Яндекс GO сервисине кирүүгө чектөөлөрдү кайта карап чыгуунун эрежелери

Кыргыз Республикасы

Кириш сөз

Бул Сервиске кирүүгө чектөөлөрдү кайта карап чыгуу ички эрежелери (мындан ары — Эрежелер) Яндекс.Такси Корп ЖЧК (мындан ары — «ЯТ») ЯТ сервисине айдоочулардын кирүү чектөөлөрдү кайта карап чыгуу боюнча ЯТ ички системасын уюштуруу максатында түзүлгөн.

Бул Эрежелер ЯТ-нин негизги нормативдик документ болуп саналат, ал бул Эрежелердин максаттарын ишке ашыруу үчүн ЯТ структуралык бөлүмдөрүнүн, кызматкерлерин жана айдоочулардын максаттарын, ошондой эле ишкердик өз ара катышуусунун тартибин белгилейт.

Бул Эрежелер ЯТ ташуучулар менен кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашууларга, ЯТ колдонгон ички эрежелер менен процедураларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын императивдик нормаларын эсепке алып, Нидерланддардын колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык иштелип чыккан жана иштейт.

1. Негизги аныктамалар

Мындан ары төмөнкү түшүнүктөр, аныктамалар, аббревиатуралар жана кыскартуулар колдонулат:

Айдоочу — Ташуучу же Ташуучу менен келишимге кол койгон үчүнчү жак менен эмгек же жарандык-укуктук келишимди түзгөн жеке жак, ал транспорттук каражатты башкарууга укугу бар жана факт боюнча жеӊил такси менен жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн транспорттук каражатты башкарат жана/же Ташуучу Сервиске кошкон Пайдалануучуларга башка кызматтарды түздөн-түз көрсөтөт.

Сервис — программалык-аппараттык комплекс, анын жардамы менен Пайдалануучулар жүргүнчүлөрдү жана багажды жеӊил такси менен ташуу кызматтарына жана/же башка кызматтарга Суроо-талаптарын жайгаштырышат. Комплекс Пайдалануучулардын Суроо-талаптарын автоматтык түрдө иштетип, Ташуучуга өткөрүп берет.

Айдоочулар үчүн Сервис же Яндекс Про — Айдоочулар үчүн сервис (https://yandex.com/legal/yandexpro_mobile_agreement шарттарындагы мобилдик тиркеме), Айдоочу жүргүнчүлөрдү жана багажды жеӊил такси менен ташууга тапшырыктарды автоматтык түрдө алууга жана/же башка тейлөөлөргө багытталган, ал дагы башка функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү берет, алардын толук сүрөттөмөсү айдоочулар үчүн Сервисти пайдалануу боюнча Колдонмодо берилген.

Ташуучу — жүргүнчүлөрдү жана багажды жеӊил такси менен ташуу боюнча кызматтарды жана/же колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка кызматтарды көрсөтүүчү (жүргүнчүлөрдүн автомобилдик ташуусун автомобиль-такси менен жүргүзүүчү) жана ЯТ менен сервиске кирүү боюнча кызматтарды көрсөтүү макулдашууну түзгөн (мындан ары — «Сервиске кирүү боюнча макулдашуу» же «Макулдашуу») юридикалык жак же жеке ишкер

Такси — Айдоочу жүргүнчүлөрдү жана багажды ташууга жана/же башка кызматтарды көрсөтүүгө колдонулган транспорттук каражат.

Суроо-талап — Сервистин жардамы менен Пайдалануучу тарабынан жайгаштырган жүргүнчүлөрдү жана багажды жеӊил такси менен ташуу (жүргүнчүлөрдүн автомобилдик ташуусун автомобиль-такси менен жүргүзүү) боюнча кызматтарга жана/же башка кызмат көрсөтүүлөргө потенциалдык сурам жөнүндө маалымат.

