Сервис кандайча иштейт?

Яндекс.Лавка – үйдүн жанындагы дүкөндүн жаңы форматы. Лавкага барыштын кереги жок, ал эми жеткирүү буйрутма берилгенден кийин 15 мүнөттөн көп убакытты албайт. Мындан тышкары, бул убакыт барган сайын кыскарууда.

Буйрутманы сайт же колдонмо аркылуу берсе болот. Колдонмо iOS же Androidтүзмөктөрү үчүн жеткиликтүү.

Лавкада азык-түлүк дүкөнүндө сатылган товарлардын баарын тапса болот: мөмө-жемиштер, жашылчалар, сүт азыктары, нан, токоч, эт, колбаса, крупа, суу, балмуздак жана башкалар. Мындан тышкары, даяр тамактар, үй буюмдары, батарейкалар, телефон заряддагычтар, кол чатырлар да бар.

Яндекс.Лавка – Москванын бир нече районунда иштеген эксперименталдык долбоор. Ай сайын бир нече жаңы локациялар ачылууда. Лавканын сизге келер-келбесин текшерүү үчүн жеткирүү дарегин жазыңыз.