Аккаунтту кантип кошсо, алмаштырса же өчүрсө болот?

Аккаунт – колдонмодогу телефон номерине байланган жөндөөлөр топтому. Сиз бир нече аккаунт түзүп алып, аларды алмак-салмак колдонсоңуз болот. Мисалы, саякатка чыккан учурда. Ар бир аккаунт үчүн ар башка төлөм каражаттарын жана промокоддорду колдонсо, уникалдык даректерди көрсөтсө болот ж. б.

Биринчи аккаунт колдонмону пайдалануунун башында телефон номери ырасталып жатканда түзүлөт.

Жаңы аккаунтту кантип кошсо болот (Android жана iOS'то)?

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз .
  2. Телефон номерин басыңыз.
  3. Аккаунтту оңго же солго жылдырып, Башка аккаунтту тандоо дегенди басыңыз.
  4. Телефон номерди жазып, Кийинки дегенди басыңыз — бул номерге ырастоо коду жазылган SMS-билдирүү келет.
  5. Кодду жазып, Даяр (же Кийинки) баскычын басыңыз – аккаунт активдүү болуп калат.

Аккаунтту кантип алмаштырса болот (Android жана iOS'то)?

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз .
  2. Телефон номерин басыңыз.
  3. Аккаунтту оңго же солго жылдырып, башкасын тандаңыз да Кийинки (же Улантуу) баскычын басыңыз.

Аккаунтту кантип өчүрсө болот?

Android жана iOS:

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз .
  2. Телефон номерин басыңыз.
  3. Профилден чыгуу → Аккаунтту өчүрүү (же Чыгуу) дегенди басыңыз.
  4. Башка аккаунтту тандап, Кийинки баскычын басыңыз.

iOS:

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз .
  2. Телефон номерин басыңыз, андан кийин дагы бир жолу басыңыз.
  3. Аккаунттун жанындагы белгисин басып, өчүрүүнү ырастаңыз.
  4. Башка аккаунтту тандап, Кийинки баскычын басыңыз.