Комитет — Эрежелерде караштырылган учурларда Эрежелердин негизинде айрым Өтүнмөлөрдү талдоого Талдоо тобу тарабынан чакырылган туруксуз түзүм.

Комитеттин Мүчөсү — Комитеттин конкреттүү чогулушу үчүн ЯТ тарабынан Комитеттин Потенциалдык Мүчөлөрүнөн тандалган Айдоочу.

Комитеттин Потенциалдык Мүчөсү — Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык ЯТ тарабынан тандалган жана Комитеттин чогулуштарына катышууга макул болгон Айдоочу.

Пайдалануучуhttps://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse дареги боюнча онлайн жарыяланган «Яндекс Go сервисин пайдалануу шарттарында» берилген шарттарга ылайык Сервисти колдонуучу же https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement дареги боюнча онлайн жарыяланган Лицензиялык макулдашуунун шарттарына ылайык мобилдик жабдуулар үчүн «Яндекс Go» программасын колдонуучу жеке жак.

Өтүнмө — атайын сайтта Айдоочу жиберген Өтүнмө, ал төмөнкү шилтеме боюнча жиберилет- https://forms.yandex.ru/surveys/13464770.68d10f8d3a2c356f41912f5ea309b6341b26d553/, ал Сервиске Айдоочунун кирүү мүмкүнчүлүгүн Чектөөнү кайта карап чыгуу жөнүндө Өтүнмө.

Чектөө — Айдоочунун Сервиске кирүүгө туруктуу токтотулушу же Айдоочунун Сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүн 6 айга же андан ашык мөөнөткө токтотуу, ал ЯТ тарабынан сервиске кирүү боюнча Макулдашуунун, Ташуучу менен башка келишимдер/макулдашуулардын жана/же ЯТ ички документтеринин негизинде киргизилген.

Чектөөнү алып таштоо — Айдоочунун Яндекс.Про-догу тапшырыктарга жеткиликтүүлүктү кайра калыбына келтирүү процедурасы.

Талдоо Тобу — ЯТ-нин ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү, ал ЯТ кызматкерлеринен турат, Өтүнмөлөрдү кабыл алууга жана алгачкы талдоого багытталган. Талдоо Тобунун иш-аракети, түзүмү жана ыйгарым укуктары Бул Эрежелер менен, ошондой эле ЯТ-нин башка ички документтери менен жөнгө салынат.

2. Чектөөнү кайта карап чыгуу процедурасы

2.1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген жана Чектөөнү кабыл алган Айдоочулар Өтүнмөнү берүүгө болот. Айдоочулар Өтүнмөнү атайын сайтта толтурушу керек, анын шилтемеси — https://forms.yandex.ru/surveys/13464770.68d10f8d3a2c356f41912f5ea309b6341b26d553. Андан кийин Өтүнмөлөр Талдоо Тобуна алдын ала анализге өткөрүлүп берилет.

2.2. Талдоо Тобу Өтүнмөлөрдү кабыл албоонун формалдык негиздери бар болушуна анализдейт.

2.3. Талдоо Тобу Чектөөнү алып таштоону сунуш кылышы мүмкүн.

2.4. Талдоо Тобу кабыл албоонун формалдык негиздери болбосо же Чектөөнү Алып таштоо учурунда Өтүнмөнү карап чыгуу үчүн Комитетти чакырат.

2.5. Комитет Талдоо Тобу берген Өтүнмөлөрдү карайт. Өтүнмөнү карап чыгуу натыйжасы боюнча Комитет ЯТ-ге Чектөөнү сактоону же Чектөөнү алып таштоону, ошондой эле Айдоочу аткарууга тийиш мүмкүн болуучу кошумча иш-аракеттерди сунуштайт.

2.6. Комитеттин сунушунун негизинде ЯТ өз алдынча чечим кабыл алат.

