Сапарга алдын ала буйрутма берүү
Машинанын белгилүү бир убакытка келишин каалайсызбы? Яндекс.Такси колдонмосунда сапарга алдын ала буйрутма бериңиз. Буйрутмага болгон каалоолордо "Сапарды пландоону" тандап, керектүү убакытты белгилеңиз. Машина сапар башталаар алдында изделе баштайт.
Машинаны сапарга чыгууга 30 мүнөттөн кем эмес убакыт калганда буйрутса болот, алдын ала буйрутма берүүнүн максималдуу интервалы — 2 күн. Эртең менен такси менен барууну пландап жатасызбы жана даярданууга кетчү убактыңызды үнөмдөгүңүз келеби? Бир күн мурда кечкисин алдын ала буйрутма берип коюңуз.
- Накталай акча менен
- Карта менен
- Корпоративдик аккаунттун жардамы менен
- Үй-бүлөлүк аккаунттун жардамы менен
Алдын ала буйрутма берген учурда колдонмо анын болжолдуу баасын көрсөтөт, сапардын так баасы машина табылганда белгилүү болот.
Сапарга алдын ала буйрутманы Яндекс.Такси мобилдик колдонмосунун акыркы версиясын колдонгондор Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Новосибирск, Екатеринбург жана Краснодар шааларында бере алышат. Жакында алдын ала буйрутма берүү башка шаарларда да пайда болот.