"Менин даректеримди" кантип кошсо болот?

Көп колдонгон даректерди сактап алсаңыз болот — мисалы, үйдүн же жумуштун дареги.

Даректи сакташ үчүн:

iOS

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз → Менин даректерим.
  2. Даректин түрүн тандаңыз же белгисиз басыңыз.
  3. Даректи көрсөтүңүз.
  4. Кааласаңыз подъезддин номерин жазып, комментарий кошуңуз.
  5. Сактоо баскычын басыңыз.

Сакталган даректи өчүрүү үчүн даректи тандап, Өчүрүү баскычын басыңыз.

Android

  1. Колдонмонун менюсун ачыңыз  → Менин даректерим → Дарек кошуу.
  2. Даректи көрсөтүңүз.
  3. Кааласаңыз подъезддин номерин жазып, аталыш менен комментарий кошуңуз.
  4. Кошуу баскычын басыңыз.

Сакталган даректи өчүрүш үчүн даректи бир-эки секунд басып кармап туруңуз. Андан кийин белгисин басып, өчүрүүнү ырастаңыз.