2.7. Өтүнмөнү Талдоо Тобу жана Комитет тарабынан кароо мөөнөтү мүмкүн болуучу жылдырууларды жана кошумча суроо-талаптарды эсепке алуу менен ЯТ Айдоочусунун Өтүнмөсүн кабыл алган күнүнөн тартып 60 календардык күндөн ашпашы керек.

2.8. Айдоочунун, Талдоо Тобунун, Комитеттин Мүчөлөрүнүн жеке маалыматтары көрсөтүлгөн жактардын ар бирине Эрежелерге ылайык Чектөөлөрдү кайта карап чыгуу процедурасын ишке ашыруу үчүн берилиши мүмкүн, ал жөнүндө көрсөтүлгөн жактардын ар бири өзүнүн маалыматтарын иштетүүгө, анын ичинде трансчекаралык өткөрүп берүүгө өз макулдугун берет. Мындай жеке маалыматтардын бөлүгү ЯТ-ге жана ага байланыштуу жактарга же алардын атынан иштеген ыйгарым укуктуу жактарга иштетүүгө өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Алар Ушул Эрежелерге ылайык Башкаруу жана Чектөөлөрдү кароо процедурасын техникалык жактан ишке ашыруу үчүн берилет. Көрсөтүлгөн жактардын жеке маалыматтарына жеткиликти алган ар бир жак мындай маалыматтардын конфиденциалдуулугун сактоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн жактардын жеке маалыматтарын иштетүү Ушул Эрежелерге ылайык Чектөөлөрдү кайта кароо процедурасын ишке ашыруу үчүн керектүү шарт болуп эсептелет.

2.9. Айдоочу толтурган Өтүнмө бардык жагдайдардын максималдуу толук сүрөттөмөсү менен толтурулушу керек. Эгерде Айдоочу өтунмөнү толтургандан кийин ошол эле (биринчи Өтүнмөсүндө белгиленген) Чектөөгө тиешелүү дагы бир кошумча жагдайларды сүрөттөлгөн Өтүнмөнү толтуруп жиберсе, анда Талдоо Тобу мындай кайталап берилген Өтүнмөнү кабыл албоого укуктуу.

3. Талдоо Тобу

3.1. Талдоо Тобу Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин аны карабай коюуга формалдык негиздери жок экендигин текшерет. Аларга төмөнкүлөр кирет:

3.1.1. Айдоочу Чектөөнү алган жок, бирок анын Яндекс.Про-го жеткиликтүүлүгү убактылуу токтотулган;

3.1.2. Айдоочу Чектөөнүн себебин билүү үчүн колдоо кызматына кайрылган эмес;

3.1.3. Өтүнмөнүн негизи кайсы болбосун төмөнкү категорияларга кирбейт:

  • Айдоочунун башка жактарга Айдоочу үчүн Сервис жана Сервистеги Айдоочунун аккаунтун далилденген өткөрүп берүүсү;
  • Айдоочу жүргөндө (тапшырыкты аткарганда) Макулдашууда белгиленген коопсуздуктун эрежелерин бузуу;
  • Сервисти, Айдоочу үчүн Сервисти колдонууда Айдоочу тарабынан кыянат кылуу;
  • Макулдашуунун шарттарын дайыма бузуу.

3.2. Өтүнмөнү алгачкы талдоонун натыйжасы боюнча Талдоо Тобу өзүнүн чечими жана Өтүнмөнүн статусу жөнүндө Айдоочуга Өтүнмө кабыл алынгандан тартып 60 күндүн мөөнөтүндө кабар берет.

3.3. Өтүнмөнүн статусу жана ТалдооТобунун чечими Айдоочуга Өтүнмөдө көрсөтүлгөн телефондун номерине SMS жолу менен жиберилет, же телефон чалуу жолу менен же Өтүнмөдө берилген Айдоочунун электрондук почтасына кабар жиберүү жолу менен.

