Картаны кантип кошсо же өчүрсө болот?

Карта менен төлөө ыкмасы iOS (версия 8.0 же андан жогору) жана Android (версия 4.0 же андан жогору) колдонмосу аркылуу буйрутма бергенде иштейт.

Банк картасын кантип кошсо болот?

Сиз колдонмого 1-5 банк картасын байлай аласыз:

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз  → Төлөө ыкмаларыКартаны байлоо (же Картаны кошуу) дегенди басыңыз.
  2. Банк картасынын номерин, жарактуу мөөнөтүн жана CVV-кодун жазыңыз. Банк картасынын номерин кол менен терип киргизсе болот же смартфондун камерасынын жардамы менен сканерлесе болот.

Картанын тибине, эмитент-банкка жана башка шарттарга жараша, картаны текшерүү төмөнкү ыкмалар менен аткарылат:

  1. Банк картасынын эсебинде чакан бир сумма кармалат. Резервделген каражат эсептен чыгарылбайт жана текшерүү аяктагандан кийин кайра жеткиликтүү болот.
  2. Колдонмо картада резервделген сумманы жазууну сунуштайт. Сумманын өлчөмүн SMS аркылуу (эгер сизде банктан SMS-маалымдоо опциясы кошулган болсо), банктын сайтындагы же колдонмосундагы эсеп боюнча көчүрмөдөн билип алса болот.
  3. Банк-эмитенттин сайтында картанын 3-D Secure верификациясы үчүн сурам келет. Ырастоо ыкмасы банкыңызга көз каранды. Текшерүүдөн кийин колдонмого кайтып келесиз.

Банк картасын кантип өчүрсө болот?

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз  → Төлөө ыкмалары
  2. Картаны тандап, Картаны өчүрүү дегенди басыңыз.