Такси сапарларында Яндекс.Плюс кешбэк кантип иштейт?

Яндекс.Плюска жазылуу — сапар акысынын 10%ын жазылуучуларга кешбэктин баллдары түрүндө кайтарып берет.

Бир эле сапардын акысы эки бөлөк колдонуучуда (жазылганда да, жазылбаган да) бирдей болот. Бул төмөнкүдөй иштейт. Мисалы, Асан Яндекс.Плюска жазылган эмес. Ал машина чакырып, сапар акысына 1000 рубль төлөйт. Ал эми Үсөн Яндекс.Плюска жазылган. Ал машинаны ошол эле даректерге жана ошол эле 1000 рублга чакырат, бирок сапар акысына 900 рубль, ал эми Плюстун кеңейтилген жазылуусуна 100 рубль төлөйт. Мунун баары чекте ушундай түрдө эле көрсөтүлөт. Жыйынтыгында, Асан менен Үсөн сапар акысына бирдей акча төлөштү, бирок сапардын соңунда Үсөндүн Плюстагы эсебинде +100 балл кэшбэк пайда болот, Асанга болсо эч нерсе берилбейт.

Албетте, эки башка кишиде сапар акысы бир рублга чейин бирдей болуп калышы идеалдуу дүйнөдө гана болушу мүмкүн, анткени күнүмдүк турмушта жолдогу трафик жана бош машиналардын саны бир секундда бир нече жолу өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бирок, иштөө принциби так жогоруда баяндалгандай, ошондо Плюстун колдонуучусу сапар акысына 10%га кымбатыраак кылып төлөбөйт.