3.4. Өтүнмөнүн алдын ала анализдөө мөөнөтүнүн ичинде Талдоо Тобу Айдоочудан кошумча маалыматтарды жана/же документтерди Заявканын алдын ала анализдин максатында сурап билүүгө укуктуу. Айдоочу Талдоо Тобунун суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттө жана ыкмалар менен жооп жана/же документтерди берүү керек, бирок мындай мөөөнөт суроо-талап жибергенден тартып эки күндөн аз болбошу керек.

3.5. Эгерде Айдоочу Талдоо Тобунун суроо-талабына маалыматты жана/же документтерди берүүдөн баш тартса же суроо-талапта белгиленген мөөнөттө бербесе, анда Талдоо Тобу Өтүнмөнү карабай коюу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.

3.6. Эгерде Талдоо Тобу Өтүнмөнү Комитетке берүү жөнүндө чечим чыгарса, анда Талдоо Тобу Комитетке өтүнмөнү кароо мөөнөтүн коюшу керек. Ал ЯТ айдоочусунун Өтүнмөсүн кабыл алгандан тартып 60 календардык күндү түзөт, бирок Комитет датаны башка күнгө жылдыруу мүмкүнчүлүгүн эсепке алуу зарыл.

3.7. Талдоо Тобу өз алдынча өзүнүн көз карашы менен Чектөөнү алып коюушу мүмкүн.

4. Комитет

4.1. Өтүнмөлөрдү кароо Комитеттин 3 мүчөсү болгон курамында өтүшү керек. Конкреттүү Комитет үчүн Комитеттин мүчөлөрү Комитеттин Потенциалдык мүчөлөрүнүн тизмесинен ЯТ тарабынан тандалат. Конкреттүү Комитетке 3 мүчөлөрү менен бирге ЯТ 3 резервдик Комитетин Потенциалдык мүчөлөрүн шайлайт, алар керек болсо Комитеттин мүчөлөрүнүн бирин же бир нечесин алмаштырышы мүмкүн. Конкреттүү Комитетке Мүчөлөрдү тандоонун алдында ЯТ Комитетин Потенциалдык мүчөлөрүнүн алгачкы критерийлерине дал келүүсүн текшерүүгө милдеттүү.

4.2. Комитеттин мүчөлөрүн тандаганда ЯТ Комитеттин мүчөсүно минимум бир адамды Чектөөгө чейин Айдоочу суроо-талаптарды аткарган региондон (республикалык же областтык маанидеги шаардан) тандаганга аракет кылат, бирок милдеттүү эмес.

4.3. Комитет Өтүнмөнү карап чыгуу датасын белгилегенден кийин ЯТ 3 Комитеттин Мүчөлөрүн жана 3 резервдик Комитеттин Потенциалдык Мүчөлөрүн тандайт, аларга Комитет Өтүнмөнү карап чыгуу датасын белгилегенден кийин 2 иш күнүнөн кечикпей SMS-билдирүү жөнөтүлөт.

4.4. Комитеттин Потенциалдык Мүчөлөрү активдүү Айдоочулардан тандалат, алар төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

  • Сервистин чектөөлөрү жок;
  • Рейтинг 4.85-тен төмөн эмес жана Пайдалануучулардан сын жок;
  • «Линияда» режиминде жумасына 30 саат жана андан көп Айдоочулар үчүн Сервисти колдонот;
  • Сервис аркылуу 1 жылдын ичинде же андан көп Суроо-талаптарды аткарган.

4.5. ЯТ өз алдынча Комитеттин Потенциалдык Мүчө критерийлерине жооп берген Айдоочуларга Комитеттин Потенциалдык Мүчөлөрүнүн тизмесине киргизүүгө макулдугун берүү сунушун жиберет.

4.6. ЯТ Комитеттин бардык Потенциалдык мүчөлөрүнүн тизмесин көзөмөлдөйт.

