңыздын сапарларын көрө албайсыз, алар болсо сиздикин көрө алашыпайт. Акча алынганы тууралуу билдирүү картанын ээсине гана келип турат.