Картаны коргоо
Банкттар копсуздуктун жаңы чараларын иштеп чыгуу менен карта ээлерин алдамчылардан коргоого аракет кылышат. Сиз да негизги кеп-кеңештерди сактоо менен картаңызды коргой аласыз:
- Эч качан чоочун адамдарга картанын PIN-кодун жана CVV2-кодун, ошондой эле анын жарактуу мөөнөтүн жана ал кимдин атына катталганын айтпаңыз.
- Эгерде сиз картаны жоготуп алсаңы же анын реквизиттерин кимдир бирөө билип алды деп ойлосоңуз, ошол замат банкка кайрылып, аны бөгөттөңүз.
- Интернет-банкка чоочун компьютерлерден же корголбогон тармактардан кирбеңиз. Эгер мындай орун алган болсо, интернет-банктан чыгууну жана браузердин кэшин тазалоону унутпаңыз.