4.7. Комитеттин бир конкреттүү чогулушта Өтүнмөлөрдү карап чыгуунун алдында Комитеттин Мүчөлөрү төраганы өз алдынча шайлашат. Комитеттин Төрагасы процедураны жетектеп, чогулуштун бардык катышуучуларына сөз берип, Өтүнмөлөрдү карап чыгууну жетектейт.

4.8. Комитет Өтүнмөнү карап чыгууга чейин 2 күн калганда Талдоо Тобу бардык Комитеттин мүчөлөрүнө Өтүнмөнү берген Айдоочу жөнүндө маалыматты, Айдоочунун Өтүнмөсүн, ошондой эле карап чыгуу үчүн Талдоо Тобу даярдаган бардык маалыматты жиберет.

4.9. Комитеттин Мүчөлөрү Өтүнмөнү берген Айдоочудан дайындалган Комитеттин карап чыгуусуна керектүү кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Бул талап Айдоочуга Талдоо Тобу аркылуу өткөрүлөт. Бул талапта маалыматты берүү мөөнөтү белгилениши керек, ал кайсы болбосун учурда мындай талаптын датасынан тартып 2 календардык күндөн аз болбошу зарыл.

5. Комитеттин карап чыгуусун жылдыруу жана Өтүнмөнү Комитеттин кайта карап чыгуусу

5.1. Комитет өтунмөнү карап чыгуу датасы Талдоо Тобунун демилгеси менен кийинчирээк мөөнөткө Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин 60 күндүн ичинде бир жолкудан көп эмес жылдырышы мүмкүн. Талдоо Тобу Комитет өтүнмөнү карап чыгуу датасын Комитет өтүнмөнү карап чыгуу датасына чейин 2 иш күн калганда алмаштырууга укуктуу. Комитеттин Мүчөлөрүнө жана Өтүнмөнү берген Айдоочуга датаны жылдыруу, ошондой эле Комитет Өтүнмөнү карап чыгуу жаӊы датасы жөнүндө SMS-билдирүү жөнөтүлөт же телефонго чалуу келет, же электрондук почтага билдирме жиберилет.

5.2. Комитеттин кайсы болбосун Мүчөсү Өтүнмөнү карап чыгуу датасын чукул жагдайларга байланыштуу кийинчерээк датасына, бирок Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин 60 күндүн ичинде бир жолкудан көп эмес (Комитеттин Мүчөлөрүнүн бир гана өкүлү датаны жылдырууга укуктуу, ар бир Комитеттин Мүчөсү бир жолу эмес) жылдырууну сунуштоого укуктуу.

5.3. Комитет карап чыгуу датасын жылдырууну сунуштаган Комитеттин Мүчөсү ал жөнүндө Талдоо Тобуна Комитет Өтүнмөнү карап чыгуу датасына чейин 1 жумуш күнүнөн кем эмес калганда кабар берүү керек. Талдоо Тобу Комитеттин Мүчөлөрүнө жана Өтүнмөнү берген Айдоочуга датаны жылдыруу факты, ошондой эле Комитет Өтүнмөнү карап чыгуу жаӊы датасы жөнүндө SMSжолу менен же телефонго чалуу жолу менен, же электрондук почтага билдирме жибериши керек.

5.4. Өтүнмөнү берген Айдоочу Өтүнмөнү карап чыгуу датасын чукул жагдайлары болсо, кечигирээк мөөнөткө, бирок Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин 60 күндүн ичинде бир жолкудан көп эмес жылдырууну сунуштоого укуктуу.

5.5. Комитет карап чыгуу датасын жылдырууну сунуштаган Айдоочу Талдоо Тобуна Комитет Өтүнмөнү карап чыгуу датасына 1 жумуш күнүнөн кем эмес калганда, билдирүү керек. Талдоо Тобу Комитеттин Мүчөлөрүнө жана Өтүнмөнү берген Айдоочуга датаны жылдыруу факты, ошондой эле Комитет Өтүнмөнү карап чыгуу жаӊы датасы жөнүндө SMS жолу менен же телефонго чалуу жолу менен, же электрондук почтага билдирме жибериши керек.

5.6. Эгерде Талдоо Тобунун жана/же Комитеттин Мүчөлөрүнүн биринин жана/же Өтүнмөнү берген Айдоочунун демилгеси менен Өтүнмөнү кароо датасы бир жолу жылдыргандан кийин Комитет Өтүнмөнү кароо датасын кайра жылдырууну сунуштаса, анда Талдоо Тобу жаӊы датасын белгилегенде, Өтүнмөнү кабыл алгандан тартып 60 күндүн ичиндеги датасын тандашы керек. Өтүнмөнү кароо датасы жылдырылгандан кийин кайра датаны жылдыруу сунушталса, бул пунктка карама-каршы болбогон бөлүктө 5.1–5.5-пунктулардын эрежелери колдонулушу зарыл.

5.7. Бул статьянын максаттарга жооп берген чукул жагдайларга төмөнкүлөр кирет:

  • Оору жана\же токтоосуз медициналык жардам алуу үчүн медициналык мекемеге жатып калуу;
  • Жакын туугандардын тажыясы (ата-энелери, ага-сиӊдилери, балдары);
  • Мыйзам боюнча мамлекеттик органдардын (ички иштеринин органдары, федералдык коопсуздук кызматы жана башка мамлекеттик органдар) талабы менен ыкчам-издөө чараларына жана\же башка милдетүү иш-аракеттерге катышуу.

5.8. Чукул жагдайлар келип чыккандыгын ырастоо үчүн алардын келип чыгышын далилдөөчү документтерди (справкалар, документтердин көчүрмөлөрү жана/же көчүрмө бөлүктөрү) көрсөтүү керек.

5.9. Эгерде Өтүнмөнү берген Айдоочу Комитет Өтүнмөнү караган күнү талкулоого келбей калса, анда Комитет алдын ала чечим чыгарат. Эгерде Комитет алдын ала чечим чыгаргандан кийин 2 иш күн өткөндө Өтүнмөнү берген Айдоочу Талдоо Тобуна Өтүнмөнү кайта карап чыгуу суроо менен кайрылбаса, анда алдын ала чечим акыркы чечим деп эсептелет.

5.10. Эгерде Өтүнмөнү берген Айдоочу Комитет Өтүнмөнү караган күнү талкулоого келбей калса, анда Комитет алдын ала чечим чыгарат. Эгерде Комитет алдын ала чечим чыгаргандан кийин 2 иш күн өткөндө Өтүнмөнү берген Айдоочу Талдоо Тобуна Өтүнмөнү кайта карап чыгуу суроо менен кайрылса, ошондой эле чукул жагдайларды далилдөөчү документтерди берсе, анда Талдоо Тобу SMS-кабарлама аркылуу Комитеттин Мүчөлөрүнө жана Өтүнмөнү берген Айдоочуга Комитет Өтүнмөнү кайта карап чыгуу факты жөнүндө, ошондой эле Комитет Өтүнмөнү кайта карап чыгуу жаӊы датасы жөнүндө билдирет.

6. Комитет тарабынан Өтүнмөнү талкулоо жана Комитеттин Чечимдери

6.1. Комитеттин отурумдары ачык формада гана өтушү керек, бирок эки форматта: а) отурум бир жерде; б) дистанциялык түрдө видео байланыштын электрондук каражаттарынын жардамы менен (Zoom, Microsoftteams жана башка).

6.2. Талдоо Тобу Комитеттин отурумунун форматын тандайт жана Комитетке өтүнмөнү карап чыгууга өткөрүп берүү жөнүндө алгачкы маалымдоодо ал жөнүндө билдирет.

6.3. Комитеттин отурумунда бул Комитеттин мүчөлөрү катышат, Талдоо Тобунан үч өкүлүнө чейин (бирок бирден кем эмес), ошондой эле Өтүнмөнү берген Айдоочу.

6.4. Комитеттин төрагасы отурумда ар бир өтүнмөнү карап чыгуунун алдында жалпы регламентти жарыялайт (отурумдагы иш-аракеттердин тартиби). Комитеттин төрагасы отурумдарды жүргүзөт жана чыгып сүйлөөгө ар бир тарапка канча убакыт берүүнү өз алдынча чечет.

6.5. Комитеттин төрагасы же Талдоо Тобунун өкүлү эгерде Айдоочунун жүрүм-туруму адекватсыз болсо (адепсиздик кылуу, нормалдуу эмес лексиканы колдонуу, зомбулук менен коркутуу же башка аракеттер) Айдоочуну Комитеттин отурумунан чыгарууга укуктуу.

6.6. Отурум аяктагандан кийин Комитеттин Мүчөлөрүнүн чечимди кабыл алууга 24 саат бар болот.

6.7. Эгерде Комитеттин отурумунда Комитеттин Мүчөлөрүнүн бири жок болсо, анда добуш бергенде Төраганын добушу чечкиндүү мааниге ээ. Эгерде отурумда Төрага болбосо, Комитеттин Мүчөлөрү отурумдун алдында өз алдынча Төраганы шайлоого тийиш.

6.8. Комитеттин чечими ЯТ үчүн сунуштоочу мүнөзгө ээ.

6.9. ЯТ Айдоочуга Өтүнмө каралган отурум аяктаган күнүнөн тартып 2 күндөн кечиктирбей жыйынтыктоочу чечим жөнүндө билдирүү керек. Чечим Айдоочунун Өтүнмөдө көрсөтүлгөн электрондук почтага, же телефон менен чалуу же SMS жөнөтүү аркылуу жиберилет.

7. Комитеттин отурумун өткөрүү үчүн Айдоочуга талаптар

7.1. Өтүнмөнү берген жана анын Өтүнмөсү Комитетке өткөрүлгөн Айдоочу Комитеттин отурумунда катышуу үчүн төмөнкү талаптарды аткаруу керек:

7.1.1. Эгерде Комитеттин отуруму дистанттык түрдө өткөрүлсө, анда Айдоочу башка адамдар болбогон бөлөк жабык бөлмөдө болуп турушу зарыл;

7.1.2. Эгерде Комитеттин отуруму дистанттык түрдө өткөрүлсө, анда Айдоочу анын айланасын/ ал турган бөлмөсүн көрсөтүү керек;

7.1.3. Эгерде Комитеттин отуруму дистанттык түрдө өткөрүлсө, Айдоочу иштеген камера менен катышуу керек, анда Комитеттин катышуучулары Айдоочуну көрө алат;

7.1.4. Эгерде Комитеттин отуруму дистанттык түрдө жүргүзүлсө, анда Айдоочу кулаккап колдонушу керек;

7.1.5. Айдоочу Комитеттин отурумун видео жана аудио жазууга укугу жок;

7.1.6. Айдоочу өзүнүн мобилдик телефонун көрсөтүшү керек (аудио жана\же видео жазуу жүргөн жокпу);

7.1.7. Отурумдун башталышына чейин Айдоочу ЯТ менен конфиденциалдуулук жөнүндө келишимге кол коюу керек;

7.1.8. Айдоочу өзүнүн паспортун же айдоочунун күбөлүгүн ЯТ же Комитеттин Мүчөлөрүнүн талабы боюнча көрсөтүшү керек.

7.2. Айдоочу Эрежелердин 7.1-пунктунда көрсөтүлгөн кайсы болбосун талаптарды аткарбаса. ЯТ Айдоочуну Комитеттин отурумуна киргизбейт же Комитеттин отурумун Айдоочусуз өткөрүшү мүмкүн.

Документтин жарыяланган күнү: 15.11.2023

Документтин мурунку версиясы: https://yandex.com/legal/access_suspension/24032023

Документтин мурунку версиясы: https://yandex.com/legal/access_suspension/03032023